Технология/Инновация

Аскердик жаңылыктар: Баары үйүр-үйүр дронго ээ болгусу келет

15 декабря 2017 г. 19:16 1016

Үйүрү менен учкан дрон тууралуу согушкерлер эчактан бери кыялданып келет. Алардын тигиндей, же мындай дрондорду сынап көрдүк деп жарыялаганын да көрүп калабыз.

Ошондой сыноолордун эң көрүнүктүүсү 2016-жылдын октябрында болду окшойт. Анда F/A-18 Super Hornet учагынан жүздөн ашык Perdix үлгүсүндөгү кичинекей дрон учурушуп, биргеликте иш алып бара алышаарын байкап көрүшкөн. Америкалыктар Perdix дрон үйүрү менен 2013-жылдан бери алектенишүүдө. Негизги максаты 1000 машинадан турган үйүр түзүү. Бирок АКШда DARPA жана LOCUST деңиз аскердик изилдөө бөлүмдөрү иштеп чыгып жаткан Gremlins сыяктуу башка программалар да бар. Ал тургай жазында алар эки үйүр дронду бири-бири менен уруштуруп да көрүштү.

Жасалма интеллектин өнүгүшү, бир канча обьекттин автономдук кыймылда боло алышы жана аларды бири-бири менен байланышта кармай алуу учкучсуз майда аппараттарды аскердик максатта колдонуу кызыгуусун арттырды.

Жер менен бир учкан дрондор

The Drive басылмасынын маалыматы боюнча, АКШнын деңиз аскердик күчтөрү (ДАК) EA-18G согуштук учактарынын канат алдына «дрон салынган челектерди» жайгаштыргысы келет. Былтыркы жылдын октябрь айында ДАК Dash X үлгүсүндөгү бир гана дронду учак менен байланыштыра учуруп көрүп, натыйжага баары ыраазы болгон. Абада 10 саатка чейин жүрө алган бир жолу колдонулчу арзан дрон обьекттерди өз алдынча таап, координаттарын учакка жиберип турган. Келечекте бул өңдүү дрон үйүрү бир гана чалгын иштерин аткарып, душмандын радарларын таап, Асман Чабуулунан Коргонуу (АЧК) системаларын аныктоо менен чектелбей, сигналдарды буруп, адаштыруучу жасалма буталарды пайда кылууга жарайт деп күтүшүүдө. Алар ушунчалык жай жана жапыз учкандыктан, душмандын радарына илинбейт жана жер менен бир болуп учуп келип чабуул коюу сапатына ээ болот деген ишеним бар.

Бир үйүрдү чакан топторго бөлүп башкаруу да маанилүү

DARPA агенттиги болсо шаар ичиндеги кармаштарда жоокерлерге жардам бере турган дрон үйүрүн иштеп чыгуу максатында 7,1 миллион доллар которгон. Бул иш боюнча эки топ иштемей болду. Бирөөсү Raytheon BBN, экинчиси Northrop Grumman. Теория боюнча бул үйүрдө асмандан жана жерден жүрө турган 250дөн ашык машина болушу керек. Үйүрдү түзүүчүлөр негизинен аны оператор кандай башкараарын, маалыматты алардан кандай алып, буйрукту кандай бериш керек экенине көңүл бурушмакчы. Азырынча жаңсоо, сүйлөө, же баш ийкөө аркылуу башкаруунун системалары ойлонуштурулуп жатат. Үйүргө ар кандай тактикалык жүрүштөрдү автоматтык түрдө жасата турган өзгөчө алгоритмдер түзүлүүдө. Мисалы, капталдан (фланг) кирүү, же коопсуздук периметрин тактап берүү алгоритмдери. Оператордун бүтүндөй үйүрдү бирдей башкаруусу эмес, аны чакан топторго бөлүп башкара алуусу да жогору бааланат. Кыскасы, изилдөөчүлөрдүн айтымында азыр чоң үйүрдү башкаруу технологиясы жок жана азырынча жабык имараттардын ичинде гана ийгиликке жетип атышат. А чыныгы турмушта, айрыкча согуш абалында бардыгы ого бетер татаалдашат эмеспи.

Дрондор жоокерди октон калкалайт

Дрон үйүрүн шаар ичиндеги согуштарга пайдаланууда аналитиктер үч негизги колдонуу ыкмасын күтүүдө.

Биринчиси – имараттын ичин чалгындоо. Чабуул алдында имаратты дрон үйүрү курчайт да, ар бир терезени, эшикти, тешиктерди, чатырды карап, душмандарды издейт. Анан операторго жөнөтүлгөн маалымат боюнча душмандын жайгашуусу белгиленип, абадан жардам керектиги, же керек эместиги сыяктуу нерселер такталат.

Экинчи колдонуу ыкмасы – чабуул койгон күчтөрдү жашыра турган коюу түтүн. Бомба жана датчиктүү камералардан сырткары дрондор түтүн чыгаруучу шашкалар менен жабдылып, өтө коюу түтүн пардасын пайда кыла алышат.

Үчүнчүсү – душмандын соккусуна каршы коргон болуп берүү. Жоокерлердин алдынан учкан дрон дубалы биринчиден аскерди душман көзүнөн жашырса, экинчиден, атылган октордон жана бомба чачырандыларынан сактайт. Жүздөгөн дрон иштен чыгат деген күндө да, ар бир соккудан кийин заматта катарын толуктоо мүмкүнчүлүгү бар дрон коргонун жоокерлердин алдында бир канча убакка чейин алып жүрүүгө болот.

Жана эң негизгиси, дрон үйүрү кагылышуу башталганга чейин эле берилген алгоритмдин негизинде имараттын ичиндеги, же көчөдөгү көпчүлүктүн ичинен кимдин жоочу экенин, кимдин жөнөкөй жашоочу экенин, кимде кандай курал бардыгын тактай алат. Теория боюнча бул шаар ичиндеги кармаштарда карапайым калктын запкы чегүүсүн эң төмөнкү деңгээлге түшүрөт.

Бул жаатта DARPAнын баштапкы максаты – 15-30 мүнөттүн ичинде шаардын эки кварталындай аянтынан бутаны таап, анын зыянын жок кыла турган 50 жер жана асмандан жүрүүчү дрон үйүрүн түзүү.

Кытай 1000 дрондуу үйүрдү учурду

Айтмакчы, дрон үйүрүнө бир гана америкалыктар кызыккан жок.

Financial Timesтын билдиришинче, кокус Түндүк Корея менен жаңжал башталып кетсе колдонуу үчүн Түштүк Корея да дрон үйүрү баш болгон учкучсуз аппараттардын аскер бөлүмүн түзүүдө. Түштүк Кореянын коргоо министрлигинин айтуусунда, бул бөлүм 2018-жылы түптөлөт жана азыр аскер кызматкерлери дрон үйүрүн колдонуунун теориялык жагы менен таанышып жатат. Жалпыга маалым болгон чалгындоо жана жардыруу милдеттеринен сырткары, миңдеген өтө жөнөкөй жана арзан дрондорду душмандын кемесине, же учагына жабыштырып, анын эффективдүү иштөөсүнө тоскоолдук жаратууга болот деген кеп да болууда. Учкучсуздар бөлүгүн түптөөдө бул өлкө Израиль тажрыйбасын колдонуу аракетинде.

Жазында Кытайдын бир жеке компаниясы асманга 1000 дрондон турган үйүр учурган. А ошол эле жылдын июнь айында кытайдын China Electronics Technology Group компаниясы 119 дрондон турган үйүр учурду жана алар бирге иш алып баруу жөндөмү бар экенин көрсөттү. Америкалык аналитиктердин ою боюнча, Кытай азырынча бул технологиянын артыкчылыктары менен кемчиликтерин гана таразалап, саны көп бирок арзан дрондордон турган үйүрдү башка өлкөлөрдүн кымбат баалуу жана техникалык жактан мыкты жабдылган аз сандагы дронуна каршы коюуну көздөйт. Анан калса, согуштук технологиялар менен жарандык технологиялардын айрымасы анча билинбей калган азыркы убакта, дүкөндөрдө сатылып жаткан кытайдын жарандык дрондору жасалма интеллектин башкаруусу менен жүрө турган чабуулчу үйүргө айланып кетиши мүмкүн. Кытайлыктар азыр дрон үйүрлөрү менен душмандын ракеталарына чабуул коюуну компьютер аркылуу чагылдырууда.

Коркунучтуу жактары да бар

Rude Baguette булагынан алынган маалымат боюнча, Франция менен Улуу Британия деле абада 6 сааттан ашык жүрүп, жасалма интеллект менен башкарыла турган 250 дрондуу үйүргө ээ болгусу келет. Үйүрдү чалгын иштери үчүн колдонгондой эле, радиоэлектрондук күрөштө да курал катары колдонсо болгудай. Аларга курал, же жардыргыч орнотсо да болот. Rude Baguette дрон үйүрүн колдонуу технологиясы террористтердин, же авторитардык мамлекеттердин колуна тийип калса башка өлкөлөргө коркунуч жаратышы мүмкүн деп кооптонот.

Илья Плеханов