Батыш

​Баланы шыктандыруунун 6 ыкмасы

15 декабря 2017 г. 19:07 2633

«Сен эч нерсеге кызыкпайсың», «акыры бир нерсе кыласыңбы же жокпу» деген сөздү ата-энелер көп айтат. Балдарыбызды кантип кызыктыра алабыз?

Биз баланын кызыгуусун каалайбыз. Бирок ал эмнеге кызыгышы керек? Анын бир нерсе менен алектенишине кызыкдарбыз. Бирок эмне менен? «Эмне кылсаң да, кечке телевизор тиктеп отурбачы», - деп коюу жетишсиз.

Эмесе, психология илиминин доктору, бала тарбиялоо борбору жана балдар менен иштөө клиникасынын мүдүрү Алан Каздиндин (Alan Kazdin) балдарды керектүү нерселерге кызыктыруудагы алты кеңеши:

Максат коюу

Балага үйрөтөйүн деген нерселердин тизмесин түзүңүз. Ал үчүн баланы сыноо сабактарына алып баруу керек. Мисалы бий, музакылык аспаптар, илим, багбанчылык тууралуу түшүнүк ала тургандай жерлер. Сиз ошондо балаңыз эмнеге кызыкканын, эмнени ага тереңирээк үйрөтүү керек экенин байкай аласыз.

Кызыңыз айбанаттарды жакшы көрөбү? Уулуңуз жеке таймашуу чеберчилигине кызыгабы? Эмне үчүн? Бул кызыгуунун маңызында эмне жатканын болушунча так аныктаганга аракеттениңиз. Кызыңыз мисалы, айбанаттарды асыраган жерге волонтёрлукка, же ат мингенди үйрөнүүгө барышы мүмкүн. Уулуңуз кунг-фу жөнүндө көбүрөөк билүүнү, же тасма тартууну каалашы мүмкүн.

Талаптарды коюу

Балага башынан акылга сыярлык, аткарууга анча татаал эмес талаптарды коюу өтө пайдалуу. Мисалы үйдө аткарылчу кээ бир иштер менен милдеттендирүү зарыл. Бул чарбаңызга анча киреше бербесе да, мамилелериңиз үчүн аябай зарыл. Бала да эмне каалап жатканыңызды жеңилирээк түшүнөт.

Баланын шыгын бара-бара адатка айлантса болот. Чоңойгон сайын милдеттерин арттырып кете берсеңиз, турмушка активдүү аралашуу керек экенин эрте баамдай баштайт. Бул түшүнүк болсо бара-бара пассивдүүлүккө жана кызыкпоого каршы чоң күчкө айланат.

Үлгү болуу

Ата-энелер акыл-насаат айтканга көнүп, үлгү болууга анча көңүл бурушпайт. Бирок ата-эне үлгүсү балага эң күчтүү таасир берээрин унутпаш керек.

Сиз баланын мүнөзүн, кызыгуусун жана шыгын калыптоодо өз турмушуңузду үлгү кылсаңыз жарашат. Эгер үйдөн сырткары жердеги бир нерсени жакшы көрсөңүз, мүмкүн болушунча балаңызды кошо ала жүрүңүз. Музей, коомдук, же саясий иш-чара, спорт, волонтёрлук болсун, деги эмне экени анча маанилүү эмес. Биринчиден – аны шыктандырасыз, экинчиден – мамилени бекемдейсиз.

Албетте, дүкөндөн азык-түлүк алуу, короо жыйноо сыяктуу үйдөгү күнүмдүк нерселерди аткаруу да ошол эле максатты көздөйт. Бирок биз бул макалада баланын кызыгуусун аныктоо, кандайдыр бир жөндөмүн же шыгын өрчүтүү үчүн ушундай аракеттерге аралаштыруу маселесин карап жатабыз. Мунун баары баланы үйдөн чыгарып, өз алдынча бир нерсеге аракет кылуу сапатын жандантат. Ал эми сиздин бул ишке тикелей катышууңуз балага баа жеткис таасир берет.

Жөндөмдөрдү өөрчүтүү

Баланын көптөгөн жөндөмүн жеке үлгүсүз деле өөрчүтсө болот. Бирок ага жаңы нерсе жана өнөр үйрөтүп, жаңы ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү өтө маанилүү. Балким балаңыз буга бир топ жыл коротушу мүмкүн, бирок жасалган мээнет убакты-сааты келгенде мөмөсүн берип, турмушка жеңил аралашып кетүүгө сөзсүз жардамын тийгизет.

Музыка – тиешелүү аспаптарда ойноо, футбол болсо топ тебүү менен эле чектелбейт. Балаңыз концерттерде, мектеп оркестринде, футбол командасында ойноп жүрүп, башка музыкант жана футболчулар менен таанышат. Андан сырткары тренинг, мастер-класс жана семинарларга катышуу аны жетилтип, шыктантат жана максат коюп, ага жетүүнү үйрөтөт. Сабактан сыркаркы нерсенин баары балаңызда эргүү жаратат.

Байкатпай багыттоо

Бардыгына көңүлсүз баланын бир нерсеге кызыгуусун кантип ойготобуз? Буга өтө кылдаттыкта, тажатып албоо менен, боло калган мүмкүнчүлүктү коё бербөө менен жетесиз.

Биз чечимибизге таасир берген майда-чүйдө нерселерди көбүнчө сезбейбиз. Мээбиз дайыма арты-артынан келип жаткан маалыматтар менен алек. Алар зээнибизде из да калтырбашы мүмкүн. Алан Каздин: «Изилдөөлөр учурунда сканерленип жаткан мээ маалыматка жооп кайтарып жатканын көрчүбүз. Бирок кишинин өзүнөн «Эмне болду?» деп сурасаң «эч нерсе» деген жооп аласың. Изилдөө учурунда жандырмакты билгизбегенде да, адам аны чечим үчүн колдоноорун аныктадык. Мисалы, тазалоочу заттардын жыты өтө назик берилсе да киши отурган жерин ирээттеп кирет. Андан «Эмнеге жыйнадың?» деп сурасаң, жыт жөнүндө айтпай эле, ага тиешеси жок жүйөө келтирип койот».

Китептер, журналдар, колдонууга даяр музыкалык аспаптар сыяктуу шыктандырган нерселер дайыма баланын көзүнө урунуп турсун. Ал үчүн атайын аракеттин деле кереги жок, болгону ар кайсыл жерде жатсын. Мындай ыкма олуттуу натыйжа бериши мүмкүн, бирок бала алар менен өзү алектенип баштаганы маанилүү.

Мисалы, кызыңыз журналга көз чаптырып койору менен шарт кирип келип: «Сен бул сүрөттөрдү көрдүңбү? Шумдуктуу экен ээ? Мен бул көргөзмөгө барганга дем алыш күнгө билет алдырып койдум», - деп бакылдап баштаганыңызды элестетсеңиз. Муну менен сиз баланын кызыгуусун өлтүрүшүңүз мүмкүн.

Баланын нерселер менен өзү байланышып кетүүсүнө мүмкүндүк бериңиз. Алар менен эмне кылыш керек экенин көрсөтүүдө сездирбей туруп үлгү болгонуңуз жакшы.

Баарлашууну кубаттоо

Балаңыз үйгө досторун чакырса кубаттаңыз. Сиздин үй досторго ачык болсо, бул адат үй-бүлөңүздүн көңүл чордонуна айланып, балага күчтүү жана туруктуу таасир берүүгө мүмкүндүк берет.

Өспүрүм кезинде балдар сизди досторунан ажыраткысы келет. Бирок балаңыздын жаңы дүйнөсүн кабыл алсаңыз, мындай чоочундуктан кутула аласыз. Мында сиз аны баласынтпай көзөмөлдөп, коргоп калганга мүмкүндүк аласыз. Үйдөн сырткары жерде курдаштары ага терс таасир берген учурда, балаңыз ага туруштук берип кете алат.

Үйдөн сырткары жерде бир нерсе кылганы жатсаңыз балаңызга досторунун бирин ээрчитип алууга уруксат бериңиз. Аларга бул иш сизге жагаарын көрсөтүңүз. Бара-бара балаңыз сизсиз эле керектүү нерселерди тандап, өзү бир нерселерге артыкчылык бере баштайт. Эгер досторун үй-бүлөңүзгө кабыл алсаңыз, анда балаңызды басынтпай, сизди же курдаштарын тандаганга мажбурлабай, өмүр бою аны менен жакшы мамиледе болууга алгачкы кадамды таштаган болосуз.

Айнура Чолпонкулова