Саясат

​Олигархтарынын акчасын Казакстанга ким кайтарып берет?

14 декабря 2017 г. 14:27 1633

Германиянын Дрезден шаарынын бейөкмөт уюму Казакстандын коррупцияга каршы агенттигине чет өлкөдө “арам акчалары” бар чиновниктер тууралуу документтерди берди. Эми эмне болот?

Мамлекеттик кызмат жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин төргасы Кайрат Кожамжаров генералдык прокурор кызматына которулаарына үч күн калганда, 8-декабрда оффшорлордо миллиарддаган доллар катып жаткан мурунку чиновниктердин тизмеси тууралуу сөз кылды.

Кожомжаровдун айтымында тизмеде бир канчасы чет өлкөдө качып жүргөн 53 киши бар. Алар сыртка чыгарып кеткен каражат 8 млрд доллардан ашык.

Премьер-министр чече албаса Назарбаев чечеби?

Андан эки күн мурун 6-декабрда Нурсултан Назарбаев казак компаниялары сыртка чыгарып кеткен акчаларды кайтарышпаса, каражаттарды өзү кайтараарын айткан. Кантип? Мамлекет башчы компаниялардын акчаларына “үйдө” коопсуз болуш үчүн мыйзамдык кепилдиктер берилет деген. Ал башка өлкөлөрдө сакталып жаткан каражаттар кайтып келиши үчүн чара көрүүнү өкмөткө табыштаган. “Ойноктоп башка өлкөлөрдө яхталарды, коттедждерди, үйлөрдү сатып алышкан. Биз эч кимди текшербей, акча таап алсын дедик... Мен эскертем. Эгер премьер-министр чара көрбөсө, мен буга өзүм киришем”, - деген казак ажосу.

Андан бир апта мурун учурда Европада жашаган, азыр оппозициядагы Казакстандын экс премьер-министри Акежан Кожагельдин казак бийлигинин коррупцияга каршы аракеттерин “фикция” деп баалаган. Ал мурунку министр, учурда “КазМунайГазды” башкарган Сауат Мынбаевдин Швейцариядагы, Германиядагы жана Мэн аралындагы эсептери тоңдурулбаганын мисал кылган. Кожагельдин казак оппозициясынын Дрездендеги бейөкмөт уюмунан Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана коррупция менен күрөшүү агенттигине казак “ханзаадаларынын” байлыктары тууралуу маалыматты берүүсүн суранган.

“Казакгейт” – “арам акчаларды” кайтаруу тажрыйбасы

Сыртка чыгарылган каражаттарды кайтаруу ушунча күндемге келген соң “бийликтин бул акчаларды кайтарууга күчү жетеби, буга эмне тоскоол болот?” деген суроо жаралат.

Жогоруда аталган Дрездендеги казак оппозициячыл бейөкмөт уюмунун башчысы Серик Медетбеков “арам акчалар” тууралуу маселе эми гана көтөрүлүп жаткан жок деп эскерет. “Астана бул маселеде кадамдарын эл аралык тажрыйбага жараша таштоосу керек. Казакстандын “Казахгейт” деп аталган чуулгандуу ишке байланыштуу “Бота” фонд аркылуу каражаттарды кайтарып алган тажрыйбасы да бар. Ошол учурда калыптанган схеманы иштетсе болот”, - дейт ал.

Ал кандай схема? “Евробиримдиктин дээрлик бардык мамлекеттеринде коррупцияга каршы мыйзамдар кабыл алынган. Казак укуктук мекемелери мындай мыйзамдарга таянып, тиешелүү өлкөгө кайрылып, бул сыяктуу акчаларды тапса болот. 2016-жылы дүйнөнүн абройлуу банктарынын жетекчилери Германияда чогулуп, мындай акчалардын которулуусун айкын кылалы деп келишишкен”, - деп баяндайт Медетбеков.

Мындай каражаттар табылган банктардын жетекчилерине, тиешелүү мамлекеттердин коррупцияга каршы мекемелерине бул эсептерди тоңдуруп койгула деп кайрылуу керек дейт оппозициячы. “Биздин республиканын башкы прокурору бул өлкөлөрдөгү кесиптештерине жардам сурап кайрылышы зарыл. Казак соту бул каражаттар кантип табылганы тууралуу чечим чыгаруусу шарт. Коррупцияга тиешелүү мыйзамдар Казакстандыкы менен айкалыштырылган деп айткан Нурсултан Назарбаевдин сөзүн да унутта калтырбоо керек”, - дейт Серик мырза.

Кагаздар коррупцияга каршы агенттикте

Казакстандан ташылып чыккан күмөндүү каражаттар тууралуу документтерди коррупцияга каршы агенттигине жөнөткөнүн Серик Медетбековдун уюму кабарлады. “Биз бул документтерди түрдүү булактардан алдык. Анда чоң аткаминерлердин ысымдары бар. Бул документтерге кирген каражат 4 млрд доллардын тегерегинде”, - дейт Дрездендеги уюмдун жетекчиси.

“Кайрат Кожомжаров агенттиктен кеткени менен башкы прокурорлук макамга барды. Биз агенттиктен жооп алабыз деп күткөн жокпуз. Бирок анын жетекчилери эртең коррупцияга каршы аракет кылуу үчүн эч кандай документ алган жокпуз деп тана албайт”, - деп баса белгиледи Серик Медетбеков.

Ошол эле учурда дрездендик бейөкмөт уюмунун жетекчиси Астана чечкиндүү аракеттерге барат дегенден алыс. “Документте президенттин тегерегиндеги кишилердин ысымдары бар. Ошондуктан каражаттардын кайтуусун чиновниктер да, укук коргоо органдары да каалабайт. Балким Нурсултан Назарбаевди бүгүн-эртең кетет деп, жанындагылары анын тикелей буйруктарын да аткарбай калган чыгар”, - дейт Медетбеков.

Акчаны кайтаруудан да маанилүү нерсе

Казакстандык саясат таануучу Пётр Своик да жогорудагы схема менен каражат кайтарылаары күмөн деп эсептейт. Албетте, бийлик бир канча болсо да каражаттын кайтып келүүсү үчүн олигархтарды коркутуп жатат.

Каражат кайтаруу маселеси президент жакында сунуштаган демилгеге салыштырмалуу анча маанилүү эмес. Ажо чет жакка акча чыгарууну толук токтотууну сунуштаган.

“Бир тараптан карасаң дүйнө боюнча офшорлордон акчалар сүрүлүп чыгарылууда. Экинчи жагынан Казакстанга каражат жетпей жатат. Теңге менен экономиканын туруктуулугу Улуттук фонддон (УФ) бөлүнгөн каражаттар менен камсыздалууда. Быйылкы бюджеттин үчтөн биринин көбү салык эмес, УФнын каражаты. УФнын сарптоосу толукталуусунан эки эсе жогору. Быйыл 4,4 трлн теңге коротуп, бирок 2,2 трлн теңгеге гана толукталган”, - дейт Пётр Своик.

Өлкө жетекчилиги эмне деп жатканын өзү да терең түшүнө элек. “Олигархтардыкы менен бирге ири казак компанияларынын каражаттарын офшорлор аркылуу которууну токтотуу – чыныгы төңкөрүш. Экспортко багытталган өндүрүмдүн соодасын 1-январда Астанада ачылат деп жаткан эл аралык каржы борборуна которуу керек”, - дейт ал.

“Бул кадам Казакстанда акча жетишсиздиги маселесин толугу менен чечет. Бирок бийлик мынчалыкка бара албайт. Баары кандайдыр бир чет өлкөлүк эсептерден, кимдир бирөөнүн акчаларын кайтаруу менен жана жаңы ачылган борбордун иштемиш болуусу менен чектелет”, - деп божомолдойт Пётр Своик.

Deutsche Welle