Орусия

Таш ыргытсаң коррупционердин башына тиет

14 декабря 2017 г. 12:15 1232

Бизде тендерлер кандай өтөт? 11 машинаны 100 миң долларга оңдотобуз деген кылмышка жатабы? Бажыдан 180 млн доллар жоготуу чоң кылмышпы, же Эсеп Палатасынан 13,5 миң доллар жоготуу чоң кылмышпы? ЖКга сууну ким сатат? Мунун баарын Алмамбет Шыкмаматовдун кайрылуусунан окуңуз...

- Урматтуу прокурорлор. Келгиле, бир окуяны элестетип көрөлүчү. Эсеп палатасы жеке жарандардын арасында (физ лиц) тендер жарыялады дейли. Сот департаменти ушундай болгон деп атпайбы. Жеке жарандардын арасынан автомашина сатып алууга тендер өткөрмөй болушту. Муну менин аялым укса барып катыша алат беле? Катыша алмак. Мамлекетке мүлк сатып алуу боюнча ошол кездеги мыйзамда «Кызыкчылыктардын түздөн-түз конфликти болбош керек» деп жазылып турат. Тагыраак айтканда, чечим кабыл алуучу субьект тендерге катышуучулардын жакын тууганы болбош керек. Мына ушуну «кызыкчылыктар конфликти» дейт. Мунун баары мыйзамда таптак, ак кагазга кара тамгалар менен жазылган. Башкача түшүндүрмөсү жок. Жакын тууган менен кызыкчылык конфликти болбош керек. Прокурорлор мени менен бир тууган болбошу керек, сиз (сот) мени менен бир тууган болбошуңуз керек. Мына ушуну кызыкчылыктар конфликти дейт. Ошондуктан аялым кадимкидей, легалдуу түрдө барып «Мен машинамды сатам. Алып койгула, бул аябай жакшы машина. Силерге жакшы кызмат кылат. Мага 13 500 миң доллар берсеңер эле болду. Өзүнүн баасы ушул» деп айтып, тендерди ута алмак. Эми гепотетикалык жактан ушундай болсо эмне мыйзамды бузууга жатмак беле? Жок. Эң негизгиси ал чечимди мен чечпешим керек.

А эмне ошол тендерде чечимди мен чыгарыптырмынбы? Жок. Кана кайсы жерде мен чечиптирмин? «Ой ал келчү бизге. Чай берчү, тамакка чакырчу. Ушунтип оокат өтпөй атат, сатып алып койгулачы деп жүргөн» деп бирөө айтат эле да. Жетөөнүн бирөө айттыбы? Баары тең «Шыкмаматовдун аялы машинасын сатыптыр» дегенди кийин ЖМКлардан окудук» деп айтып атпайбы. «Көрсө ошол Шыкмаматовдун машинасын биз айдап жүргөн турбайбызбы» деп атышпайбы. А мен машинаны тааныгандан кийин аялыма айткан эмесмин, эмне кереги бар? Деги ал эсептөө палатасына машинасын сатса деле, ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок го. Же эмне ал жетимби? Же куугунтуктагы, жарандыгы жок неме беле сата албагыдай? Ал сата алмак. Тендерге катышып, ута да алмак. Ой чынында эле ал утмак. Беш машинанын ичинен көргөндөр айтмак «Сонун машина экен, Айдаров экөөнүкү, Мергентайлар үчөөнүкү, алгыла ушул үчөөнү» деп. Жана бул адилеттүү эле чечим да болмок. Мыйзамда «Кызыкчылыктар конфликти болбош керек» деп гана жазылып турат. Болду. А бул жерде андай жок болуп атпайбы. Мен эмне кол коюпмунбу, же чечим чыгарыпмынбы? Эгер кол койгон кишини издесеңер, ал Чормонов. Мына прокурорлор деле «5инде документтерди ачуу мөөнөтү бүтсө, ал 6сында кол койгон» деп айтып атат. Каякка шашат ал? Демек Чормоновдун кызыкчылыгы бардыр. Же эмне аны мен кыйнаптырмынбы? Чормонов менен Жаныбеков 4 жылдан бери достошуп жүрүптүр го. Бири-бирине конокко барышчу. Чормонов тигинин кызынын мерседесин оңдотуп бериптир, а бул болсо ага эмгиче 1000 долларын бере албай жүрөт. Мен муну мындай абалды түшүндүрүү үчүн айтып атам. Эми бул жерде менин кызыкчылыгым кайда? Эгер кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы болсо, анда бир гана Чормоновдуку болушу мүмкүн. Анан раматылык Жаныбековдуку болушу мүмкүн. А менин кандай тиешем бар? Айтып атам го, аялым саткысы келсе тияк-бияктан айлантпай эле, түз эле сатмак.

Мына мисалы, Жогорку Кеңеште мен депутатмын. А биз ал жерде депутаттын аялы саткан сууну ичип отурабыз. А биз эмнеге аны камабайбыз? Себеби бул бизнес. Ал тендерге катышып, утуп алуу укугу бар, эгер ошол депутаттын өзү тендердин комиссиясында мүчө болбосо. А эмне болбойбу, эң сонун болот. Же президенттин жакындары эми соода кылса болбойбу? Мамлекеттин башчысы аларга жардам берип атат дейбизби? Эгер ал чындап жардам бербесе, Кудай жалгасын. Мыйзам ошондой да. Менин аялым үчүн деле ушундай. Менин түздөн-түз кийлигишүүм болбосо, анда ал да сата алат. Кандайдыр бир жоготуу болдубу? Кандайдыр бир кылмыш, кыянаттык, жамандык болдубу? Мамелкет 700 000 сом үнөмдөдү.

Урматтуу прокурорлор, урматтуу сот, силер билесиңерби, мына ушул тендерден кийин дагы бир тендер өткөн. Мен ал кезде Юстиция министри болчумун. 3 машина сатып алышкан. Инфинити, мерседес 500, анан мерседес 280. Ар бирин 900 000 сомго алышты. Бул эми абсурд эмеспи. А эмнеге ага тийишкен жок. Себеби... Шыкмаматов ал кезде Юстиция министри болуп кетип калган да. Байлынышы жок болуп атат. А бул жерде 700 миң үнөмдөлүп атса жоопко тартып, берки тендерди карашкан жок. Мисалы да.

Анан негизи эле жемкорлук менен күрөшүү мындай жүрбөйт. Урматтуу прокурорлор, урматтуу шаардын прокурору, жакында эле бир тендер өттү, 12 млн долларлык обьектти 2 млн долларга сатып жиберишти. 10 млн доллардан мамлекет, биз, баарыбыз куру калдык. 10 млн доллар кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түштү. Мына, коррупция кайда жатат! Бул жерде эмес. Биз бул жерде ушул процесстерди өткөрөбүз деп жөн эле салыктан түшкөн акчаларды, момунча кишинин айлыгына берилчү акчаларды коротуп атабыз. А жемкорлук тиякта жүрүп атат. Кыргыз Темир жолу 11 машинаны ремонттош үчүн 100 миң долларлык тендер жарыялады. Арасында базарда 2000 доллар турган Ауди-100 жүрөт. Тендердик комиссия болсо 2500 долларга оңдотобуз дейт. Мына коррупция, мына күрөшө турган жер, мына жоопко тарчу кишилер! Шыкмаматов эмес. Мыну ушулар менен эле бул иштин абсурд экени көрүнүп турбайбы.

Ошон үчүн айтаарым, бүгүнкү кылганыңар өмүр бою силердин ар-намысыңарда калат. Мындай болбойт да. Азыр коррупция деген укмуш көп. Эгер өлкөнү тартипке келтирип, коррупционерлерди отургузам десеңер, ой сыртта жайнап жүрөт. Туш тарабыңан далилдерди көрөсүң. Айтып атып тил тешилди. Коррупцияны азыр эң жөнөкөй эсеп менен эле чыгарып койсо болот. Биздин ИДӨбүз 500 млрд сом. Анын 30 пайызы көмүскө экономикада. Бул деген урматтуу прокурорлор, жылына 150 млрд сом эл ичинде көмүскө айланып жүрөт деген сөз. А көмүскө экономика деген эмне? Бул жанагы салыктан катып жүргөн нерселер. Эми ушунун болжол менен 20 пайызы эле пара берүү менен бүтүп атат десек, анда жылына мамлекетке 30 млрд сом зыян тийип атпайбы. Мына силерге жемкорлук! Келгиле андан көрө ушуну менен күрөшүп, статистикалык көрсөткүчүн ылдыйлаталы. Бажыда 9 млрд долларлык товар көмүскө өтүп атат дейт, эми анын 20 пайызын эле пара деп эсептесек, анда жылына 180 млн доллар кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөн болуп атпайбы. Мына коррупция жаткан жер! Мына ушу жерде сурак берип турчу кишилер. Мунун баарын айтып аткан киши эмес, ошолор турушу керек эле. Мына жок жерден ойлоп табылган абсурддук иш деп атканым ушундан.

Эгер урматтуу прокурор ушул 5 машинанын баары бирдей жылда чыккан, бирдей техникалык абалдагы, бирдей машиналар болуп, анан 4өө 11 миңге сатылып, меники эле 13-14 миңге сатылган болсо, анда мен чындап эле жерге кирип кетчүдөй болуп отурмакмын ушул жерде. Ошондо «Эмнеге башкалар 10 миңден сатылса, сеники эле 14 болуп калат?» деп айтат элеңер. Бирок, андай болгон жок да. 13 500гө бааланды. А силер болсо биринчи абадан бомбалагандай кылып, теле-радиолордон, гезит-журналдардан (ЖМК) «Ой өзүнүн машинасын эсеп палатасына сатыптыр, анан кайра эле өзү айдап жүрөт» деп жарыялап жаман көргөздүңөр. Мындай болбойт да туугандар. Атамбаев да бир жолу «Жалаа тараткан киши бир тууганынын этин жегенге барабар» деп айткан. Анткени ал да жашоосунда жалаага кабылган да. Ошондон улам жаны кашайып айткан. Анын сыңарындай, бул жерде да жалаа болуп атат.

Эсиңиздерде болсо, «Алманбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсеп палатасында иштеп турганында тендерди бузуп, аялынын машинасын өкмөттүк мекемеге саттырып алдырган» деп 2017-жылдын 17-февралында айып коюлган. Ошону менен анын соту бүгүнкү күнгө чейин созулуп, 13-декабрда прокурор 8 жыл эркинен ажыратууну суранды. Бул ЖКнын депутаты, «Ата Мекен» оппозициялык фракциянын азыркы лидери А. Шыкмаматовдун соттогу сүйлөгөнү...