Батыш

​Чочулоо жана ишенбестик: Дүйнө өзгөрүү алдында

13 декабря 2017 г. 18:51 1194

Бийликке ишеним кризиси, келечектен күмөн саноо жана жеке чөйрөнүн тарыганы коомдогу чочулоо тренддеринин негизкилеринен болуп калды.

Заманбап коомдун социалдык, экономикалык, саясий жана технологиялык турмушун изилдеген Ford Trends Report уюмунун 2018-жылга карай жүргүзгөн изилдөөсүн карап, дүйнө глобалдуу өзгөрүү алдында турат деген чечим чыгарса болчудай.

Изилдөө келе жаткан жылдын негизги тренддерин алдын-ала билүүгө аракет кылып, 10 өлкөдөгү 18 жаштан ашкан 9000 кишини сурамжылаган.

“Биз өтө кызык мезгилди башыбыздан өткөрүп жатабыз. Өзгөргөн артыкчылыктар, саясий жылыштар жана социалдык теңсиздикти терең түшүнүү буга чейинки туруктуулукту бузуп, көпчүлүк алдастап турган чагы. Бүт дүйнөдө адамдар бири-биринен качып, жалгыздап калган сыяктуу. Бир тарапта заманбап жараяндарды туура деп, алар жакшы багытта баратат дегендер. Экинчи жакта өкүнүү, тынчсыздануу жана ишенбестик”, - деп белгилейт Ford Motor компаниясынын божомолдоо боюнча адиси Шерил Коннели.

Ишеним кризиси жана бренддердин саясатташуусу

Дүйнөнүн бардык жеринде эл өзгөрүүлөрдөн чочуп турат. Изилдөөдө мамлекеттик институттарга ишеним төмөндөп, көптөгөн аймактын саясаты башаламан деп айтылган. Бир жагынан заманбап популярдуу маданият да калкты кызыктырбай калды. Элдин көбү кимге ишенип, эмнеге үмүттөнөөрүн билбейт. Бул коомдо чочулоо пайда кылып, жаңы абалга ыңгайлашуу аракетине түртүүдө.

“Мен өзгөрүүлөрдүн агымына капташкансыйм”, – дегенге дүйнө жүзүндөгү 66% жашоочу макул. Бразилиянын 78, АКШнын 72, Англиянын 67, Германиянын 58 пайыз эли иденттик (өзүнүн ким экенин аныктоо) кризисинде экенин айткан. Өлкөсүндө башкаруу кризиси бар экенине бразилдердин 91, америкалыктардын 80, англичандардын 74, австралиялыктардын 72%ы макул.

“Кишилер башкача көз карашка чыдамы жок” экенин Бразилиянын 91, АКШнын 80, Австралия менен Индиянын 77, Англиянын 75 пайызы тастыктаган.

Коомчулук социалдык, расалык жана гендердик теңсиздиктен жадаган. Жакырчылык көйгөйлөрүн изилдеген Oxfam эл аралык уюмунун маалыматы боюнча, учурда 1% киши калган 99% адамзаттын байлыгынан ашып түшкөн каражатка ээ. Аялзатынын маянасы эркектикинен орточо 24%га аз.

Бай менен кедейдин ортосундагы ажырым чоңоюп бара жатканын 81% киши байкаган. Мындан бразилдердин 87, немистердин 85, канадалыктардын 84, индустардын 83, кытайлардын 81 пайызы чочулайт.

Коммерциялык эмес TED фондунун эксперти Карим Абуэльнагдын ою боюнча, бул абалды ашып өтүүгө бардык коом үчүн ачык, сапаттуу билим жардам бермек. Бирок 1%ды түзгөн ашкере байыгандар абалдын өтө кооптуу экенин сезбегендиктен, теңсиздик барган сайын артып бара жатат. Натыйжада батыш дүйнөсү телегейи тегиздер менен жакырлардын радикалдашуусу, андан да жаманы, жарандык согуш кокунучу менен бетме-бет калуусу мүмкүн.

Саясий активдүүлүк жеке менчик ишканаларга чейин кирип кеткен деп белгиленет изилдөөдө. 2016-жылы кээ бир ири соода-сатык мекемелери шайлоо күнү жабылып, кызматкерлерин АКШ президентине добуш берүүгө багыттаган.

Ошол эле учурда керектөөчүлөр да бренддерден (белгилүү өндүрүүчүлөр) коомго керектүү маселелерде тигил же бул тарапка өтүүнү талап кыла баштады. Ford ишканасынын сурамжылоосуна жооп берген элдин 45%ы ушундай болуш керек деген. 56%ы коомдук пикирди колдобогон маркадан бир нерсе алгандан көрө, “тууралыкты” карманган маркадан ошол эле буюмду эки эсе кымбат алганым артык деген.

Коркуу жана фобиялар

“Жумушуман ажырап калам” деген фобия (негизсиз коркуу) эң күчтүү коркууларга кирет. 18-29 жаш аралыгындагылар келечекте кесипсиз калышым мүмкүн деп арызданган. Анткени технологиялык жаңылануудан улам, салттык жумуш орундары бир заматта жок болуп кетип жатат. Сурамжылангандардын 51%ы мындай фобиясын моюндаган.

TED фондун негиздеген жана жетектеген Эспаа Ал-Шафей экономиканы мындан да нары санариптештирүүдөн жумушсуз калгандар болбош керек деген ойдо. Технологиялардын өнүгүүсү менен бирге аралыктан кайра окуп, башка жогору маяналуу жерге орношуп кетүү мүмкүнчүлүгү да артат деген үмүттө Эспаа айым.

Технологиялардын ыкчам өнүгүүсүнөн улам адамдар ага ыкташа албай, маанайы чөгүп бараткан сыяктуу. Сурамжылангандардын 52%ы жасалма интеллектин адамзатка пайдасынан зыяны көп болот деген ойдо. Индия жана Орто Чыгышта бул пикирге 61, Англия, Канада менен Австралияда 56, 54 жана 53% киши кошулат.

Адамга түшүнүктүү, өзүн-өзү башкарган унаа анча коркутпайт. Аларга кытайлардын 83, индустардын 81, бразилдердин 75%ы макул.

Өздүк маалыматтардын тарап кетүүсүнө тиешелүү фобиясы да күч. Эркектердин 43 жана аялдардын 34 пайызы гана өзү тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө даяр. Кытайда 78, Англияда 65, АКШ менен Австралияда 64, Канадада 60 пайыз киши “Мен тууралуу маалымат интернетте ачык эле жатканынан тынчсызданам” деп жооп берген.

“Компаниялардын мен жөнүндө көп нерсе билгени чочутат” деп 76% АКШлык, 74% британ, 73% канадалык менен австралиялык, 67% германиялык айткан.

Улуу депрессия

Коомдогу тынчсыздануу психикалык мандемге алып келет. Эл аралык ден-соолук уюму депрессия эпидемиясы тууралуу жар салды. Ford сурамжылаган элдин 73%ы өзүнүн сезимдик саламаттыгы тууралуу кам көрүүсү керек экенин айткан. Жаш курагына келсек, бул маселе 19-29 жаш курагындагылардын 82%ын тынчсыздантат. Эң көбү Кытайда 90%, андан кийин Индияда 86%, Бразилиянын жаштарынын 80%ын кооптонот.

Респонденттер (сурамжыланган кишилер) стресстин көбөйүүсүнө, уйкунун азаюусуна кишини өзүнөн күмөн санаткан соцтармактарга арызданышкан. Мында 45 жаштан жогоркулардын 12%ы гана жашоосунан күмөн санаганы, 30 жаштагыларда күмөн 31%, 18-29 жаш курагындагыларда бул көрсөткүч 41% экенин айта кетүү керек.

Алексей Сивашенков, Forbes Staff