Экономика

Бизнес үйрөнчүктөрү үчүн маанилүү кеңештер

13 декабря 2017 г. 18:52 1284

Базар менен инвесторлорду кандай баалап, ар бир стартаптын башында туш келчү кыйынчылыкты кантип жеңиш керек.

Стартаптарды туура баштоо жана өнүктүрүү тууралуу, менимче, диета кармоо менен бала тарбиялоодон кем эмес эмгек жазылып, көп китеп сатылды окшойт. Аларды карап отурсаң «туура баштоонун» оор-жеңилинен тартып, эң майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүргөндөрү бар. Бирок менин мурдатан эле байкаганым боюнча, дайыма эле ийгиликке жеткире берчү схема менен укмуштай таптак белгиленген инструкция деле болбойт. Ийгиликке жетишкен кайсы долбоорду, же компанияны караба, өзүнүн башкалардан өзгөчөлөнгөн жолун таап басып өткөн болот. А сызга отургандардын тарыхын карасаң, кудум балеттеги балериналардын кыймылындай опокшош.

Эмесе төмөнкү белгиленгендердин көпчүлүгү силерге тааныш сезилет деп ойлойм. Ушундан улам бул макалам жок дегенде эки-үч кишиге жетип, эң эле жөнөкөй делген каталардан сактап кала алса, анда мен бир канча саатымды, сиз болсо беш-он мүнөтүңүздү текке кетирбеген болосуз.

Кыйынчылыктарга даяр болуңуз

Жашоосунда биринчи жолу стартап баштагысы келген кишиге алдыда өзүңүздү да, ал тургай жакындарыңызды да, бир канча жылга чейин созулган санаага, жокчулукка, мөөнөтү жок кыйынчылыкка, өп-чап айлыкка, стресске жана кандайдыр бир туңгуюк келечекке карай багыт алганыңызды мойнуңузга алыңыз деп кеңеш бермекчимин. Албетте, ушунун баарына чыдагандарды аягында эч нерсе менен салыштыргыс жеңиш сезими күтүп алат жана анын даамын татуунун өзү эле кандай иш болбосун баштоого арзыйт. Бирок мен, же дагы бирөөлөр айткан эрежелерди сокур немедей кайталай берүү ийгиликти кепилдебейт экенин башында эле түшүнүп алганыңыз оң. Айтмакчы, бул эрежелерди такыр аткарбай коюу да анык жоготууга алып келээри турган иш.

Көйгөйдү аныктаңыз

Кылына турган иштин алгачкы штрихтерин жазаардан мурун, же өндүрүштүн эң биринчи түшүмүн алаардан мурун бул ишиңиз менен колдонуучунун, же кардардын жашоосуна кандай жеңилдиктерди тартуулагыңыз келгенин мерчемдеп алыңыз. Сиздин өндүрүм эмне кылаарын бир сүйлөм менен түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Эгер бере турган жообуңуз бир сүйлөмгө батпай, мурдатан колдонулуп келген ар кандай аналогдорду мисал кылууну талап кылып жатса, анда шашпай отуруп алып, фокусту дагы дааналаңыз.

Базарды байкаңыз

Өндүрүмүңүздү кайсы аудиторияга багыттаарыңызды, анын кенендигин жана кайдан табаарыңызды түшүнүп алыңыз. Коомдук иликтөөлөрдү окуп, статистика, маркетингдик изилдөөлөр менен таанышыңыз. Рынокту 100 пайыз канааттандырам деп ойлоо туура эмес. Ал тургай 20 пайызды да болжоонун кереги жок. Мисалы, 5 жылдан кийин 2 пайыз канааттандырам деп баштасаңыз да болот. Негизи ошого жетиш да кыйын, бирок өз ишиңизге жок дегенде ушундай баа берсеңиз бир аз чындыкка жакындаган болосуз.

Атаандаштарды иликтеңиз

Сизге чейин, же сиз менен эле чогуу ким ушул маселени чечип атканын, же мурда кандай чечкенин тыкыр иликтеңиз. «Бизде атаандаш жок» деп ойлоо барып турган аңкоолукту билдирет. Эгер сиз чыгаргандай нерсеге окшош эч нерсе табылбаса, анда андан жакшылары бардыр. «Менин өндүрүмүм буга чейин колдонулуп келген нерселерден эмнеси менен артык?» деген суроонун жообун таптак белгилеп, дайыма даярдап жүрүңүз.

Шерик табыңыз

Долбоорду жалгыз баштабаңыз. Сиздин идеяңыз үчүн күйө турган, ой-пикири сизге жакындай турган, же тескерисинче сиздин ойго туштараптан бир нерселерди кошо турган кишилерди издеңиз. Жакшы, эффективдүү шериктер бири-бирин бардык жагынан толуктап турат. Аны менен, же алар менен, жашооңуздун бир канча жылын чогуу өткөрүүгө даяр болуңуз. Эсиңизде болсун, иштеги шерик менен ажырашуу көбүнчө түгөйүңүз менен ажырашуудан да татаалыраак болот. Статистика боюнча, шериктердин ортосундагы пикир келишпестик – сонун, ал тургай өтө сонун долбоорлорду кыйратчу көп кайталанган себептерден.

Инвестор тартыңыз

Негизи долбоорду өз акчаңыз менен баштаганыңыз жакшы. Такыр болбоду дегенде туугандарыңыздан, же досторуңуздан каражат табыңыз. Бирок, элтели-кеч баары бир сырттан колдоо табууга туура келет. Ошондой маалда инвесторду да шерик издегендей издеңиз. Себеби аны менен да көп убакытка чейин бирге болууга туура келет. Кимден, эмнеге акча алып атканыңызды өтө кылдат караңыз. Ар кандай инвесторлор болот. Эгер мүмкүнчүлүк болсо акчадан да башка, шериктер бере албай турган пайдаларды алып келчүлөрдөн таап алыңыз. Мисалы, ишиңизге жарыгы тие турган таанышы барлардан, же колунда сизге керектүү куралдары, бийлиги барлардан дегендей. А болбосо, келечекте компания өскөн сайын аны менен кандай мамиледе болоруңузду мерчемдеп алыңыз. Инвестор менен тең укуктуу, ишенимдүү мамиледе болуу – бул өтө кылдат каралчу өзгөчө маселе. Муну өтө кылдаттык менен, тил табуучулук менен чечүү зарыл.

Кардарды сүйүңүз

Соода, же өндүрүмдү эл алдына алгач ирет чыгаруу – долбоордун ийгиликке жетүүсүндөгү чечүүчү фактор. Сиз өндүргөн нерселерди колдонгон кардар менен маектешүү үчүн кандай болсо да айласын табууга аракет кылыңыз. Жөнөкөй бир эрежени билип коюңуз – сизге, өндүрүүчүгө түшүнүктүү болгон нерселер, башкаларга түшүнүксүз болушу мүмкүн. Кардарды колдоо адатыңызды деле башкаларга ачык көрсөтө бербеңиз. Сиздин өндүрүмдү колдонуучуну жакшылап угуп, маселесин түшүнүңүз да, аны чечүү чарасын издеңиз. Дароо эле насаат айтып, окутуп да баштабаңыз. Маркетингде керек болсо эң төңкөрүшчүл аракет да шашылбай, кадам-кадам ишке ашууну талап кылат.

Жетишкендиктериңиз тууралуу айтып бериңиз

Өзүңүздүн жетишкендиктериңиз тууралуу айткандан тартынбаңыз. ПИАР – маркетингдин негизги өзгөчөлүгү. Коомдук тармактар менен, пресса менен, теле-радиолор менен иштешиңиз. Азыр баары эле ийгиликтүү стартаптар жөнүндө жазгысы келет. Болгону эмнеге басым коюш керек экенин туура таап, кыялкеч үмүт менен тыкыр эсептин тең ортосун кармап туруп чагылдыра бериш керек.

Жоготуудан кокпоңуз

Баары эле чү дегенде сонун болуп кетпейт. Керек болсо мен-мен деген ишкерлер да ишин бир эле эмес, бир нече жолу кайра башынан баштаган. Жоготууну, ийгиликсиздикти кийинки долбоордун башаты катары колдонуп кетүү – эң негизги сапат. Бирок ушул жерден максатка жетүүдөгү өжөрлүктү, жеңилүүнү таанысы келбеген кежирликтен жакшы айрымалай билгениңиз оң.

Эксперттерди колдонуңуз

Баарын билүү мүмкүн эмес. Ишиңизди сизден да жакшы билген адистерге кайрылуудан тартынбаңыз. Көптөгөн ийгиликтүү ишкерлер жаңы өсүп келаткандарга кубануу менен кеңеш берет. Андайларды башыңыздан өткөн окуяларды, болгондо да кызыктуу окуяларды айтуу менен тартып алыңыз.

10 жылдан мурдараак Гай Кавасаки «Баштоо искусствосу» деген ат менен классикага айланып калган презентациясын өткөн. Андан бери канча өттү. Кумирлер алмашты, технологиялар өзгөрдү, бирок андагы айтылгандын баары дагы эле актуалдуулугунан тая элек.

Ушундан улам өз стартабын баштайм дегендерге Гайды сунуш кылам. Же керектүү чечимдерди кабыл алып, ийгиликке жетүү жолунда колдоносуз, же такыр болбоду дегенде англис тилин дагы бир жолу бышыктайсыз.

Александр Туркот, Forbes