Коом

Орусияда Адам укуктарынын жалпы декларациясы декларация гана

12 декабря 2017 г. 17:52 384

Орусиянын мыйзамдары жарандарынын укугун коргош үчүн эмес, бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана төбөлдөр менен макул болбой, аларга жакпай калгандар менен күрөшүүгө багытталган.

Жыл сайын белгилүү бир күндөрдө биз адамзатка маанилүү нерселерди сүйлөшүп киребиз. 10-декабрь Адам укуктарынын жалпы декларациясында (АУЖП) бекитилген принциптер жөнүндө сүйлөшчү күн.

АУЖПнын 30 беренесинин жарымынан көбүн биздин мамлекетте болуп жаткан окуяларга салыштырып, таң калып, өкүнүчтүү жылмайса болот. Мыйзамдары менен формалдуу гана тастыкталган адам укуктары Орусияда турмушка ашпаган декларация бойдон калууда. Мыйзам бизде жарандын укугун камсыздаш үчүн эмес, жакпагандарды жазалап, “укук коргоо” деп аталган органдардын актануусу үчүн гана керек.

Декларациянын 12-беренеси жеке жана үй-бүлөлүк жашоого кийлигишүүгө жол бербейт. Орусияда болсо кат жазышуу сырына чейин расмий түрдө чабуул коюлуп жатат. Террорчулук менен күрөшүү үчүн кабыл алынган “Яровая пакети” менен дагы бир нече мыйзам жана мыйзам ченемдик акттар жеке инсандардын интернет аркылуу жазышууларын мамлекеттик көзөмөлгө алууга багытталган.

Декларациянын бир нече беренеси соттук коргоого тиешелүү. Биздин соттук система айыпталуучуга жараша мамиле кылат. Чындап келгенде, айыпталуучу ким болбосун соттук коргоодон ажыратылган. Сот коргобойт, жазалоо түрү менен мөөнөтүн гана аныктайт.

Жалпы декларациянын 21-беренесин, тактап айтканда анын үчүнчү пунктун карап туруп ыйлагың келет. Ал боюнча: “Элдин эрки мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турган жана жасалмаланбаган шайлоолордон билинүүгө тийиш, ал шайлоолор жалпы жана бирдей шайлоо укуктары болгондо жүргүзүлүүгө тийиш”. Биз чын эле формалдуу шайлоо жана шайлануу укугуна ээбиз.

Биздин келечектеги дайыма бир гана киши шайланчу президенттик шайлообузда, альтернатива катары Ксения Собчакты сунуштап жатышат. Ал да шайлоого көбүрөөк жаран тартуу ыкмасы гана болуп бермекчи. Дайыма шайланган киши буга чейинки эки президенттик мөөнөтүнө карабай, формалдуу шайлануу укугуна ээ болдуу.

Кечээ жакында Госдума пенсияларды тоңдурууну бир добуштан колдоду. Каржы министрибиз айткандай, болочок пенсионерлердин каражаты Крымды кошуп алууга кетти. Натыйжада алар бүгүн берип жаткан акчаларын түшүнүксүз “упайлар” менен алып калышы мүмкүн. Ошондуктан карып, жумушсуз, оорулуу же инвалид болуп калгандагы татыктуу жашоо тууралуу Декларациянын 25-беренеси орус турмушуна тиешеси жоктой.

Мамлекет мурункусундай эле өз жарандарын натыйжалуу коргой албай келет. Адам укугун коргогондор кандайдыр бир окуяда жардам бериши мүмкүн, бирок көйгөйлөрдү түп-тамырынан чече алышпайт. Анткени алар системдүү илдеттер, омбудсмендер болсо бул системанын бир тетиги гана.

Калк сырткы сотторго кайрылып, өз мамлекети менен күрөшүүгө мажбур. Мисалы Адам укуктары боюнча европалык сот орусиялыктар үчүн укугун коргоп алчу жалгыз жайга айлана баштады. Эгер Орусия азыркыдай туш-тарабы менен араздашып, Европалык Кеңештен чыгып кетсе, орусиялыктар бул мекемеден да кол жуушу мүмкүн.

Александр Плющев, Deutsche Welle