Саясат

Куддус сатылмак, акыры сатылды...

11 декабря 2017 г. 19:36 1618

Дүйнөдө Жакынкы Чыгыш саясаты тууралуу жазгандар бир нерсени бирдей айтып жатышат. Дональд Трамп 6-декабрда Куддусту (Иерусалим) Израилдин борбору катары таанып, ага Тель-Авивдеги элчилигин көчүрөм дегени дүйнөдө бир-эки жума ызы-чуу жараткан соң, унутулат.

Ошондой эле болуп бара жатат. Бириккен улуттар уюму жыйылды, ызылдады, бирок АКШ анын дайымкы беш мүчөсүнүн бири болгондуктан, эч кандай чечим чыгарбай таркап кетти.

Араб өлкөлөрүнүн лигасынын 23 мүчөсү чогулуп “ах-вах” деген сыяктуу бир нерселерди жазып тим болду.

13-декабрда Исламдык кызматташуу уюму Стамбулда чогулат. Мусулман лидерлери ички саясатына керектүү нерселерди айтып, тоону томкорчудай айбат көрсөтүп, анан куйруктарын кыпчыган боюнча ар ким өз ийнине кирип кетет.

Эл жума намаздардан кийин чогулуп, Израилдин желектерин тытып, өрттөп, дуба кылып, балжырап ыйлап, “өхүлөп” өз тиричилигине кайтат.

Куддустун негизи тургундары болгон палестиндиктер гана баш-аягына чейин заманбап брондошуп, куралданган жөөт аскерлери менен буга чейинкидей таш ыргытып согушканын улантат. Сабалат, атылат, абакка камалат... Дүйнө жана башка мусулмандар аларды карап, шыпшынып турат, отурат, жатат, анан кайра терең уйкуга кайтат...

Тармптын бул жоругу эмнеден кабар берет? Бул маселе эмне үчүн ушундай кетти? Аягы кайда бара жатат? Ушул суроолорго жооп издейли. Бирок Куддус шаарынын статусун бир аз тактап алалы...

Айласы алты кеткен палестиндер жана Куддусубуз

Дүйнөнүн тарыхы менен учурдагы күндемин жакшы билген аналитиктер Куддус (Иерусалим) жана жалпы эле Палестина маселесин саясий эки жүздүүлүктүн өрнөгү деп баалады.

Израиль мамлекети 1948-жылы уюштурулгандан бери Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) бул аймак боюнча чечимдеринин бири да аткарылбай келет. БУУнун Генералдык ассамблеясынын 1947-жылкы чечими боюнча Куддус БУУнун башкаруусу алдында болушу керек болчу. Бул №181-резолюция боюнча, аймакта эки – палестиналык жана жөөттүк мамлекет түзүлмөк. Куддус шаары куралсызданып, эл аралык көзөмөлгө өтмөк. Он жылдан кийин Куддус эли шаарынын статусун өзү аныктамак.

Изариль 1948-жылы 14-майда эгемендигин жарыялаары менен Иордания, Египет, Сирия, Ирак жана Ливандын куралдуу күчтөрү ага кол салган. Кагылышуудан кийин Куддус Иорданиянын карамагындагы чыгыш жана Израилге өткөн батыш тарапка ажыраган.

1950-жылы Израиль Куддусту толугу менен өз борбору катары атап, анын батыш тарабына бардык мамлекеттик мекемелерин жайгаштырган. 1967-жылкы Алты күндүк согушта Изариль Иорданиядан шаардын чыгыш тарабын да тартып алган. 1980-жылы жөөттөрдүн парламенти – Кнессет Куддустун бардык аймагын Израилдин бөлүнгүс борбору жарыялаган. БУУнун Коопсуздук кеңеши муну №478-резолюциясы менен жараксыз деп таап, ушул күнгө чейин бул чечимин тастыктап келе жатат.

1988-жылы Палестинаны бошотуу уюму Палестина мамлекетин түзгөнүн жана анын борбору Куддус экенин жарыялаган. БУУга кирген 193 мамлекеттин 136сы борбору Куддус болгон Палестина мамлекетин тааныган.

Кыскасы, мусулман өлкөлөрү Дональд Трамптын 6-декабрдагы ээн баштыгын Куддус шаарын БУУнун 1948-жылы №181-резолюциясы бекиткен статусуна кайтарууга колдонсо эптүү болмок. Бирок бул мүмкүнбү дегенде, жооптор чеке жылытаарлык эмес.

Израиль эч качан тынчтык каалабайт

Куддусту Израилдин борбору катары тааныганы Дональд Трампка жарашкан акмак, кенебес жана опурталдуу аракеттердин бири катары көрүнөт. Бирок 6-декабрдагы анын билдирүүсү атайын аракеттердин натыйжасы экени шексиз.

Палестинанын жеринде 1948-жылы пайда болгондон баштап, анын пайдасына гана чечимдер чыгарылганы менен Израиль бул аймакта туруктуу тынчтыкты каалабайт. Анткени Израилдеги 8,7 млн калктын 74%ын (6,4 млн) жөөттөр түзөт. Арабдар 20 пайызга (1,6 млн) жакын, калганы башка улуттар. Палестин автономиясынын калкы 5 миллион. Жөөттөр ээлеген аймактардан 3 млн чамалаган палестиндиктер коңшу өлкөлөрдөгү качкын лагерлеринде жашайт. Ошол эле Куддуста израилдик жарандык атайын берилбей жаткан 300 миң палестин бар. Тынчтык орноп, сыртта жүргөн миллиондогон палестин арабдар кайтып, жүз миңдегенине израилдик жарандык берилсе, Израиль жана Палестин автономиясынын басымдуу көпчүлүгү арабдар болот. Мусулмандар жөөттөргө караганда көп балалуу болоорун эске алсак, бир нече жылда калктын улуттук жана конфессиялык түзүмү жөөттөр каалагандай болбой калат. Муну израилдик кесипкөйлөр “убакыты мерчемделген калк бомбасы” деп аташкан.

Мындан сырткары Израилдеги христиандар менен араб жөөттөрү (мизрахимдер) сырттан көчүп келип, көпчүлүктү түзүп калган “ашкенази” жөөттөргө каршы арабдар тарапка өтүп кетүү адаты бар.

Ошондуктан бул аймакта Палестин мамлекетин курганга жөөттөрдүн макул болбой келе жатканынын жөнү бар. Ачык айтканда, Трамптын “дөөрүмөсү” 1948-жылдан бери палестин арабдарын өз мекенинен сыгып чыгаруу саясатынын бир маанилүү этабы гана.

Мусулман саясатчыларынын эки жүздүүлүгү

Май айында борбору Эр-Риядда сауддар АКШдан 110 млрд долларга курал сатып алуу келишимине кол коюп, Дональд Трампты аларга кошулуп бийлегенчелик сүйүнткөн. АКШ жана Израиль менен бирге Иранга каршы аракетке өтүү үчүн сауддар Палестинаны ошол жерде сатыкка койду.

Андан бир аз убактыттан кийин бул маселени сүйлөшүү үчүн сауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман Кызыл деңиздеги бир яхтада Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен жашыруун жолуккан.

Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер октябрда Израилге бара жатып Эр-Риядда Мухаммед бин Салманга төрт күн коноктоп кеткен. Аны Вашингтондун бул аймакка жана коопсуздукка жооп берген эки ири бюрократтары Жэйсон Гринблат жана Дина Пауэлл коштоп жүргөн.

Ноябрда Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Эр-Риядга чакырылып, ага Куддусту унутасың, анын ордуна борборуңду Абу Дыш деген айылга көчүрөсүң, палестиналык качкындардын кайтуу акысынан баш тартасың, Куддустагы жөөттөрдүн жаңы конуштарына көз жумасың, антпесең сени алмаштырабыз деген талаптар коюлган. Бул оюнда Бириккен араб эмираттары да сауддар менен тарапташ экени айтылган.

Сыртынан Палестина үчүн күйүп-жанган сыяктуу болгону менен жең ичинен башка саясат жүргүзгөн таасирдүү мамлекеттин бири Түркия. Учурда ал өзүнүн калкынын 30 пайызын түзгөн диндештери күрттөр менен ит-мышык болуп жатат. Реза Зарраф деген ирандык шылуун аркылуу эл аралык паракорлукка белчесинен баткан. Учурда Зарраф АКШда кармалып, сурак берип жатат. Ал шылуун түрк төбөлдөрүн Вашингтон каалагандай ойнотууга шарт түздү. Президенти Таййип Эрдоган учкучу жок туруп АКШдан 10 млрд долларга учак сатып алганынын сыры да бул опузанын натыйжасы.

Түрк бийлигинин Израил менен алакасы да тарыхта болуп көрбөгөндөй эң сонун. 2013-жылы Таййип Эрдоган израилдик премьерге “уан минит” деп күкүрөп, Давостон кетип калгандан бери Израил менен соода-сатык беш эсе арткан. Газза менен Куддустун палестин тарабынан келчү качкындарына түрк тарап виза бербей келет.

Египет боюнча сөз кыска. Учурдагы бийликтегилери АКШ менен Сауд Аравиясынын канжыгасына бекем байланган. Аларсыз бир кадам да таштай алышпайт.

Чындап келгенде өз өлкөсүндө, өз жарандарына Израил палестин арабдарына кылган мамиледен он эсе жаманын кылып жаткан мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери палестиндер үчүн бир нерсе кылмак беле. Кылат, бирок анын баары болгону бир шоу. Шоу болот, шоунун эртеси да болот, эч нерсе өзгөрчүдөй көрүнбөйт.

Чечим барбы?

АКШ, Орусия, Европа же учурдагы бийликтегилери бул маселени чечет деген ишенимден мусулмандар кайтуусу керек.

Мусулмандар Алла Таалага чын жүрөктөн ишенип, билим алып, дүйнө таанып, өзүнүн жана өзгөнүн укуктарын коргоп, өз бийлигин көзөмөлдөп, эл аралык саясаттын куралдарын колдонгонду үйрөнмөйүнчө Куддуска окшогон маселелер чечимсиз калат.

Ушул абалда кала берсек, бир тараптан АКШ, Израиль жана араб өкүмдарларынын, экинчи тарапта Орусиянын, иран жана түрк мунафыктарынын куралы бойдон кала бермекчибиз. Бири-бирибизди жек көргөн, акыбызды жеген жана каныбызды төккөн куралы бойдон...