Кытай/Индия

«Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» тууралуу

11 декабря 2017 г. 17:47 1553

Бир кылымга тете күн болот демекчи, бүтүндөй бир улутка тете да киши болот экен. Себеби дүйнө жүзүндө Чыңгыз десе кыргызды, кыргыз десе Чыңгызды эстеген канчалаган эл бар. Мына ошол улуу жазуучубуз, дүйнө элинин алдында кыргыз үчүн опол тоодой тирек болуп берээр улуу чынарыбыз Чыңгыз Айтматов эртең 12-декабрь күнү 89 жашка чыкмак. Ушундан улам бүгүн ал тууралуу аз да болсо эскерип, кай бир пикирлер боюнча өзү эң жакшы көргөн чыгармасы «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» боюнча чет элдик окурмандардын пикирин билдирип коюуну туура көрдүк.

ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча, Чыңгыз Айтматов азыркы учурдун эң көп окулган жазуучуларынан. Анын чыгармалары 128 өлкөдө 176дан ашык тилге которулуп, 100 миллиондон ашык нуска менен басылган. Андан сырткары көптөгөн өлкөнүн орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында окуу программасына киргизилген. Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргызстандын эң жогорку сыйлыктарын алган.

2yana185

Россия, Краснодар

Мен жазуучу Чыңгыз Айтматовду аябай жакшы көрөм. Даанышмандыгы, чынчылдыгы, адилеттүүлүгү үчүн... А бул көлөмдүү аңгеме (же чакан повестпи?) анын калеминен (же жүрөгүнөн) чыккан дагы бир шедевр.

Бала сыноолордон өткөн соң гана Эркек болот. «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттө» ошол сыноо адамзат менен табияттын күрөшү болду. Аягы өлүм менен бүтө турган күрөш. Он бир жашар Кирискти жаш муун үчүн жанын берген улууларга күбө кылган күрөш...

Өтө кайгылуу жазылган. Коюу тумандын арасында суусу да, тамагы да жок калган кишилердин кыйналганын окуп, көз жашыңа ээ боло албайсың. Хэппи-энд да болбойт. Айтматов жеринен эле майда-чүйдө спецэффекттер үчүн жашоону бурмалабайт.

Айтматовдун башка чыгармаларындай эле «Ала дөбөттө» да уламыштар көп. Чү дегенде эле бүтүндөй нивха элин түптөгөн сырдуу Балык-Айым тууралуу кеп козголот. Бул уламыш «Ала дөбөткө» кооздук тартуулап, окурманга ата-бабаларды сыйлоонун зарылдыгын эскертет. Себеби, так ошолор аркылуу муундан-муунга өткөн аягы жок чынжыр уланып, тээ али белгисиз келечекти карай созулуп кетип атпайбы.

Анан албетте жазуучунун ары бай, ары көркөм тилин да унутууга болбойт. Чыгарма поэтикалуу башталып, ошол бойдон ар бир сюжеттин кайгылуулугуна, катаалдыгына карабай бир мүнөт да ажырабай уланып жүрүп отурат.

Los1986

Украина

Окуган сайын чыгарманын каармандары үчүн миң түрлүү санаага батасың. Кириск укмуштай оор тагдырга туш болду. Ушундай оор шартта атасынан да, чоң атасынан да ажыроо деген эмне?! Уулу аман калыш үчүн өз жанын кыйган аталык сезимдин күчү таң калтырбай койбойт. Автор чаңкоо сезимин кадимкидей сүрөттөп, табиятты укмуштай чагылдырган.

vlad73yar

Россия, Москва

Мен бул чыгарманы Хемингуэйдин «Чал жана деңиз» повестине окшоштурам. Болгону бул жерде окуя дагы кайгылуураак. Албетте, илгертен келген адамзаттын табият менен, мухит менен күрөшү өтө таасирлентет.

Карасаң жөнөкөй эле окуя: Төрт киши балыкчынын кайыгы менен азык табыш үчүн деңизге чыгат. Алардын ата-бабалары да миңдеген жылдардан бери ушундай кылып келишкен, алар да ошондой жашайт. Сапарлары ийгиликтүү аяктап, аман-эсен кайтышаары табиятка гана көз каранды.

Анткени менен алардын жөнөкөй турмушу – бул жөн гана күн кечирүүнүн бир түрү эмес. Ал жөнөкөйлүктүн тереңинде канча кылымдан уланган элдик ишенимдер, элдик кеменгерликтер жатат. Бул эл кандай кыйынчылык болбосун тосуп алууга даяр экенин, өлүмдү да татыктуу кабыл ала алышаарын түшүнөсүң.

Кыргыз нивхалардын турмушундагы окуяны ушунчалык сонун чагылдырган. Талант!

Гаврилова Нина

34 жашта. Москва

Айтматов... Мен үчүн анык Классик. Так ушундай чоң тамга менен башталчу Классик. Жашоодогу биз байкабаган жөнөкөй эле көрүнүштү УШУНДАЙ чагылдырып, селт эттирген... ойго салган...

Кайгылуу чыгарма. Сөз жок, керемет чыгарма. Мен бул Улуу Автордун дээрлик бардык китебин чогултуп алгам. Мындайлар эми жок, ал бизден кетти. Бул азыркы учурдагы бүгүн окусаң эртең унутулган детективдерден эмес... Мындай китептер жан дүйнөңө из калтырып, жашоону жакшыртуу каалоосун ойготот.

LANA_K

Окугандан коркосуң… Бирок токтотуп да койо албайсың...

Мындайды керек болсо окугандан да коркосуң, баштан өткөргөндү мындай кой. А ОКУЯнын болуп жатканын өз көзүң менен көрүп туруу кандай оор.

Чыгарманын өзү укмуштай сонун жазылган. Баяндоо ыкмасы да керемет! Автор анык калемдин устаты. Кыял-жоруктары да даана-даана чагылдырылган. Повестте болгону төрт эле каарман бар. Картаң Орган – адыр тоолордун арасында туулуп өскөн, бирок бүтүндөй жер бетинин кеменгерлигин сиңирип алган кары. Бири-биринен аябай айрымаланган, бирок өз милдетин жазбай түшүнгөн эки бир тууган. Жана Кирисктин өзү, бир жумада чоң кишиге айланган 11 жашар бала. Уламыштар да чыгармага сонун бап келип турат. Алар негизги каармандардын жан дүйнөсүнө ого бетер сүңгүп кирүүгө жардам берет.

Анан оор туман. Бүт баарын, деңизди да, асманды да, кишилерди да ороп алган коюу туман. Жалгыз болбосоң гана, сага ишенип, сенден өздөрүнүн уландысын көрүп тургандар болсо гана жеңип кете алчу туман.

Мен бул чыгарма мага ушунча таасир берерин дегеле күткөн эмесмин. Баштагандан тартып, акыркы бетин жапканга чейин бир да жолу баш көтөрө алганым жок.

bahrî

Түркия

Мен окуган чыгармалардын эң сонуну десем болот. Оңой-оңой эстен чыкпай турган, аягына чейин дем чыгарбай окула турган аңгеме. Жазуучу окурманды ушунча арбап алып, баш-аягы көрүнбөгөн мухит толкундарынын арасына алып барып таштай алат тура. Кичинекей Кириск туугандары менен көк деңизде калып, суусап, айласы кетип тумандын тарашын күтүп, асмандагы жылдыздар жымыңдай чыга келишин самап турганда кудум өзүм да алардын жанында жүргөндөй китепке берилип кетипмин...

AZER_TURKu

15.05.2011

Айтматов Түрк маданиятынын күзгүсү. Кичинекей балыкчы Кирисктин башынан өткөн окуясы кимге болбосун терең таасир берет. Түрк маданиятына болгон сагынычын жазгысы келгендер үчүн чын жүрөктөн сунуштайм. Урматым менен...