Саясат

Түрк досьеси. “Арам кекиртек саясатчынын наркы бычылат”

10 декабря 2017 г. 9:46 2091

Реза Зарраф түрк чиновниктерине 4-5 жыл ичинде 8,5 млрд доллар пара берген. Иран Түркияда уурдалган 10 млрд долларын талап кылганы турат. Түрк банктарына миллиарддаган долларлык айып пул салынышы күтүлүүдө...

Түркия жана бул өлкөнүн саясатына кызыккандар үчүн өткөн айдын этегинде Нью-Йоркто башталган сот “Реза Зарраф иши” деп аталып келет. Бирок АКШнын соту бул каралып жаткан кылмыш ишине “Америка эли Хакан Атиллага” каршы деген ат койгон. Анткени сот башталаарына бир нече ай калганда Реза Зарраф америкалык прокуратура менен келишим түзүп, сот залына айыпталуучу эмес күбө катары кирип келди. Ошентип Түркиянын мамлекеттик Халкбанкынын мүдүрүнүн жардамчысы азырынча соттун жалгыз айыпталуучусу болуп калды.

“Азырынча” дегенибиздин себеби 8-декабрдагы апталык отурумдун акыркы күнү прокуратура бул кылмыш ишинде азырынча айтылбаган башка айыпталуучу жана күбөлөр бар экенин ачыктады. Буга чейин Ирандын мунай-газынан түшкөн акчасына илешкендер тууралуу бир жума мурун жазган макалабыздан окусаңыздар болот. Биз болгону кылмыш ишинде Түркиянын мурунку үч министри менен мамлекеттик банктын мүдүрү пара алганы далилдер менен көрсөтүлгөнүн жана азыркы президенти Таййип Эрдоган, анын жубайы Эмине Эрдоган жана уулу Билал Эрдогандын аттары шектүү катары аталганын айта кетели.

Бул жума ичинде түрк президенти Таййип Эрдогандын аты кайра дагы бир жолу айтылып, аны менен бирге күйөө баласы Берат Албайрактын ысымдары кошулду. Алардын ысымдары 2013-жылы 17-декабрда паракорлук иши менен Стамбулда кармалып, 2014-жылы февралда “акталып” чыккан соң Реза Заррафтын жарамчысы менен сүйлөшүүсүндө эскерилген. Анда “күйөө бала ирандык акча менен иштөөнү улантуу керек деп жатат” дегендей сөздөр айтылган. Сот Ричард Берман аудио тасмадагы “ББ” менен“күйөө бала” деген ким дегенде, Реза “ББ – бул баш-бакан (премьер-министр) Таййип Эрдоган жана анын күйөө баласы Берат Албайрак” – деп жооп берген.

Реза Заррафтын түрк бийлиги алдындагы ре-эволюциясы

Байпагынан баштап абийирине чейин алынып-сатылган паракорлук дүйнөсүндө зоболоң канчалык жогорулаган болсо, бир күнү ошончолук жерге катуу түшөсүң. Анткени керегиң жок болуп, айрыкча зыяндуу боло баштасаң баары сени сатат, сатканын да жар салып сыймыктанат.

2013-жылдын апрель айында Зафер Чаглаяндын (Реза Заррафтан 50 млн евро пара алган экономика министри) уулунун үйлөнүү тоюнда Зарраф премьер-министр Таййип Эрдогандан түрктөрдө “коопсуздук тилкеси” деп аталган жолдордон эскорт менен жүрүүгө уруксат сурайт. “Ошол тойдо Заррафты биринчи жолу көрдүм” деген Эрдогандан уруксат алат. Муну биздеги бир тойдо 29 жаштагы орусиялык бизнесмен премьерден “Мага Бишкектин жолдорунда президент, сиз жана спикер жүргөндөй жүрүүгө уруксат бериңиз” дегендей эле кеп.

2013-жылы 17-декабрда түрк полистери мурунку төрт министрдин уулдары жана банкир менен бирге 28 жаштагы ирандык жигитти кармашканда элдин баары таң калган. Ал кездеги Түркиянын экономика министрине, ички иштери министрине, Европа менен байланыш жана айлана-чөйрө министрине пара берип, өлкөнүн биринчи үй-бүлөсүнө чейин колу жеткен бул кайдагы жигит дешкен.

Тергөө жүрүп жатканда министрдин балдары менен бирге дулдуйуп унчукпай отуруп, ошол кезде премьер-министрлик макамда отурган Таййип Эрдогандан “Кайрымдуулукту жакшы көргөн ишкер” деген сапатка ээ болгон. Кечээги Нью-Йорктогу сотто белгилүү болгондой, бир гана “ишкерлигинен” эмес, тергөөгө да пара берип, 2014-жылы февралда “акталып” чыккан. Чыгаары менен түрктөрдүн мамлекеттик Халкбанкына барып, жаңы мүдүрү менен (эскиси – Сулейман Аслан дагы бир нече убакыт капаста жатып “акталган”) буга чейинки өзү түзгөн схемалар боюнча Ирандын мунай-газынан түшкөн миллиарддарды нак акчага айлантып, мекенине киргизүүнү уланткан.

2015-жылы 22-июнда премьер-министрдин жардамчысы Нуман Куртулмуш менен экономика министри Нихат Зейбекчинин колунан “чемпион-экспортчу” деген наам алган. Кийин билингендей Реза Зарраф чын эле экспортчу болгон, бирок кагаз жүзүндө товар чыгарган. Ирандын акчасына товар алынды деп түрк жана америкалык банктарга жасалма документтерди берип, акчаны жасалма фирмаларга которткон. Буудай өспөгөн Араб Эмираттарын буудай өндүрүүчү кылып, максимум 15 тонна көтөргөн кемелерге 30 тоннадан буудай “ташыткан”. Анан ал акчаларды накталап, кап-кап доллар/евролорду Иранга жеткирткен. Ошентип “чемпион” ишкерге айланган.

Экспортчу ролуна катуу кирип кеткен кезинде Түркиянын эң күчтүү каналдарынын берүүлөрүнө катышып, бутун бутуна учкаштырып отуруп алып, “Түркиянын ички дүң өндүрүмүнүн жүздөн он бешин мен жаап бердим”, – деп маек курган.

2016-жылдын 19-мартында Маямиге эс алаганы барган Реза Зарраф Иранга каршы коюлган эмбаргону бузуу, банктарды алдоо жана арам акчаларды "тазартуу" кинелери менен АКШнын FBIы тарабынан камакка алынган. Таййип Эрдогандан журналисттер бул тууралуу сураганда түрк президенти: “Анын камалышынын Түркия менен эч байланышы жок. Реза бейдин адвокаттары америкалык сотко керектүү жоопту берет...”, - деп андан кутулган сыяктуу болгон. Бирок 2016-жылдын 21-сентябрында АКШнын вице-президенти Джо Байден менен жолугуусунун 90 мүнөтүнүн жарымын Заррафты бошоткула деп сурануу менен өткөргөн. Аялы Эмине Эрдоган да Жилли Байденден (вице-президенттин жубайы) Реза үчүн өтүнгөн.

Бул жумадагы Нью-Йорктогу сотто билингендей, сакчыга 45 миң доллар пара берип, анын телефону аркылуу Түркия менен сүйлөшкөн Реза Зарраф 2016-жылдын августунан 2017-жылдын августуна чейин кабар күткөн. Түрмөдө жөн жатпай өзүнө арак, баңги жана сойку кыздарды алып кирдирген. Күчтүү түрк колдоочуларынан үмүтү үзүлгөн соң “болгонун болгондой айтып берем» деп FBI менен келишимге келген. Муну кулагы чала баштаган Таййип Эрдоган «Америкадан жаман жыттар келип баштады» - деген, бирок Реза Зарраф жөнүндө: «Бул кишинин эч кандай күнөөсү жок. Биздин жаран болгондуктан (Заррафка министрлер кабинетинин атайын чечими менен түрк жарандыгы берилген) акысын коргоого мажбурбуз», - деп сактанган. Реза Зарраф америкалык абактан чыгарылып, бир-эки күн дайынсыз болуп калганда Түркия АКШга эки дипломаттык нота (өлкө тарыхында болгон эмес) бергенге үлгүргөн.

Бирок бул сактык ишке жарабай, Нью-Йоркто ноябрдын этегинде сот башталаары менен Реза Зарраф булбулдай сайрап, ушу күнгө чейин Эрдогандын үй-бүлөсүнөн эле беш кишинин атын атаганга үлгүрдү. Ошондон баштап түрк бийлигинин Заррафка багышталган жогорудагы таттуу эпитеттери түгөнүп, ал «террорчулардын куу кытмыры», «саткын» жана «тыңчыга» айланды да калды.

Ушул жумадан баштап түрк бийлигинин бакма күчүк медиасында Реза «биздей байкуш, ишенчээктерди алдаган ирандык тыңчы» атыгып, бейшемби күнү Түркиядагы болгон мүлкү камакка алынды. Ага кошулуп Заррафтын жыйырма чакты тууган-туушкан, дос-жарынын да мүлкү тартылып алынмакчы болуп турат. Албетте, өзүнүн айтуусу боюнча 8,5 миллиард долларды пара катары түрк аткаминерлерге тараткан “Реза бейдин” мүлкүн эмдигиче санап бүтө албай жатышат.

Иран менен АКШ түрктөрдөн миллиарддаган долларларды өндүрмөкчү

АКШ жана Бириккен улуттар уюмунун буйругу менен дүйнө боюнча Иранга каршы 2010-жылдан баштап эмбарго коюлган. Ошондуктан ал учурда Ирандын бюджетинин олуттуу бөлүгү Түркиянын банктарына которула баштаган. Реза Зарраф аттуу шылуун түрк аткаминерлери менен ал каражаттарды “иштете” баштаганда түрдүү чиновниктер ирандык акчаларын ачка чөөлөрдөй туш-тараптан талап кирген. 2013-жылы 17-декабрда түрк прокуратурасы камаганда Реза Заррафтын “Мени да жеп коё жаздашты, жата турайынчы бул жакта” шекилинде айткан сөзү бар.

Эми Иран эң бери дегенде эле 10 млрд долларды кайтарып берүү боюнча түрк бийлигине каршы кылмыш ишин ачканга даяр турат. Белгилүү бир кабар боюнча ирандыктар түрк министринин бирине президенти Таййип Эрдогандын макулдугу менен персче жазылган, башкача айтканда өзү түшүнбөгөн келишимге кол коюп берген. Ошондуктан “түрк элинин кызыкчылыгын сатып, карыздарынан кутулуп жатат” деген жорум да тарап кеткен.

Нью-Йорктогу соттун акыркы күнү америкалык чалгын кызматынын каржы кылмыштары боюнча адиси Дэвид Коэн көрсөтмө берди. Көрсө АКШ бул кылмыш ишине аралашкан адамдарды Түркиянын өзүндө 2010-жылдан бери аңдып, тыңшап жүрүптүр. Коэн түрк мамлекеттик Халкбанкка өзү барып, бир нече жолу жыйналыш кылып, ирандык миллиарддар менен мынча ойнобогула деп эскертиптир. Андан сырткары АКШлык чалгынчы Түштүк Кореялык эки банк ушундай кылмыштарга кирип, АКШ тарабынан миллиарддаган айып пулга жыгылганын да мисал келтирген. Мындай тээжик кылмыштуулуктун артынан түрктөрдүн алты банкы олчойгон айып пулга жыгылаары турган иш. Аларга өз убалыңар өзүңөрдө десең жарашчуудай болуп турат.

Реза Зарраф шылууну бул сотто эсте калчу сөз айтты. Прокурор Ричард Бермандын: ““Баарынын баасы бар” деп эмнени айткыңыз келди эле?” - деген суроосуна, “Мен “ниети бар кишинин наркы бычылат, пара албайм дегендикин бычуу мүмкүн эмес” деп айткым келген” – деп жооп кайтарган.

Учурда АКШда каралып жаткан кылмыш ишинин олуттуу бөлүгүн түрк полистери, прокурорлору жана соттору ачып, ошонун айынан түрк бийлиги тарабынан аялы, бала-чакасы менен бирге түрмөгө камалганын билбесек “өлүптүр бул түрктөр” демекпиз. Чынында бул укук кызматкерлери Түркиянын намысын сактап калды, бирок өздөрүн заалымдардан сактап кала алган жок. Кудайым алардын акыбетин жакшыртсын, заалымдардын болсо сазайын берсин!

Азыр Таййип Эрдогандын жакындары элин алдаш максатында “Туркиянын өнүгүүсүн көрө албаган Америка бизге ор казган”, – деп какшай баштады. Бирок жогорудагы фактыларды карап туруп, улуу тарыхы бар түрк элине дал ушул учурдагы бийлиги ор казды десек кыпындай да калп айткан болбойбуз.