Маданият/Искусство

Фейнман ыкмасы: Бардык нерсени тез өздөштүрүүнүн үч кадамы

7 декабря 2017 г. 17:40 739

Нобель премиясынын лауреаты Ричард Фейнман кандай тема болбосун оңой түшүнүүгө жардам бере турган алгоритмди түзгөн.

«Мен дайыма эле жакшы баа ала берген окуучу эмес болчумун. Бир нерсени үйрөнүүгө канчалык көп убакыт сарптасам, ошончо жакшы үйрөнөм деп ойлоор элем. Анан эле бир күнү жашоомду өзгөртө турган жаңы нерсе таап алдым», - дейт окумуштуу.

Нобель сыйлыгынын белгилүү лауреаты Ричард Фейнман «бир нерсени билүү» менен «бир нерсенин аталышын билүүнүн» ортосундагы айрыманы түшүнгөн жана бул аны ийгиликке жеткирүүдөгү эң негизги себеп болгон.

Окумуштуу бардык нерсени башкалардан жакшыраак түшүнүүгө жардам берүүнүн жолун (формуласын) түзгөн эле. Кийин ал «Фейнман ыкмасы» деген ат менен белгилүү болду. Бул ыкманын жардамы менен сиз эмнени болбосун өтө тез жана терең түшүнө аласыз. Кандайдыр бир нерсе болобу, же кандайдыр бир түшүнүк болобу, айрымасы жок. Оюңузга келген бардык нерсени мисал кылсаңыз болот. Фейнмандын ыкмасы баарына жарайт. Баарынан кызыгы, анын аткарылышы да укмуштуудай жөнөкөй. Тим эле күлкүңдү келтире тургандай жөнөкөй...

Бул үйрөнүүнүн эң сонун ыкмасы гана эмес, ой жүгүртүүнүн дагы башкача түрү десек да болот.

Эмесе, даяр болуңуздар. Фейнман ыкмасында 3 кадам бар.

1-кадам. Балага түшүндүрүп көрүңүз

Колуңузга таза барак алып, түшүнгүңүз келген нерсени жазыңыз. Андан кийин ал тууралуу билгендериңизди жаш бала түшүнгүдөй тилде тизмелеңиз. Жок, өзүңүздүн бир кыйла акыл кирип калган деңгээлде эмес, сөз байлыгы анча бай эмес, негизги түшүнүктөрдү гана билген катардагы сегиз жашар балага жазгандай жазыңыз.

Көп кишилер бир нерсени түшүнө албай жатканда татаал сөздөрдү, профессионалдык терминдерди, жаргондорду колдонгонго аракет кылат. Маселенин өзөгү да ушунда, өзүбүз маселенин даана кайсы жерин түшүнбөй атканыбызды билбей туруп өзүбүздү-өзүбүз дөөрүтө беребиз. Жаргон колдонуунун өзү эле мээбиздеги түшүнүктү башкалардан жашырууга кирет. Сиз оюңузду баштан-аяк жаш бала түшүнгөн тил менен жазуу аркылуу (байболгур, эң кеңири таралган сөздөрдү гана колдонуңуз) ошол нерсени өзүңүзгө-өзүңүз терең түшүнүүгө жардам берип, түшүнүктөрдүн арасындагы байланышты жөнөкөйлөштүрөсүз. Эгер дагы аракет кылсаңыз, анда буга чейин кайсы жерин түшүнбөй атканыңызды да таап аласыз. Ошону тапканыңыз деле сонун эмеспи, кайсы жерин толукташыңыз керек экени даана билинет.

2-кадам. Кайталаңыз

Биринчи кадамда сиз кандайдыр бир маселелерге сөзсүз такаласыз. Кай бир жерден кээ бир керектүү нерселерди эстей албай каласыз, же кай бир нерселерди бири-бирине байланыштыра албай, же эки нерсенин маанисин бири-бирине туура келтире албайсыз. Бул өтө маанилүү көрүнүш. Анткени сиз өзүңүздүн дүйнө таанымыңыздын кыйырын тактап атасыз. Компетенттүүлүк – бул өз жөндөмүңдүн чектерин билүү дегендик. Сиз азыр ошонун бир чегин таап алдыңыз. Тапкан чекитиңиз сизге үйрөнүүнүн башаты болуп берет. Мына эми сиз маселе кайда экенин билдиңиз. Демек, кол алдыңыздагы ишке кайрылыңыз да, кайра башынан баштап жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрүүгө аракет кылыңыз.

Дүйнө таанымыңыздын чектерин табуу кетире турган каталарды чектеп, билген билимиңизди колдонуу аркылуу ийгиликке жетүү шансын дагы арттырат.

3-кадам. Ирээттегиле жана жөнөкөйлөткүлө

Ошентип алдыңызда бир катар маалыматтар пайда болду дейли. Эми аны кайра баштан бир сыйра карап, арасына кандайдыр бир кесиптик термин кирип кетпегенин текшерип чыгыңыз. Андан кийин аны жөнөкөй аңгеме сыяктуу абалга келтирип, үнүңүздү чыгарып окуп көрүңүз. Эгер бул ишиңиз катардагы нерседей угулбай, бир башкача жазылгандай сезилип атса, анда бул сиздин билимиңизге дагы бир нерселер жетпей атканын билдирет.

4-кадам. Бөлүшүңүз (Мажбур эмессиз)

Эгер бул түшүнүгүңүз жеткиликтүү экенине ишенбей турсаңыз, анда аны кимдир бирөөлөр менен бөлүшүңүз. (Түшүнгүңүз келген нерсени аябай жаман билген кишини тандаганыңыз эң сонун жыйынтык берет. Же 8 жашар бала таап окутуңуз). Кыскасы, сиздин бир нерсени билгениңизди далилдөөчү эң сонун тест – аны башка бирөөгө түшүндүрүп бере алууңузда.