Саясат

​Кол тийбестикке кол тийгенде…

7 декабря 2017 г. 16:27 557

Медицинада иммунитет деп организмдин сырттан келген оору жана таасирлерге каршылык көрсөтө алуусу айтылат. Белгилүү бир макамды ээлеген инсанды мыйзам боюнча куугунтуктоону чектеген өзгөчө статус укукта «иммунитет» деп айтылат. Мыйзамда ал «кол тийбестик» деп да аталат.

Дипломаттар, депутаттар, мамлекет башчылары эң күчтүү иммунитетке ээ. Кол тийбестиктин тигил же бул түрү башка адамдарда да болушу мүмкүн. Мисалы сот жана прокурорлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуунун катардагы жарандыкынан өзгөчөлөнгөн тартиби бар.

Эл арасында "мындай өзгөчөлүктөр баары мыйзам жана сот алдында бирдей” деген конституциялык принциптерге каршы келбейби деген суроо туулушу мүмкүн. Бул маселени туура түшүнүү үчүн эмоцияларды аркага тыштап, укуктук иммунитетке тунук акыл менен карап көрүү зарыл.

Кол тийбестиги камсыздалбаса элчинин иши өтө кооптуу болмок. Мисалы эки мамлекеттин ортосундагы алакалар күтүүсүздөн начарлап кетсе, дипломаттар түрдүү провокациялардын бутасы болуп, аларга күч колдонулуп да кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардык өлкөлөр дипломаттарга иммунитет берели деп макулдашкан.

Депутаттык кол тийбестик бийликтердин ыйгарым укуктарын ажыратып, алардын тең салмактуулугун сактап туруу үчүн зарыл. Анткени кандайдыр бир депутаттын иш-аракети аткаруу бийликтеги таасирдүү чиновниктердин кызыкчылыгына каршы келип калса, ал укук коргоо органдары тарабынан куугунтукка алынышы мүмкүн. Өкмөттү сындаган депуттаттарга дем кошуу үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу тартиби атайын мыйзам менен татаалдаштырылган.

Ошондой эле ажонун реформалары менен мерчемдери укук коргоо же күч органдарына жакпай калышы мүмкүн. Андыктан конституцияга жатпаган төңкөрүштөргө бөгөт коюу үчүн мамлекет башчыга мыйзамдуу иммунитет каралат.

Бийликтин алмашып туруусун камсыздаш үчүн экс-президенттерге, башка түрдүү экс-башчыларга кол тийбестик берилет. Анткени кетип жаткан өлкө башчы өзүнүн саясий атаандаштарынан чочулап, бийликке жан алакетке түшүп жабышпашы керек. Мында кыргыз экс-президентинин абсолюттук иммунитети бар экенин жана аны алып салуу эрежелери жок экенин эстете кетүү керек. Адаттагы укуктук имунитет боюнча экс-башчыларды жоопкерчиликке тартуу тартиби татаалдаштырылат.

Албетте, бул нерсенин терс тарабы да бар. Кол тийбестикке жамынып кылмыш кылынышы, бийлик кыянат пайдаланылуусу мүмкүн. Ошондуктан адатта карапайым калк кээ бир кишилердин кол тийбестигин жактыра бербейт. Муну жакшы билген саясатчылар имунитеттен ажыратуу, же аны чектөө демилгесин көтөрүшөт. Мындай популисттик ураандар көп учурда элге күтпөгөн тараптан сокку урат. Имунитет менен корголбогон кызматкерлер «макулчул» болуп, бийликти сындабай, тиешелүү милдеттерин так аткара албай калышат.

Мисалы, генералдык прокурор болуп турган кезинде Аида Салянова кээ бир оппозициячыл депуттаттарды кол тийбестиктен ажыратууда чоң ийгиликтерге жеткен. Акыры Жогорку Кеңеш президенттик бийликке ийилип берүүгө мажбур болгон.

Алмазбек Атамбаев кеткенде парламент кайра түздөнүп кетеби деген үмүт пайда болду. Бирок биринчи кадамдарына караганда жаңы президент да парламентти күч органдары аркылуу көзөмөлдөөгө белсенген сыяктуу.

precedentinfo.kg