Жорум

Мөңгүбү же экинчи аялбы? Ким жеңет?

7 декабря 2017 г. 10:21 974

Эми сүйүнүчтүү кабар. Ким кимди отургузганы, же кимдир бирөөнүн экөө менен жатканы жөнүндө эмес. Менин бул көп аялдуулуктун тегерегиндеги ызы-чууну атайын алоолондуруп жатышат деген шегим бар. Бул маселени светтик жана диндарлык менен байланыштырып жатышканы да коомчулуктун көңүлүн мөңгү көйгөйүнөн алаксытуу үчүн керек сыяктуу.

Кыскасы мөңгүлөргө тийбөө маселесиндеги жараянды артка кайрып келүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул мүмкүнчүлүк кичине болсо да бар. Кыска текстти толук окусаңыз бул тууралуу билесиз. Орусчасы керек болсо шилтеме менен өтүңүз.

Precedentinfo уюмуна белгилүү болгондой, Бишкектик район аралык сот “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КРдин Суу кодексине өзгөртүү киргизүү” жөнүндө КРдин мыйзам токтомун жокко чыгаруу боюнча административдик дооматын кабыл алды.

Административдик доомат кабыл алынгандан мурун жогоруда аталган мыйзам күчүнө кирген. Ажолук макамды тапшырганга бир нече күн калганда, азыр экс-президент болгон Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол койгон.

Кабыл алынган мыйзам боюнча Суу кодексинин мөңгүлөргө тийгенге болбойт деген эрежесине өзгөртүү киргизилгенин эскерте кетели. Атайын тактоо боюнча Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү мыйзамдык коргоонун сыртына чыгарылган. Бул өз учурунда мөңгүлөрдүн абалына жана андан ээрип чыккан суунун сапатына таасир бериши мүмкүн.

Мыйзамга үчүнчү окуудагы добуш берүү учурунда кетирилген олуттуу укук бузуулар сотко берүүгө себеп болгон. Мисалы бул пленардык отурумга катышпаган көп депутаттар добуш берди деп катталып калган. ЖКнын спикери Дастан Жумагулов катышпаган депутаттардын компьютерлерин жаап коюш үчүн алардын тизмесин жарыялаган эмес.

Андан сырткары кээ бир депутаттар добуш берүү залында бар болгону менен катталбай коюп, добуш берүүдөн качкан. Мындай учурда добуш берүүдөн качууга мыйзам жол бербейт.

Бишкектик район аралык соттун баштапкы отуруму 2017-жылдын 20-декабрында саат 11де башталмакчы.