Маданият/Искусство

Орус ЖМКларынын калптары

6 декабря 2017 г. 21:12 579

«Мага ЖМКны берсеңер болду, бүтүндөй өлкөнү чочкоканага айлантам» (Пауль Йозеф Геббельс)

2014-жылдын июль айында ОРТдан, же Орусиянын 1-каналынан Славянскка кирип келген украин жоокерлеринин 3 жашар баланы тирүүлөй кыйнап өлтүргөнү айтылат. Ростов облусунан качып чыккан эне украин аскерлери элди аянтка чогултуп алып кандай кыйнаганын, ал тургай ич кийимчен баланы энесинин көзүнчө айкаш жыгачка кадап өлтүрүшкөнүн укмуштуудай сүрөттөп берет. «Алар келип эле бардык элди аянтка чогултушту. Көпчүлүк эркектер согушка кеткендиктен жалаң эле жаш балдар, кары-картаңдар, аялдар болчу. Бир маалда украин жоокерлери ич көйнөкчөн 3 жашар баланы алып чыгып тактайга кермей болушту. Энесин болсо баласынын кыйналганын көрсүн деп күч менен кармап турушту. Байкуш баланы мык менен айкаш жыгачка чыркырата кагып, кыйналып өлсүн деп курсагын тилип салышты. Бала эл алдында бир жарым саат кыйналып жатып жан берди. Чогулган эл бул тири укмушту карап тура албай боздоп ыйлап, ал тургай эсин жоготкондор болду», - деп сүрөттөйт аял.

Төмөндө ошол окуяны айтып берип жаткан аялдын сүрөтү берилди. Ал жерде көрүнүп тургандай ал Путин катышкан иш-чараларда дайыма көпчүлүктүн ролун аткарып жүргөн артисттин аялы. 2 баласы бар. Айтмакчы, ушул эле сүрөттөн Путин катышкан канчалаган окуялар атайын жасалганын да билүүгө болот.

РенТВ баштаган бир катар орус каналдары «Азов» взводунун жоокерлери бир ополченецти тирүүлөй өрттөп жибергени көргөзгөн. Бул жерде «артисттер» бир канча жеринен жаңылган. Мисалы тасмада алар өздөрүн «Азов» батальонунанбыз деп тааныштырат. А чынында Азовдуктар өздөрүн эч качан батальон дешкен эмес. Андан сырткары ополченецтерди «москальдык мыкаачылар» дешет. Чынында москаль деп орустар москвалыктарды айтышат. Украиндер болсо орус баскынчыларын москаль эмес, «путиноиддер», «сепарлар», «наёмниктер» дешет. Кыскасы, бул тасма караңгы түндө тартылып, беткап кийген жоокерлер дагы бир беткапчан кишини баса калып айкаш жыгачка кагат. Бирок эч кандай кан акканы көрүнбөйт. Анан калса орустун жүрөгүнүн суусун алабыз деген «кылмышкерлер» ушунун баарын уюштуруп келип, так кызыктуу жерине жеткенде, киши эми өрттөнөт деген убакта тасманы токтотуп коюшкан.

Кыргызстанда кул болгон Флорид

«Калп канчалык шумдук айтылса, ал ошончолук ишенимдүү» (Йозеф Геббельс)

Орус жараны Флорид аялы менен ажырашкан соң эмнегедир Кыргызстанга иштеп акча тапканы кетет. Ошондон тартып 18 жыл бою андан кабар болгон эмес. Бир жолу гана эжесине чалып, кыргыз тоолорунда эшектей иштеп, кул болуп жүргөнүн айтат. Бир күнү эле Флориддин уулу Фарид небереси Ибрахим менен атасын издемекке орустун айтылуу «Жди меня» аттуу программасына кайрылат. Атасы кеткен кезде 17 жашта болгон. «Азыр 33төмүн» дейт ал. Ошондон бери издеп таппай келген имиш. Так ошол кездерде программанын журналисттерине бир аял чалып, Флоридди 30 жылдан бери (жоголгонуна 18 жыл болгон), тагыраак айтканда анын айылына кул болуп келгенден бери тааныырын айтып, ага жардам бергиси келгенин билдирет. Бирок, кимдир бирөөдөн коркконунан улам аты-жөнүн айтпай, жашыруун калгысы келген имиш. Натыйжада анын айтуусу боюнча Флорид Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынан табылат. Программанын алып баруучулары айтылган айылга барып, Флоридди айылда бакчада иштеп жүргөн жеринен табат.

Чынында так ошол тапкан жери бир укмуш. Бул жерде орустар айдатып барган таксисттен тартып, Флоридди «кул кылып жүргөн» үй ээлерине чейин карапайым кыргыздар. Тек гана аларга программанын өзөгүн башкача түшүндүрсө керек. Себеби, алар кул, кул эмес дебей баарын эле сыйлап, коноктогусу келип жүрөт. Паспортун бергиле десе паспортун кармата салып (Флорид негедир жакында эле паспорт ала калыптыр), кетем десе, «Эмне бүгүн эле кетип каласыңбы?» деп (жатып кеткиле дегендей), учакка билет алабыз десе, «Ой жок дегенде Бишкеке жеткирип койолу» деп атышат. Ал тургай кетээринде бала-чакасы менен чыгып Флоридди, келген орус конокторду кош колдоп узатып калышты. Ошол жерден берүү токтотулуп, дароо эле Суусамырдан улантыла баштады. Негедир бир боз үйгө токтоп кымыз ичкени кирип бараткан жерден алып баруучу Флориддин Орусиядагы эжесине чалып телефонду Флоридке карматты. Тигил болсо ары-бери учураша салып эле 18 жыл кул болуп жүргөнүн, жарым тонна жүктү жалгыз ташыганын, тигилер тамак ичип отурганда жалгыз иштеп атканын, бир жолу качам деп кармалып ит болгонун шатыратты. Негизи чыныгы турмушта ошончо жылдан бери көрүшпөй, бири-бирин укмуштай сагынышкан жакын туугандар (бышактап ыйлап атышкан) ал-жай сурашып, азыр кайда экенин, билет алынган-алынбаганын, качан келээрин, ден соолугу кандай экенин сурашмак. 18 жылдан берки тарткан азабын үйдөн деле айтып берсе жетишет эле деген ой кетет. Андан да кызыгы, журналисттин «Сага окшоп кул болуп жүргөндөр көппү?» деген суроосуна «Жетишерлик бар. Толтура» деп жооп кайтарганы кызык. Муну менен булар эмне максатты көздөгөнү, кимди кимге жаман көргөзө албай атканы табышмак. Болбосо биздин элде орусту эч ким деле кул кылгысы келбейт эмеспи. Ичкенден башканы билбеген жалкоо немеге кой кайтарганды үйрөтөм дегенден көрө бир ит багып алсаң, ошол тезирээк үйрөнөт эмеспи.

Орус элчисинин «эрдиги»

2016-жылдын 28-декабрында «Россия» телеканалынан Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун укмуштай эрдиги даңазаланды. «Телефондон 13 жашар кыз менен 5 жашар бала Бишкек шаарында көчөдө калып, айласы жок кайыр сурап жүрөт деген кабар келди. Чынында эле балдар өтө оор абалда экен. Натыйжада тез арада жетип барып, балдарды таап, медициналык жардам көргөзүп, курсактарын тойгуздук. Үстүндөгү кийимдерин жаңыртканча документтерин даярдап аттык», - дейт ал журналистке жооп берип жатып.

Бирок, ошол эле элчиликтин вице-консулу Анастасия Антонованын билдирүүсүнүн жанында элчинин айткандары шоона эшпей калды. «Жетимдер апасы менен чогуу жашаган киши аркылуу сыгандарга сатылып кетиптир. Алар болсо балдарды Кыргызстандан алып чыгып, кишинин органдары менен иштеген кылмышкерлерге сатмак экен. Кудай жалгап кыз иниси менен качып чыгып, кошуналардын үйүнө жашынганга жетишип аман калган», - дейт ал.

Ошону менен бул кабар дуулдап эле жатып калды. Бакыйган «Россия» каналынан орустун элчиси өзү отуруп алып сүйлөп аткан соң, шектенип эмне кереги бар. Жамырата көчүрүп, шатырата таратып башташты. Анткени менен бул кабар бир гана орусиялыктардын эмес, кыргызстандыктардын да оозун Ошту каратты. А Эмгек жана коомдук өнүгүү министрлигинде иштегендер такыр эле өзүн жоготуп койду. Аларды таң калтырганы окуянын коркунучтуулугу эмес, өздөрү күбө болгон окуяны орус журналисттери, ал тургай килейген орус дипломаттары таптакыр бурмалап, аягын башы, башын аягы кылып көрсөтүп жатканы болду. Көрсө окуя таптакыр башкача болгон экен.

«Биз ал балдарды милициянын шаардык бөлүмүнүн жетекчисинин, шаардын вице-мэринин, райондук коомдук өнүгүү бөлүмүнүн кызматкеринин көз алдында вице-консулга өткөрүп бергенбиз. Катышкандардын бардыгы күбөлүктөргө кол коюп, балдарды өткөрүп берүү алардын өз эрки менен жүзөгө ашкан. Ал тургай ал жерде балдардын көзү өтүп кеткен энеси Натальянын тууганы Ирина Миргородская да бар болчу. Аня менен Тимофейди ал аял өз колу менен вице-консул Антоновага тапшырган. Миргородская өзү Германиянын жараны. Ал жетим балдардын аянычтуу тагдырын угуп, атайын Кыргызстанга учуп келген», - дейт Эмгек жана коомду өнүктүрүү министерствосунун үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Жумабаева. Баса, бул кызматтагылар орус элчилигине өткөрүлөөрдө балдардын абалы кадимкидей эле болчу деп кошумчалашкан.

Мына ушул жөнөкөй окуяны орус элчиси эмнеге минтип көбүртүп-жабыртып ийгени белгисиз. Жанына эмне күч келди экен? Же Орусиянын борборунан алда-кайда алыс калып, же бир көйгөй менен кайрылган орус жок, же бир урушайын десе душман жок, кулак-мурун кескендей тынчтыкта жата берип эриккенде ойлоп тапкан эрмеги ушул болгонбу? Же булар өтө так, өтө чынчыл болуп жүрүп көкүрөгү көөп жарылганы калганда ушунтип дүңк эткизе «бомба жарып» ийип эс алып калышабы? Анан да булар азыр ушунча калп айтып атса, анда 200 жылдан бери бизге айткандарынын канчасы чын болду экен?

Деги карап отурсаң орус каналдары пропагандага, калпка, ушак-айыңга толгон. Чынында диктатор бийликке келип, өз билгенин кылып аткан жерде сөз эркиндиги сакталып, чындык чагылдырылат деп ойлоо акыл-эстүү кишиге жарашпаган иш. Эптеп элди алдап, курсагын тойгузбасаң да, көңүлүн улап туруш үчүн ойлоп табылган сандар, эл түшүнбөгүдөй оор терминдер менен айтылган акылдуу кептер, ыйлап-сыктаган артисттердин жардамы менен бурмаланган окуялар, атайын даярдалган «адистер», «күбөлөр», «жапа чеккендер» катышкан ток шоулар, деги койчу, ЖМКда калптын кырк бир түрү бар. Булардан аз-аздап мисал келтирсек деле болмок, бирок бүгүнкү макалабыз толуп, убактыбыз чектелип калды. Калган кызыктуу калптарды кийин чагылдырып берүү ниети менен, саламатта тургула.

Баса, мунун баары орус ЖМКларында эле болот, биздикилер жана башкалар аппак дегенден алыспыз.