Экономика

BIF – иштерман менен капчыктуунун кезиккен жери

6 декабря 2017 г. 18:57 842

Бишкек инвестициялык форуму (BIF) 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Түзүлгөн келишимдердин суммасынын динамикасын караганда эле анын ыкчамдап келатканын байкаса болот. Биринчи жылы 750 миң долларга келишим түзүлсө, былтыркы келишимдердин суммасы 3 млн доллардан ашкан.

Евразиядагы экономикалык тенденцияга жараша быйылкы BIFте регионалдык кызматташууну жандантуу максаты коюлган. Ошондуктан Казакстандан келген ишкерлер жана Өзбекстан менен Тажикстандын Соода өнөр-жай палаталарынын өкүлдөрү быйылкы форумдун негизги баяндамачылары болушту.

Кыргызстанга ички жана сырткы инвестицияларды түздөн-түз тартуу да иш-чаранын негизги максаттарына кирет. Бул жөнүндө ири компаниялардын өкүлдөрү кеңеш берип, жалпы талкуулар өткөрүлдү.

Адаттагыдай жыл бою келген 200 долбоордун ичинен BIFке он бири тандалып алынган. Жарышты утуп алган ишкерлер бүгүн өз долбоорлорун сунушташты. Мындан сырткары түштөн кийинки инвестор менен ишкер (I2B) жана ишкер менен ишкер (B2B) форматындагы жолугушууда ар ким кызыккан тарапка өз долбоорун көзмө-көз отуруп сунуштай алды.

Негизинен аталган он бир долбоор айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүгө, экспорттук товарларды өндүрүүгө, тейлөө жана курулуш тармактарына багытталган.

Быйылкы форумга Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан сырткары Индия, Түркия, Германия жана Сингапурдун ишкерлери катышты.

BIF-2017 форумуна кыргыз өкмөтү да өзгөчө көңүл буруп келет. Кыргыз Республикасынын вице-премьери Толкунбек Абдыгулов: «Үч жылдан бери өткөрүлгөн Бишкек инвестициялык форуму кыргыз бизнесин жандантууда. Катышуучулар жыл сайын артып, форум регионалдык мүнөзгө ээ боло баштаганы сүйүнтөт. Мен BIF Борбор Азиялык кызматташууну өнүктүрөт деп ишенем. Форумдун катышуучуларын Кыргыз Республикасына инвестиция кылууга чакырам. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, биз Евробиримдиктин ВСП+ статусун да алдык. Бизнеске ылайыктуу шарттарды түзүп жатабыз», - деди.

Кыргызстан коррупция жана бизнести жүргүзүү жеңилдиги боюнча дүйнөнүн акыркы саптарында жүргөнүн эске алганда вице-премьердики бир аз апыртма сөз болду, бирок «жакшы ниет – жарым ырыс» деп илгери үмүттө бололу.

Сапар Исаковдун премьерлигинде бөлүмдөн агенттик даражасына чыгарылган Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эсен Момункулов: «Коомчулук жаңы өкмөткө чоң үмүт артып турат. Реформа кылууга саясий эрк бар. Чакан жана орто бизнеске шарт гана түзүлсө, ишкерлер баардыгын алдыга сүрөп кетээрине толук ишенебиз. Биз ушул кезге чейин газ, нефтисиз эле демократиялык баалулуктар менен өнүгүп келдик. Мындан ары да дүйнөгө ачык болуп, дүйнөлүк тренддерден, инновациялардан калбай иштесек бизге жаңы базарлар ачылат. Эл аралык деңгээлдеги бизнес форумдун уюштуруучуларына чоң рахмат. Бишкек инвестициялык форуму Орто Азиялык Давос болооруна ишенебиз», - деп ЖИА бизнес ассоциясынын жакынкы жылдарга койгон амбициялык максаттарын кубаттап өттү.

BIF 2017: Борбор Азиялык кызматташуу актуалдуу жана реалдуу

Бишкек инвестициялык форумда Борбор Азиялык соода жана өнөр-жай палатасын түзүү сунушталды. Анын негизги кызматы – Борбор Азияга кызыккан инвесторлорго маалымат берүү болмокчу.

Бул демилгени казакстандык Sancore Capital компаниясынын жетекчилеринин бири Жапар Усенов көтөрүп чыкты. Анын айтымында Кыргыз Республикасында 6 млн, Казакстанда 17 млн, Өзбекстанда 32 млн калк бар. Ар бир өлкөнүн өкүлдөрү ири инвесторду өзүнчө издейт. Мындай инвесторду биздин бириндеген, майда базарларыбыз кызыктырбайт. Бирок бириккен 60 миллиондук базар инвестордун көңүлүн бурат. Бул сүйлөшүүнүн башка деңгээли болот.

Бирдиктүү Борбор Азиялык соода жана өнөр-жай палатасы регион ичиндеги экономикалык катнаштарды да жандандырмак. Ал жерде ички жана сырткы инвесторго кайсыл өлкөдө кандай долбоорлор колдоого алынганы, бизнес жүргүзүү шарттары жөнүндө кабар берилмекчи.

Кыргызстан, тактап айтканда Бишкек инвестициялык форуму ири бизнес демилгелерди көтөргөн аянтча болуп бере алат. Анткени Евробиримдиктеги негизги демилгелер дайыма бири-бирин кызганып келген Франция менен Германияда эмес, Бельгияда көтөрүлөт дешет форумдун катышуучулары. Ошондуктан регионалдык инициативалар Борбор Азияда атаандашып келген Казакстан менен Өзбекстанда эмес, Кыргызстанда жарыяланса туура болот деген пикир айтылды BIF форумунда.

Кыргызстанда орто жана чакан бизнес

Кыргызстанда чакан жана орто ишканасына каржы издеп, түз инвестиция тарткан ишкерлердин абалы кубандыраарлык эмес. Кыргызстандык ишкерлер инвестиция тартуу, жада калса сапаттуу бизнес план түзүүнү билбейт деген сындар көп айтылып келет.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да ушул себептен улам көп бизнес долбоорлорду жактырбай, кабыл албай жатканын билдирген.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз пайызга өскөн. Бирок бул деле өлкөгө келген чет элдик түз инвестиция агымынын жогорку темпи эмес.

Инвестициянын ири бөлүгү мурдагыдай эле тоо-кен тармагындагы ири долбоорлорго жумшалууда. Мындай өндүрүштөр өлкөдө кошумча наркты пайда кылганы менен кендерди чийки зат боюнча сыртка алып чыгып кетүүдө. Буга окшогон инвестициялар экономикага оң таасир бергидей пайда алып келе албайт экени белгилүү.