Экономика

​Жээнбеков менен Назарбаев Минскте эмне бүтүмгө келишти?

5 декабря 2017 г. 19:58 751

Deutsche Welle Кыргыз республикасы менен Казакстандын ортосундагы тирешүү аягына чыккансыйт дейт. Коңшу мамлекетте президент өзгөргөн соң Казакстан чек араны толук ачты. Кремлдин жардамы тийдиби?

4-декабрда КазТАГ маалымат агенттиги кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүүчү пунктунда элүүгө жакын гана жүк ташуучу унаа кезекте турат деп билдирди. Эки күн мурун, 2-декабрда өлкөлөрдүн өкмөттөрү “жол картаны” макулдашуу кагазына кол коюшкан.

“Жол картасы” жаңжалды токтотобу?

Андан мурун жаңы эле макамга келген Кыргызстандын президенти Соорондай Жээнбеков менен Казакстандын ажосу Нурсултан Назарбаев сүйлөшкөн. Алар өткөн аптанын аягында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) өлкө башчыларынын Минсктеги саммитинде жолуккан. СССРден бери келе жаткан эң тажрыйбалуу лидер менен жетекчиликке жеткенине бир нече сутка гана болгон президенттин жолугушуусу жигердүү өттү. Алар чек арадагы жаңжалды тескөөнү сүйлөшкөн.

Минскте журналисттердин алдына чыккан казак президенти келишим Кытай чек арасын да камтыйт деген. Бирок чек арага тиешелүү маселенин баары атайын “жол картасынын” алкагында чечилмекчи болгон. Бул кыргыз-казак жумушчу тобуна жүктөлгөн. Сооронбай Жээнбеков болсо чек арадагы тыгын “жол картасы” макулдашканга чейин эле жок болот деп кыргыз жарандарын сооротуп кетти.

Эмесе дипломатиялык ноталарды тапшырууга, ачуу сөздөрдүн айтылуусуна, кыргыз тарапта бир нече аптага созулган жүк ташыган автоунаалардын тыгынына алып келген жаңжал ушуну менен аягына чыкты десе болобу?

Кыргыз-казак жаңжалынын түпкүрү

Орус серепчиси Аркадий Дубнов жаңжал түтөгөн бойдон турат деген ишенимде. Анткени маселе Кыргыз Республикасы менен Казакстандын гана эмес, жалпы Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген мамлекеттердин ортосундагы келишпестиктерге байланыштуу. “Бул конфликт айсбергдин суудан көрүнүп турган гана учу. Анын көбү тереңде жатат. Ал ЕАЭБге кирүүдөн мурун Кыргызстанга коюлган талаптардын чечилбегенинен келип чыгат. Аларды аткарууга акча менен атайын мөөнөт каралган”, - дейт эксперт. Кыргыз тарап ЕАЭБге кирген соң бажы постторуна фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл коюуга милдеттенген. “Бул айрыкча Кытай чек арасына тиешелүү. Маселе “Дордой” сыяктуу жүз миңдеген киши иштеген базарларды жаап, ЕАЭБге Кытайдан кирип жаткан көмүскө импортту токтотуп, бийликке да жакын структуралардын кирешесин азайтууда болуп жатат”, - дейт серепчи.

Бул бийликке жакын структуралар убагында Алмазбек Атамбаевдин маселени чечүүсүнө тоскоол болуп жаткан, аны ал билбей калган деп айтууга болбойт деп эсептейт Аркадий Дубнов.

“Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Бабанов менен жолукканда Атамбаев анын тиешелүү макамдарга өз кишилерин жайгаштырып, реалдуу бийлигин улаганына Астана каршы экен деген бүтүмгө келип, муну Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишүү деп жар салды. Бирок ал айсбергдин суудан чыккан тарабына эле ишарат кылды. Астананын чыныгы кыжырын кайнатып жаткан нерсе – чек арасында коңшулук жана өнөктөштүккө жамынган өзүн билемдикке көз жума албагандыгы экенин Атамбаев түшүнүп эле турган”, - деген пикирин айткан Дубнов. Ошондуктан Атамбаевдин жеке абройго чейин асылган реакциясын Астана чек арадагы баш аламандык маселесин кабыргасынан койгонго колдонду деген ойдо эксперт.

Кыргыз президентинин колунан эмне келет?

“Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгондон кийин Казакстанга өтө көп арзан товар кирген. Бул казактардын ички базарында чоң көйгөй жаратты. Ошондуктан эртели-кеч бул маселе чечилиши керек болчу. Астана кыргыз президенттигине жаңы киши келип жатканын буга чейин бүтпөй жаткан маселенин баарына чекит коюуга пайдаланса болот деп ойлогон окшойт”, - дейт Италиядагы Евразиялык изилдөөлөр институтунун башчысы Андреа Жанотти.

Анын ою боюнча мындай саясаттын натыйжа бериши шектүү. Бирок буга Казакстан гана кызыкдар эмес экенин эске алуу керек. “Кыргызстан айрыкча саясий жактан алганда ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн маанилүү өнөктөшү. ЕАЭБде Кытай менен кызматташуу жана Кыргыз Республикасынын ички жана сырткы коопсуздугу маселелери курч. Ошондуктан Минскидеги казак жана кыргыз президенттеринин жолугушуусу Владимимр Путиндин белгилүү бир ортомчулугу менен өткөнүн жокко чыгара албайбыз”, - дейт Жанотти.

Аркадий Дубнов Сооронбай Жээнбеков Минскте керектүү багытта иш баштоо убадасын берген, ошондуктан эки өлкөнүн тирешүүсү басаңдайт, бирок тез өзгөрүүнү күтүп болбойт деген ойдо. “Биринчиден, Жээнбеков көп миллиарддаган киреше алып жаткан структуралардын каршылыгын жеңиши керек. Экинчиден, анын буга эрки бар дегенде да, 1-декабрдан баштап сырткы экономиканы тескөө тизгини формалдуу болсо да премьер-министрдин колуна өтөт. Чек ара “жол картасынын” талаптарын аткарууга Сапар Исаковдун алы жетеби деген маселе турат”, - дейт орусиялык серепчи.

Бул чыныгы кризиспи же ЕАЭБдин ирденишине байланыштуу көйгөйбү?

Москванын ортомчулугуна келсек, Аркадий Дубнов кыргыздын жаңы президенти Минскиден мурун орус борборуна кире кеткенин баса белгилейт. Ал Владимир Путин менен Дмитрий Медведевге жолуккан. Андан соң Минскиде Назарбаев менен Жээнбековду колтуктап турган Путиндин сүрөтү медиага тараган. “Бирок муну орус президенти элдин көзүнчө аларды жараштырды деп ойлоп албаш керек, мындай ортомучулук казак элитасына анча жакмак эмес”, - дейт ал.

Андреа Жаноттинин ою боюнча араздашуу убагында Москва өзүн кармады. Биринчиден, жаңжалдын Орусияга түздөн-түз тиешеси жок болчу, бул кыргыз-казак базарына тиешелүү маселе эле. “Экинчиден, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Орусиянын өнөктөштөрү. Бул өлкөлөрдүн аймагында, айрыкча КРде ОДКБнын мекемелери жана орусиялык аскерлер жайгашкан. Ошондуктан Орусия чечүүчү тарап катары кийлигишкен жок, бирок биротоло “эмне болсоңор ошо болгула” деп да таштап салган эмес”, - дейт Жанотти.

Итальян экспертинин баамында КР менен РКнын ортосундагы жаңжалды ЕАЭБдин кризиси катары карабаш керек. “Интеграциялык долбоорлор биригүүнү багыттаган кадамдарга муктаж. Бул АКШнын да, Евробиримдиктин да тарыхында болгон. Экономиканын, бажы көзөмөлүнүн, фитосанитардык мыйзамдардын дароо ыкташып кетүүсү кыйын. Жаңжал сөзсүз болот. Ошондуктан бул конфликт ЕАЭБдин өсүү белгилеринен”, - деген ойдо Андреа Жанотти.

Deutsche Welle, Борбор Азия