Саясат

Трамптын мурдагы кеңешчиси Флинн Орусия жана Түркия үчүн иштегенин мойнуна алды

4 декабря 2017 г. 15:14 400

Америкалык Wall Street Journal (WSJ) гезитинде Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн Федералдык Чалгындоо Кызматына (FBI) Орусия акыркы президенттик шайлоого кийлигишип-кийлигишпегени боюнча жүрүп жаткан тергөө ишинде жалган айтканын мойнуна алган. Бул ишке улай Трамп администрациясы менен түрк өкмөтүнүн башын оорута турчу жагдай да туулду. Флинн тергөөчүлөр менен кызматташуу өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана АКШнын кызыкчылыгы үчүн эң туура жол экенин билдирген.

WSJ гезитиндеги Dion Nissenbaum даярдаган кабарда Трамптын коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Флинн Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуусу жана түрк өкмөтү менен мамилелери жөнүндө Федералдык чалгындоо кызматына (FBI) жалган айтканын мойнуна алды. Флинн Анкарага багыт, кеңеш бергени боюнча дооматтарды мурда четке кагып келген.

Өткөн жума күнкү соттун берген маалыматында, былтыр Майкл Флиннге таандык Flynn Intel Group менен түрк ишкери Эким Алптекинге таандык Inovo BV фирмасынын ортосунда “Түрк өкмөтүнүн көзөмөлү жана багыттоосу” аркылуу 530 миң доллардык келишимге кол коюлганы белгилүү болду. Келишимде Flynn Intel Group АКШдагы инвесторлордун назарында Түркиянын имиджин оңдоо жана Фетхуллах Гүлендин АКШдагы жүргүзгөн иштерин изилдөө каралган.

Флинн тергөө учурунда www.thehill.com аттуу сайттагы Фетхуллах Гүленди каралаган макаласын жеке демилгеси менен жазганы жалган экенин, аны түрк аткаминерлеринин көзөмөлү жана багыттоосу менен жазганын да мойнуна алды. Буга чейин Флинн менен Эким Алптекин түрк өкмөтү аталган долбоорду каржылаган деген дооматты четке кагып келишкен.

АКШ мыйзамдары боюнча, башка мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон Америка жараны Адилет министрлигинде “чет мамлекеттин лобистти” катары катталышы керек.

Flynn Intel Group фирмасы өзүн Inovo фирмасынын лобистти катары 2016-жылдын сентябрында каттатканы менен, Түркия жөнүндө маалымдаган эмес.

“Майкл Флинн АКШнын Адилет Министрлигине Түркиянын кызыкчылыгы үчүн иштегенин март айына чейин билдирген эмес. Орусиянын акыркы президенттик шайлоого кийлигишип-кийлигишпегени боюнча жүрүп жаткан тергөө ишинде Түркия проекти көңүл чордонуна айланды. Флинндин бул иштери тууралуу Трамптын администрациясындагы башка аткаминерлердин кабары жок болушу мүмкүн. Бул иштин тергөөчүлөрү Флинн сотко көрсөткөн документтерде Түркия боюнча документтерди атайын бербегенин аныкташкан. Ал буларды Орусия менен байланыштуу тергөө ишинде кызматташуу үчүн колдонгондой көрүнөт. Кече жума күнү ачыкка чыккан документтерде Түркия жөнүндө маалыматтар ката жана атайы берилбегенин моюнга алганы менен, бул боюнча азырынча күнөө коюла элек.

Эким Алптекин тууралуу пикирин айта элек. Алптекиндин өкүлү ал мурдагы көрсөтмөлөрүнөн танбай турганын гана билдирип, Флинндин Түркия жөнүндө айткандарына “аябай таң калды” деп гана тим болду. Түрк өкмөтүнөн да азырынча комментарий келе элек.

Флинндин түрк өкмөтү үчүн аткарган иштери атайын прокурор Роберт Мюллер дайындалган АКШдагы акыркы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишип-кийлигишпегенин тергеген иштин көлөкөсүндө калды. Анын Түркия проекти эми Трамп менен кызматташууга жана жаңы мамиле курууга түрк өкмөтү үчүн көбүрөөк тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

WSJ гезити мурдагы айда АКШдагы акыркы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишип-кийлигишпегенин иликтеген тергөө ишинде Фетхуллах Гүленди АКШдан уурдап, Түрк өкмөтүнө тапшырып берүү үчүн Майкл Флинн менен анын уулуна 15 миллион доллар сунуштаган деген ыктымал да териштирилип жатканын жазып чыккан.

Майкл Флинн Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуусу тууралуу вице-президент Майк Пенс жана Президенттик Администрациянын тийиштүү кызматкерлерине жалган айтканы үчүн кызматынан чегингенге мажбур болгон. Болгону 24 күн кызматта тура алган Флинн буга чейин Түркия Өкмөтү менен мамилеси тууралуу эч кимге маалымат берген эмес.

Булак: https://www.wsj.com/articles/in-plea-deal-flynn-ac...