Адабият/Тарых

«Китеп – жашоо булагы!» V республикалык китеп окуу конкурсу

4 декабря 2017 г. 12:38 471

2018-жылдын 1-апрелинде «ОКУ! Жараткан Эгеңдин аты менен!» долбоорунун алкагында Кыргызстан Ислам университети, «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду жана «Дилазык» басма үйү тарабынан Республикалык деңгээлде китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө арналган «Китеп – жашоо булагы!» аттуу конкурс уюштурулмакчы. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө жалпы акчалай сыйлыктан тышкары алдыңкы орундарга Умра сапарына 4 жолдомо берилет.

Сынагы үч китептин негизинде Бишкек шаарында жана облустардын борборлорунда өткөзүлөт. Сынакка катышууну каалаган КРнын жарандары, жашына улутуна карабастан www.oku.biz.kg сайты (онлайн), ватсап кызматы, уюлдук телефондор аркылуу конкурска алдын ала катталуусу шарт. Каттоо 2018-жылдын 1-январынан башталып, 20-мартында аяктайт. Сынак тест түрүндө өткөзүлөт. Сынактын жыйынтыгы электрондук (оптикалык) текшерүү ыкмасы менен чыгарылат.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 2018-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт.

Конкурс «Жүрөктөрдүн ачкычы», «Адам акысы», «Взаимные права людей» аттуу үч китептин негизинде өтөт. Катышуучулар үч китептин бирөөсүн гана тандап, тандаган китеби боюнча сынакка катыша алат. Ар бир китеп үчүн 1ден 10-орунга чейин сыйлыктар берилет. Республикалык жалпы белектерден тышкары, ар бир облустан алдынкы орунду алган жеңүүчүлөр үчүн да өзүнчө баалуу белектер ыйгарылат.

«ЖҮРӨКТӨРДҮН АЧКЫЧЫ» (МУКАШАФАТУЛ-КУЛУУБ)

1-орун: УМРА сапары

2-орун: УМРА сапары

3-орун: 50 000 сом

4-орун: 40 000 сом

5-орун: 30 000 сом

6-орун: 20 000 сом

7-10-орундарга кызыктыруучу белектер.

«АДАМ АКЫСЫ»

1-орун: УМРА сапары

2-орун: 30 000 сом

3-орун: 20 000 сом

4-орун: 10 000 сом

5-орун: 5 000 сом

6-10-орундарга кызыктыруучу белектер.

«ВЗАИМНЫЕ ПРАВА ЛЮДЕЙ»

1-орун: УМРА сапары

2-орун: 30 000 сом

3-орун: 20 000 сом

4-орун: 10 000 сом

5-орун: 5 000 сом

6-10-орундарга кызыктыруучу белектер.

Китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө арналган республикалык китеп окуу конкурсу 2014-жылдан бери ыйман баалуулуктарын, асыл адеп-ахлакты китепкөйлүк жолу менен элге жеткирүү аркылуу жалпы журтубузду биримдикке, тынчтыкка жана бейпилчиликке үндөп, Ислам динибиздеги Матуридия акыйдабыз жана Ханафий мазхабыбыздын негизиндеги дин илимдерин үйрөнүүгө салымын кошуп, жалпы коомчулукту түз жолго багыттоону максат кылып уюштурулуп келүүдө.

Байланыш телефондору: 0 772 331 343, 0776754947

Интернет баракча: www.oku.biz.kg