Саясат

​Башка да тийбе, тилди да кеспе!

4 декабря 2017 г. 12:16 597

Саресеп сайты 24-ноябрда президенттик макамын тапшырган Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө жана чыныгы эгемендиктин орношуна кошкон үлкөн салымын баалайт. Ошону менен бирге укук коргоочу, журналист жана ЖКМларга колдонулган чараларды демократия жана парламентаризмге каршы деп эсептейт. Төмөндө бул тууралуу эл аралык Human Rights Watch жана Сөз эркиндигин коргоо комитетинин билдирүүлөрүн жарыяламакчыбыз

HRW: Кыргызстандын Жогорку соту сөз эркиндигин кысымга алган чечимди күчүндө калтырды

Кыргызстандын Жогорку соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындагандарга «абийир жана ар-намысына» шек келтирди деген төмөнкү инстанциядагы үч чечимди күчүндө калтырып, сөз эркиндигине олуттуу сокку урду. Бул тууралуу Human Rights Watch укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө айтылган.

“Таң калычтуусу, президент Алмазбек Атамбаев шайланган жана мөөнөтү бүткөндө макамын тапшырган Борбор Азиядагы биринчи ажолордун катарында деп таанылган. Эл аралык байкоочулар бул соттук чечим “демократиялык институттарды бекемдегенине салым кошкон” деп баалаган октябрь айында өткөн шайлоодон кийин чыгарылган”, – деп айтылган билдирүүдө.

Уюмдун баамында дискредитация жөнүндө доо арыздар негизги демократиялык институт катары Кыргызстандын сот системасынын алсыздыгын ашкереледи. Мындай чечимдер иштеп турган демократиянын олуттуу компоненттери болгон пресса эркиндиги менен бирге сөз эркиндигине запкы берет. Дал ушундай соттук чечимдер Атамбаевдин аброюн булгайт.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин билдирүүсү

Бүгүн 30-ноябрда укук коргоочу Чолпон Жакупова, «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын секретариятынын жетекчилери Таалайгүл Токтакунова жана Канат Азиз, «Заноза» сайтынын негиздөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айыпка каршы чыгарылган Жогорку соттун адилетсиз чечимдери Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө аракети болуп эсептелет.

Мындай чечимдер менен соттор өлкөдө бийликтикинен башка пикир болбошу керек экенин бекитет. Бул Апрель ыңкылабынан кийин президент, парламент жана өкмөт баш болуп жети жыл бою сот реформасы зарыл деген аракеттер ишке ашпай калды дегендик. Сот бийлиги президенттик аппаратка баш ийген курал бойдон калууда.

Баарынан өкүнүчтүүсү, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков келгенде да абал өзгөрбөй кала бергенинде. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сөз эркиндигин чектөө, саясий атаандаштарын куугунтуктоо жана бийликти сындагандарды жазалоо аракеттерин улантчудай.

Мындай саясат кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы жана мамлекет үчүн кооптуу. Журналист, саясатчы, чыгаан жарандарды бийликтин сөз эркиндигин чектөө, өзгөчө пикири барларды кысымга алуу жана оппозицияны жок кылуу аракетине каршы биригүүгө чакырабыз.

Бишкек, 30-ноябрь 2017-жыл