Жорум

Баарын кылган, бирок эч нерсеге жооп бербеген «Президент»

2 декабря 2017 г. 16:27 1548

Бизде президенттин макамы бир кызык. Акыркы жумада Конституциябыздан баштап, мыйзамдарга негизделген иш кагаздарына чейинки президентке тиешелүү ченем-укуктук акттардын баарын окуп жатам.

Президент бардык саясий жараяндарга катышат экен. Кол коёт, чыгарат, сунуштайт, бекитет, бошотот, жарыялайт, киргизет, көрсөтөт экен. Бирок бир да «камсыздайт», «аткарат» же «ишке ашырат» деген түшүнүк жок.

Ажо бардыгына кийлигише алат, бирок эч нерсеге жооп бербейт. Ага эч бир нерсени негиздеп, түшүндүрүп, коргоонун кереги жок экен. Бул макам ээн баштыктын символун чагылдыргандай.

Азыр биздин президент жөнүндө «Кудайдан коркконунан үч бүктөлгөн киши» деп айтылып жаткандай киши болсо да, акыры заалымга айланышы мүмкүн экен. Тегерегиндегилер ошого жеткирет.

Башында президент «Бул нерсенин керек экенин кантип түшүндүрөм?» деп сурайт. Кошоматчы укукчулары «Түшүндүрүүнүн эмне кереги бар, жөн эле кол коюп коюңуз», «Жөн эле кайтарып алыңыз», «Жөн эле дайындап салыңыз», «Жөн эле бошотуп салыңыз» дешет.

Чынында эле президенттик макам жакшы иштетилген самынга окшойт. Аны кармай албайсың, баары бир жылмышып чыгып кетет. Анткени мүмкүн болчу бардык жоопкерчилик башка макамдарга жүктөлгөн. Ошондуктан биздин мурунку Акаев, Бакиев жана Атамбаев деген президенттер жылмышып чыга беришти.

Бирок биз жоопкерчиликтерден качпашыбыз керек. Башка мекенибиз жок да. Ошондуктан парлменттик шайлоодо добушубузду сатпай, Жогорку Кеңешти күчтөшүбүз керек. Андан кийин президенттик макамды алып салса да болот.

Көйгөйсүз мамлекет жок. Биздин көйгөйлөр белгилүү, аларды үмүтсүздүккө түшпөсөк эле чечүүгө болот. Европада өзүнчө проблема. Мисалы Скандинавия өлкөлөрүндө көйгөйсүздүк көйгөйү бар. Эл бейпилдиктен тажаган, эч нерсеге умтула алышпайт, эч нерсе менен күрөшүүнүн зарылдыгы жок. Ошондуктан өз жанын кыйгандар көбөйө баштаган.