Адабият/Тарых

Жазуучулар союзу Солженицындан 28 жыл мурун кечирим сураган

2 декабря 2017 г. 15:41 515

1974-жылы Александр Солженицынды уюмдан чыгарып жиберүү менен катачылык кетиришкенин СССР жазуучулар союзу 1989-жылдын 30-июнунда расмий түрдө мойнуна алган дейт «Адабият жаңылыктары» порталы.

Эл алдында минтип кечирим сураганга чейин 15 жыл ичинде эмнелер гана болду?.. Ошондон бир аз мурдараак эле Парижде «Архипелаг ГУЛАГдын» биринчи тому жарыяланган. Натыйжада бир заматта эле Солженицынды учакка отургузуп ФРГга чыгарып салышат. Ошол күндөн тартып жазуучунун 1994-жылга чейин созулган тентимиштик, же эмигранттык жашоосу башталган. А жазуучулар союзу болсо Солженицынды расмий түрдө жериген.

Депортациядан кийинки күнү эле СССРдин министрлер советинин алдындагы басмадагы мамлекеттик сырларды сактоо бөлүмүнүн жетекчиси «Бардык китепканалардан жана китеп сатуу түйүндөрүнөн А.И.Солженицынга таандык эмгектер алынсын» деген буйрук чыгарган. «Иван Денисовичтин бир күнү», «Матрнениндин короосу», «Кречеткова бекетиндеги окуя», «Иштин пайдасы үчүн» жана «Захар-Калит» аттуу аңгемелери басылган «Новый мир» журналынын сандары бүтүндөй жок кылынды. «Иван Денисовичтин бир күнүн» жарыялаган «Роман-газета» журналынын 1963-жылдагы биринчи саны, «Советтик жазуучуга» чыккан новеллалары жана эстон, литва тилине которулган котормолору менен сокурлар үчүн басылган басылмалары да жоголду.

Солженицынга таандык кандай чыгарма болбосун «мапмайда кылып жоготкула» деген мыйзамга такалчу.

http://novostiliteratury.ru/2017/06/literaturnyj-k...