Саясат

​Түрк досьеси. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат

2 декабря 2017 г. 14:15 1559

Америкада колго түшкөн ирандык Реза Зарраф түрк бийлигиндеги ууруларды кантип тойгузганын Нью-Йорк сотунда далилдер менен айтып бере баштады. Буга биз түрк президенти Таййип Эрдоган баш болгон арам кекиртектер кантип карганып жатканын кошо кетели

Түрк бийлиги куу да. Кудай Тааланын ысмы менен оозун толтуруп карганганы карганган. Негизги оппозициялык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу Таййип Эрдогандын жездеси, кудасы, баласы, агасы кантип миллиондогон евролорду “бизнес бейиши” болгон аралдарга которгонун далилдер менен көрсөттү. Анан “Кайсыл бетиң менен элдин үйүндөгү алтындарды “Биздин банктарга тапшыргыла! Мамлекет баарыбыздыкы!” деп кыйкырып жүрөсүң”, - деди ал. Эрдоган Нью-Йорктогу Реза Зарраф соту тууралуу “Дүйнө АКШдан эле турбайт. Ал соттон эмне чыкса чыксын, биз туура иш кылдык” деп кутулду азырынча.

Булбулдун сайраганынан...

Күтүлгөндөй эле Реза Зарраф америкалык прокуратура менен келишимге келип, “айыпталуучудан” “күбө” статусуна өтө качып, “сайрап” кирди. Ал шейшембиден ишембиге чейин “ырдады”. Эмесе азыр анын шиңгилдеринен негизги, сенсациялуу жерлерине кыскача токтолсок:

1-шиңгил: Ошол кездин премьер-министри, азыркы президент Режжеп Таййип Эроган ирандыктардын миллиарддаган долларын өзүнө жакын эки банк аркылуу да которулуусун каалады. Бул каалоо ал кездеги каржы министри Али Бабажандын тиешелүү кагаздарга кол коюусу менен ишке кирди;

2-шиңгил: Ошол кездин экономика министри Зафер Чаглаян Реза Зарраб менен тыгыз иштеп, 50 млн еврого чейин пара алган;

3- шиңгил: Ошол кездеги Евробиримдик менен байланыш министри Эгемен Багыш ирандык шылуундун колунан 500 миң доллар сугунган;

4-шиңгил: Ал убактагы ички иштер министри 100 миң доллар алып, Зарраб үчүн баарына даяр болгон;

5-шиңгил: Түрк Халк банкынын мүдүрү келечегин камсыздаш үчүн 2 млн евро алып тынган.

Түркиядагы кылмыш ишинин бети АКШда ачыла баштады

Ушул жумада Нью-Йоркто башталган “Иранга каршы эмбаргону жарып өтүү” иши тууралуу далилдердин бир тобу 2013-жылдын 17-декабрында эле Туркиядагы сотко сунулган. Анда кызмат ордун кыянат пайдалануу, пара алуу жана мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы иштөө сыяктуу беренелер менен кылмыш иши ачылган.

Реза Зарраф кармалгандан 21 ай өткөн соң АКШда сот башталды. Америкалык прокурорлорго олуттуу далилдерди сунуп, тергөө менен толук кызматташууга сөз берген Зарраф сот башталаары менен мурункусундай айыпталуучу болбой, прокурорлор атагандай “жылдыз-күбө” сыпаты менен семинар өтүп жаткансып схемаларды тартып, көрсөтмө бере баштады.

Ушундан улам 2013-жылдын декабрында козголуп, бирок ал кездеги премьер-министр, азыркы президент Таййип Эрдогандын түздөн-түз кийлигишүүсү менен жабылып турган кылмыштардын курамы акырындап биригип, пазлдын толук сүрөтү чыга баштады.

Бул жерде окурманды чарчатып отурбай, окуяны кыскача айта кетсек. Ирандын өзөктүк долбоору күчөп бара жаткандыктан жана иран бийлигинин фанатизминен чочулаган АКШ бул өлкөгө каршы эмбарго киргизет. Бул экономикалык тосотту Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши да колдойт.

Ошондон баштап эмбаргонун шарты боюнча Иран сыртка саткан газ менен мунайынын акчасын түз ала албай калган. Анын ордуна башка өлкөлөрдүн банктарынан эсеп ачып, акчаларды ошол жерге котортуп, кийин товар менен гана Иранга алып кире алышмак болгон.

Мисалы, Иран элине керектүү товарлардын тизмеси Анкарага берилип, түрк банктарында жаткан каражаттарына товар алышмак. Бул ыкма менен Ирандык мунай-газдан түшкөн жүз миллиарддаган доллар Түркиянын товар өндүрүү жана кызмат сунуу тармактарынын да кирешесин асманга чыгарат болчу.

Бирок андай болгон жок. Ортодон пайда болгон ирандык Реза Зарраф аттуу шылуун өлкөсүнө накталай акча алып кирмекчи болгон. Бул максатына жетиш үчүн ал Иран менен Түркиядагы жогорку мамлекеттик кызматкерлерден, финансисттерден турган кылмыштуу топ түзүшү керек болгон. Натыйжада Иранда мындай кишилер тез эле табылган.

Реза Заррафтын айтымында, ал Түркиянын ошол кездеги экономика министри Зафер Чаглаянга жол таап, аны менен идеясын бөлүшөт. Алар түшкөн кирешени теңме-тең бөлүшүү шарты менен кызматташууну чечет. Чаглаян Заррафты Түркиянын мамлекеттик “Халк” банкынын мүдүрү Сулейман Асланга жөнөтөт. Албетте бул жерде да банк мүдүрү келечегин гарантияга алгысы келгенин айткан. АКШда тергөө жүргүзүп аткан сот Берман “Муну менен ал эмне дегиси келген?” деген суроого Зарраф “Менден пара талап кылгандагысы” деп жооп берди. Ал тургай ирандык шылуун С.Асланга берген 2 млн евронун дүмүрчөгүн да сотко көрсөттү.

Зарраф экономика министри Чаглаянга берип жүргөн акчанын суммалары жазылган блокнотту да сотко өткөрдү. Соттун “Мунун баарын эмнеге жазып жүрдүң эле?” деген суроосуна, “Берилген акчалар боюнча бир жолу түшүнбөстүктөр болгондон кийин жазып баштагам” деп, Сулейман Асланга берилчү акчалар бир жолу Чаглаянга кетип калганын айтты. Зарраф сотко экономика министрине берилген паранын 32 млн долларга жакынынын кагаздарын сунду.

Ирандан келген акчалар каржы тармагынын табитин козгоп, башынан бери бул иштен “каймак” алып жүргөн учурдагы президент Таййип Эрдоганга Vakifbank менен Ziraat Bankтын жетекчилери кайрылат. Ал кездеги премьер-министр Эрдогандын буйругу менен Кыржы министри Али Бабажан тиешелүү кагаздарга кол коёт. Бирок иш нугуна түшүүсү үчүн Евробиримдик менен байланыштуу министри Эгемен Багышка да кайрылуу керек болот. Натыйжада ал да пара талап кылган соң, бут кийим салган кутуга 500 миң доллар салынып, жеткирилет.

Ирандык мунай-газдан түшкөн акча өтө көп болгондуктан Зарраф Кытай менен Индия аркылуу да иш жүргүзүүгө аракет кылат. Бул үчүн ички иштер министрлигинен кагаз талап кылынган. Ошентип Реза шылуун Туркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлер менен таанышып, бул кагаз үчүн 100 миң доллар пара берген. Анткени менен бул иштин былыгын байкаган Индия менен Кытай аткаминерлери иштешүүдөн баш тартат. Кийин жакшы кызматташкан окшойт, Реза Зарраф ички иштер министри Гүлерге түрк полистеринин үстүнөн арызданганда, “Айланайын, сенин алдыңа жатып бербейимби!” деп жалбарганы бар.

Түрк полисинин “эң тыкыр жүргүзүлгөн кылмыш иши” деп аталган досьесинде видео, аудио, сүрөт жана документтерден турган миңдеген далил жыйналган. Үч министрдин уулдары менен Сулейман Асландын сейфтерге, бут кийим кутуларына тыгылган акчалары өтө так аныкталган.

Натыйжада үч жыл бою мыйзамдуу жолдор менен гана жыйналган далилдерге таянган сот иши мына жакында башталат деп турушкан. Чынында бир аз эле иш калган болчу.

Бир күнү Реза Заррафтын кулагына Стамбул полисинин Каржы кылмыштары боюнча кызматкерлери канчадан бери анын аркасынан жүргөнү жетет. Ал муну угаары менен Муаммер Гүлерге арызданат. Муаммер Гүлер өзүнө жакын полистерди Каржы бөлүмүнүн полистеринин аркасынан салат. Аны байкаган полистер тигил саткын полистердин аркасынан бөлүмдүн башка полистерин салат. Ошентип дүрбөп турганда ишти көзөмөлдөгөн прокурорлор кармоо операциясын тез баштоо буйругун берет.

Заматта үч минстрдин уулдары, Халк банкынын мүдүрү Сулейман Аслан жана Реза Зарраф миллиондогон евро/доллар салынган сейф жана кутулары менен колго түшүрүлүп, капаска солонот. Бул операция 17-декабрь күнү ишке ашкан.

Ошондон бир-эки күн өтпөй эле Таййип Эрдогандын уулу Билал менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү интернетке тарап кетти. Ал аудиотасмада атасы баласына “үйдөгү акчаларды тез арада жашыр” деп буйрук бергени, керели кечке акча ташып чарчаган баласынын “Ташып түгөтө албай жатабыз, үйдө үч миллиондой евро калды. Эми аны кайда катам?” деп арызданганы жазылган.

Арадан көп өтпөй, ошол жылдын декабрынын аягында премьер-министр Таййип Эрдоган “Өкмөттү төңкөрүү аракети болду” деп айкырып чыгып, коррупциялык иштердин бетин ачуу аракетинде жүргөн сотторду, прокурорлорду жана полистерди жумуштан чыгартып, 2014-жылы август айында, орозонун ооз жабаар убагынан тартып аларды камата баштаган.

Мына ошондон кийин Түркиянын аброю кургуйга кулап, учурда эң абийирсиз, калпычы жана заалым өкмөт тарабынан башкарылып калды. Миллиондогон киши иштен айдалып, жүз миңге жакын журналист, мугалим, сот, прокурор, полис, бизнесмен абакка солонду. Учурда абакта орун жоктугунан ууру-кескилер, ИШИМ менен байланышы бар коркунучтуу кылмышкерлер эркиндикке чыгарылууда.

АКШда кандай айыптар тагылууда

Нью-Йорктогу сот Иран эмбаргосун жарып өтүп, америкалык банктарды алдап колдонуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Прокурор Давид Дентон бул экономикалык гана эмес, Американын коопсуздугуна да коркунуч жараткан кылмыш деп баалады.

Ошентип ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат деген абал жаралды. Түркияда төрт-беш мамлекеттик чиновникти жоопко тартуу менен аякташы мүмкүн болгон кылмыш иши эми бүтүндөй Түркиянын абийирин айрандай төгүп турган учуру.

Албетте бул иштин моралдык гана эмес, материалдык да жоопкерчилиги бар. Мындан жеңил жана бир нече миллиондук кылмыштар үчүн АКШ европалык банктарга миллиарддаган айып пул салып, кээ бир банктарын банкрот кылган. Ал эми жүздөгөн миллиард долларды өз эсебинен кылмыш үчүн пайдаланган түрк банктары оңой менен кутулбайт. Мында катардагы бир-эки банк эмес, Түркиянын каржы системасы толугу менен шал болуп калышы мүмкүн.

Түркияда абал кандай?

Эми 2013-жылы 17-декабрда арам кекиртек аткаминерлерге каршы операция кылган полис жана прокурорлордун балдары менен жубайларын камап киришти...

Дүйнө масс-медиасынын өкүлдөрү Нью-Йорктогу Реза Заррабдын сотуна батпай кетсе, Түркияда журналистика Заррабдын кийип келген костюмунун үстүнөн жорум кылып олтурат...

Саясатчылар үстүртөн билдирүү кылып тим болушту...

Таййип Эрдоганды колдогон көпчүлүк калк "көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин" дегенсип кайдыгер...

Инсандыктан барган сайын алыстап бара жаткан түрк бийлиги түрмөдөгү миңдеген жапакечти өч алуу үчүн кырып салууга даяр деген маалыматтар тарап баштады...