Коом

Дүйнө чемпионаты – 2018. Тайпалар такталды

2 декабря 2017 г. 14:10 549

2018-жылы Орусияда боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык тартиби белгилүү болду.

Москванын Кремль сарайында өткөн чучу кулакта Англиянын мурдагы футболчусу Гари Линекер алып баруучу болду. Ошондой эле кеченин ачылышында Орусиянын мамлекет башчысы В.Путин менен ФИФАнын жетекчиси Ж.Инфантино турнирдин катышуучуларына ийгилик каалады.

Мурдагы футбол жылдыздарынан германиялык Мирослав Клозе, бразилиялык Пеле менен Кафу, англиялык Гордон Банкс, франциялык Лоран Блан, италиялык Фабио Каннаваро, уругвайлык Диего Форлан, аргентиналык Д. Марадона, испаниялык Карлес Пуйол жана орусиялык Никита Симонян чучу кулакка катышты. Ошондой эле программа орусиялык ырчы Алсу, америкалык рок-музыкант Нуно Беттанкур жана орус элдик бийлери коштолгон концерт менен коштолду.

Чучу кулактын жүрүшүндө чемпионатка катышуучу 32 команда 8 тайпага бөлүнүп, ар бир тайпада 4 команда күч сынашмакчы. Ошондой эле тайпадан ийгиликтүү суурулуп чыккан 2 команда кийинки турга жолдомо алат.

«A» -тайпасы: Орусия, Сауд Аравия, Египет, Уругвай

«B» - тайпасы: Португалия, Испания, Марокко, Иран

«C» -тайпасы: Франция, Австралия, Перу, Дания

«D» -тобу Аргентина, Исландия, Хорватия, Нигерия

«E» -тайпасы: Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия

«F» -тайпасы: Германия, Мексика, Канада, Түштүк Корея

«G» -тайпасы: Бельгия, Панама, Тунис, Англия

«H» -тайпасы: Польша, Сенегал, Колумбия, Япония.