Технология/Инновация

Кош, бейпил түн, же светодиоддуу жарыктын зыяндары

1 декабря 2017 г. 16:31 535

Жер бети түн караңгылыгынан барган сайын ажырап барат. Бул билинбеген менен флорага да, фаунага да өтө чоң зыян келтирүүдө. Бара-бара өнүккөн өлкөлөрдө түндүн түндөй караңгы болушу аны жарыктандыруудан да өтүп кетиши мүмкүн.

Алгач диод лампалары электр кубатын үнөмдөп, ашкере жарыктандырууга бөгөт болот деп ойлошкон. Бирок, LED технологиясынын арзандыгы элди мурдагыдан да көп аянтты жарык кылууга түртүп, бүтүндөй дүйнө боюнча жасалма жарыктын көлөмүн да, күчүн да арттырды.

«LED лампасын көчөлөрдө, аянттарда колдонууга анын арзандыгы менен электр кубатына сарамжалдуулугу негиз болгон», - деп айтылат изилдөөдө. «Мына ушул максат менен көптөгөн шаарлар LED панарларын жалпы жарыктандырууга колдонушту. Натыйжада, чынында эле ошол жергиликтүү аймакка кеткен электр кубаты да үнөмдөлгөндөй болгон.

Бирок эл аралык деңгээлде (көбүнчө улуттук деңгээлде деле) ушундай жол менен үнөмдөлгөн электр кубаты кайра эле башка аймактарды жарыктандыруу үчүн коюлган кошумча лампаларга кете баштады. Айтмакчы, бул жарыктандыруунун арзандашы мурда караңгы турган, же тек гана түнкүсүн күйгөн жайларга чейин жарык жетишине себепкер болду. Ушундан улам, көчөлөргө коюлган LED жарыгы аркылуу үнөмдөөнүн натыйжасы мурунку лампалардын эффективдүүлүгүн арттырууга караганда азыраак болду».

Мамлекет светодиодго өтүү аркылуу электр кубаты менен электр жабдыктарын үнөмдөөнү ишке ашыра албай калганы аз келгенсип, электрди чаржайыт колдонууну да арттырды. Улуттук мухиттерди жана атмосфераны изилдөө бөлүмү (УМАИБ) Suomi NPP спутнигине койгон VIIRS инфро кызыл радиометринин тарткан тасмалары боюнча, 2012-жылдан тартып 2016-жылга чейин жер бетиндеги жасалма жарыктандырылган аянт 2,2%га артса, ошол эле убакта дайыма жарыктандырылган аянттардагы жарыктын күчү да жылына 2,2%га артып отурган.Чынында бул сандар мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Себеби, иликтөө үчүн колдонулган спутник светодиод лампаларынын көгүлтүр түстөгү нурларын тарта албайт.

Анткени менен эл так ошол көгүлтүр түскө өзгөчө сезимтал келет. Бир катар иликтөөлөрдүн натыйжасында түнкү жарыктандыруу циркадиандык ыргакты (күн-түн алмашуусун) бузуп отуруп, уйку тартибинин башаламандыгына жана ден соолуктун бузулуусуна алып келет. Андан сырткары түнкү убакты жасалма жарыктандыруу өсүмдүктөрдүн чаңдашуусуна жолтоо болуп, түнкү жаныбарлардын, айрыкча, жер ооп бараткан канаттуулардын өзгөчө жарыктандырылган аймактарга келгенде багытын жоготуусуна себепкер болот. Себеби светодиоддун көздү жеген жарыгы Жараткан берген жылдыздарга жана айга жараша жолун табуу жөндөмүнө тоскоолдук кылат.

Акыркы кездерде көгүлтүр нурду азыраак тараткан «коңуру» светодиоддуу лампаларды колдонууга чакырык ташталып атканын угуп жүрөбүз. Бирок, текши ошону колдонуп кетүүгө дагы көптөгөн убакыт кетчүдөй. «Бир канча убакытка чейин жасалма жарыктандыруу көбөйгөндөн-көбөйүп, жер жүзүндө жарыктын табигый режими сакталган аймактар азайгандан азайып кете берет окшойт», - дейт изилдөөчүлөр.

«Анткени менен кийин-кийин өнүккөн өлкөлөрдө караңгы түн менен жарыктандырылбаган жайлардын талабы жарыктандыруудан да ашып өтчүдөй», - деп жыйынтыктайт изилдөөнүн автору.

Которгон: Насыпбек Асанбаев