Жорум

Чайна-Бишкек жана Токолофобия

30 ноября 2017 г. 17:34 4512

Эркеги болобу, аялзаты болобу, кыргыз коомунда экинчи аял темасы түбөлүктүү экен. Түбөлүктүү болгону аз келгенсип, актуалдуу да болуп келет. Кандайдыр бир эрежелер менен баш оорутпаган кытайга окшогон калк кыргыз кызын көздөй качырганы качырган.

Бир караганда эле көзгө урунуп турган фактыларга жараша жоруганга аракет кылалы.

Бишкекте кытай кафелеринин саны күн санап өсүп келет. Ал жерлерге кыргыз кыздарын жумушка “жаным” деп эле алат. Ар тилге жөндөмдүү кыргыздын кыздары Таатанга барсаң кытай кожоюнунун кызыкчылыгы үчүн сени көзүнүн төбөсү менен карап, беттен алчудай атырылат...

Энөө кыргыздын кичирайондорундагы жолдорунан бери кытай сала баштады. Бир аялдамадай аралык үчүн маршруткага түшө калган кытай жумушчулары 16-17 жаштагы, сыртынан ар бир бүдүрү билинген жука чыптама шым кийген кыргыз кызына “сюлууу” деп тийише калып жатат...

Даңгыр жолдордун бойлорундагы чакан, убактылуу турактарда жашаган кытай жумушчулары менен ал жерде күнүмдүк соода кура калган кыргыз келиндери жымыңдашып сырдашып көңүлдөрү жайдары...

Ушундан улам Кыргызстанга түрдүү шылтоолор менен кирип жаткан кытай жигиттеринин Кыргыздын кызы жөнүндө да, жигиттери жөнүндө да, эли жөнүндө да пикири калыптанганын баамдаса болот. “Эмне деген пикир?” десеңиз азыр божомолдоп көрөбүз. “Кыргыздын эркектери жетишпей, “бесхоз” калган кыздары көп. Кыздары менен мамиле куруу да жеңил. Кыздарынын өзү да, жакындары да акчага кызыкдар. Кытай күйөө бала өөн учурабай калган” ж.б…

Чын эле ошондойбу деген суроо менен статистикага үңүлүп көрөлү. Кудай Таала кыргызды жакшы көрөрү белгилүү. Он жылда бир өткөн эл санактардын бардык жерин карасаң аялзаты менен эркектин саны биббирдей. Төрөлгөндөн карыганга чейин. Бирок Бишкек менен Ош шаарын карасаңыз эркектердин саны кескин азайып кеткенин көрөсүң. Айрыкча эгемендик алган жылдары мындай тенденция бекем калыптанган.

“Эркек кайда?” Биз байкуш өтө морт болсок керек. Арак ичип, чылым чегип, асмай атып, баңги сайынып атып өлгөн окшойбуз. Андан сырткары алкаш, нашакор, селсаяк болуп кеткендиктен аялзаты менен мамилебиз да сууган сыяктуу. Оңой турмушка качырып кылмыш кыла коюп жүрүп түрмөгө да батпай кеткенбиз. Саныбыз Кыргызстанда жазылганы менен өзүбүз Орусия, Казакстанда жана башка жерлерде тентип жүрөбүз. Ал жерден бейнике мамилелерге батып да алганбыз.

Кытайдын статистикасы айтпаса да белгилүү. Жарым кылым “бир үй бүлө - бир бала” саясатынан улам, көбү кыздарды бойдон алдырып, эркеги көп. Экинчи баласы эркек болсо, катып-жашырып чоңойтуп атып эркеги ого бетер көбөйгөн. Анан энөө кыргыздын “чучук шым” кийген, татыктуу эркеги азайган эрсиреген кыздарына көзү түшөт да.

Анан калса бизде токолофобия бар. Адамдын жеке жашоосунан бери көзөмөлдөгөн посткомунисттик түшүнүк менен чексиз эркиндикти даңазалаган либертариандык көз-караштар күч. Кыз эркин. Кааласа кытай эмес, кытайдын чау-чау деген итине чыкса да өз эрки.

Сойку кыргыз кызынын да өз мээси бар. Аны да түшүнсө болот. Ата-энеси кызын Бишкекке окууга жиберет. Анан эле бир-эки жыл өтпөй “Кызым, киредитти жапканга эптеп акча сал”, - деп баштайт.

Үйлөнгөнгө чейин бири-бирибизди жакшы таанып алалы деп жарандык нике менен жашап алган «акылдуу» жаштар да бар. Ооба да, кийин ыкташа албай калса, ажырашып кыйналат. Андан көрө ыкташканды үйрөнө беришсин. Үй-бүлө курганга чейин эки-үчөө менен жашап көргөнү туура. Сексуалдык тажрыйбасы да артат.

Үй-бүлөсү бар жубайлар ойноштук кылганы да туп-туура. Бул да акылдуулук. Бала-чаканы жетим калтырбай, жаңы сезимдерди татып, бири-биринин кылыктарын билмексенге салып... Кандай сонун маданияттуу мамилелер, кандай бийик жоопкерчилик!

Сойкудан, жарандык турмуш куруудан, ойноштуктан бала болуп калсачы? «Гасударства багат»!

Токол – бул көк мээ аялзаты. Мээси жеткени ушубу? Кандай гана бети жоктук. Аялдык намыс кайда?! Бирөөнүн экинчи аялы болуп, уялбай басып жүргөнүн кара! Күтүрөтүп бала тууп берет экен уялбай. Тигил бети жок эркекти карасаң! Калп эле “байбичем” деп коëт. Башка катын алса ажырашпайбы биринчиси менен!

Акылдуусунган кара далылардын айынан кырылышып атып экөөнү тең таштап кетсе, балдарды ким багат? Эки катын багабы, же «гасударства багабы»?

Кыргыз жети атасын атаганды жакшы көрөт. Анча болду жети энесин да атай келсе болмок экен. Жети эненин эки-үчөөсү токол болуп чыкмак. Кыргыздын улут болуп ушул күнгө жеткенине байбичелердей эле, токол апалардын салымы да аз эместир...

Кыргыз кызы менен жигитин намыска кел деп наалыбай эле коëюн. Фейсбукка кирсең туура пикир берип жаткан жарандарыбыз чекеден чыгат. Элдин, мамлекетибиздин коопсуздугу буга байланыштуу экени айныгыс факт.

Кыргыз улутунун өзбек, уйгур, дуңган, орус жана башка уруулары менен бирге кытайдын жылма экспансиясына намыстуу деморафиялык бөгөт коюу шарт. Жигиттерибиз бири да жоголбой, оңолушу керек. Кыргыз кыздарын байбиче кылып, кытайдын кыздарын токолго алуусу зарыл. Же бул утопиябы?..