Технология/Инновация

Facebook дүйнө жүзү боюнча суициддик постторду иликтейт

30 ноября 2017 г. 17:00 752

Facebookтун жасалма интеллекти дүйнө жүзү боюнча суициддик ниети бар колдонуучуларды издөө мүмкүнчүлүгүн алды. Жарыялаган пикирлерин (пост), видеолорун, сүрөттөрүн тымызын иликтеп турган бул технологияны колдонуучу өчүрүп сала албайт.

Facebook системасын жасалма интеллект технологиясынын жардамы менен өз жанын кыйгысы келген колдонуучуларды алдын-ала тактаганга жардам бере тургандай кылып өнүктүргөнүн жарыялады. Бул тууралуу социалдык тармактын түптөөчүсү Марк Цукерберг өзү кабарлады. Анын айтуусу боюнча, эми кайсы бир колдонуучу тууралуу башка кимдир бирөө кабарлашынын кереги жок. Андан сырткары жөнөкөй колдонуучу бул технологияны өчүрүп да сала албайт экен.

Өз жанын кыюучуларды аныктай турган система колдонуучулардын жарыялагандарын иликтеп көргөн соң жакындарына «баланча кишиге жардам керек» деп кабарлап, эскертет. Буга чейин ошол колдонуучунун өзү, же дагы бир досу жардам сурап кайрылмайын технология эч нерсе кыла албай келсе, эми жасалма акыл өз алдынча иликтеп көрүп, модераторлорго билдирет.

Система колдонуучунун жазганын «окугандай» эле, Facebook Liveдагы трансляцияларын дагы «көрөт». Эгер кайсы бир жарыяланган маалыматтан «өз жанын кыюу тууралуу ойдун» белгиси байкалса, анда аны дароо Facebookтун атайын даярдалган модераторуна жиберет. Ал болсо коркунучта турган колдонуучунун жакындарына кайрылат.

Facebook тармагынын өндүрүм бөлүмү боюнча вице-президенти Гай Розен бул система кыйын абалга түшкөн кишинин абалын жакындары байкай электе байкайт дейт.

Жакшы ниеттин экспансиясы

Компания өз жанын кыюу ниетиндеги колдонуучулардын мүнөзүн аныктоочу тестти АКШда ийгиликтүү өткөргөн соң, аны башка өлкөлөрдө сыноо үчүн даярдыгын баштады. Өткөн айда эле Facebookтун кызматкерлери ушуга окшош 100 көрүнүштү текшерип көрүштү деп кошумчалайт Розен.

«Бул айрыкча (түз чагылдыруу кызматы) Facebook Liveдын ар бир этабындагы (реакция кылган) мүнөттү сактоого багытталган. Акыркы айда эле Facebookтун ушул кызматка тиешелүү тармактары атайын колдонуучунун дарегине барып, 100гө чукул «профилактикалык текшерүү» жүргүзгөн. Ал тургай ошол кызматкерлер барган учурда деле трансляциясын улантып аткан учурлар да болду», - дейт компаниянын вице-президенти.

Компания эми жергиликтүү тилде сүйлөп, күн-түн дебей нөбөттө турган адистер менен да иштешүүгө аракет кылып атканын айткан. «Чынында эле ылдамдык өтө маанилүү. Биз адамдарга өз учурунда жардам бербесек болбойт», - дейт Facebookтун топ-менеджери. Бүгүнкү күнү компания психологиялык жактан жардам көрсөтүү тармагында иштеген 80 уюм менен келишим түзүүгө жетишкен.

Социалдык тармак бул программасын АКШда 2017-жылдын мартынан тартып тесттен өткөрө баштаган. Анда Facebookтагы тексттер каралып, комментарийлерде жакынкы аралыкта кырсыкка жеткире турган маанайдагы сөздөр, же сүйлөмдөр айтылып-айтылбаганы текшерилген.

Facebook программанын техникалык майда-бараттарын деле ачыкка чыгарып койду. Көрсө программа абалды даана чагылдыра турган кээ бир белгилүү сөздөрдү эле издейт экен. Андан кийин алынган маалыматты модератор карап, анан колдонуучунун өзүнө, же анын досторуна байланышат. Абал кээде телефон аркылуу жардам берчүлөргө да кабарланышы мүмкүн. Ал тургай кандайдыр бир чара көрүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да кайрылган учурлар катталган.

Эми Facebook бул ыкманы АКШдан башка аймактарга глобалдык масштабда ишке ашырууга киришти. Бир гана Евробиримдиктеги мамлекеттерге кирген жок. Себеби, ал жакта мындай иш-чара жеке маалыматты коргоо тууралуу жергиликтүү мыйзамга дал келбейт.

Этикалык жагы

Facebook тармагынын өкүлү Techcrunchка (ММК) жооп берип жатып, жаңы функцияны колдонуучулар өз алдынча өчүрүп койо албайт деди. Андан сырткары ал бул функция социалдык тармактын колдонуучуларынын коопсуздугу үчүн иштээрин, эгер Facebookтун бул сунушу кимдир бирөөгө жакпаса, анда ал тек гана тымызын иштөөгө өтөөрүн кошумчалады.

Бирок, ал бул технологиянын жардамы менен Facebook желеси башка пикирлерди да, мисалы саясий, же криминалдык багыттагы пикирлерди да аныктайбы деген суроого түз жооп берген жок.

«Жасалма Интеллект (ЖИ) тууралуу канчалык терс пикирлер, коркунучтар көп болгону менен, ал чыныгы жашоодо көп кишинин өмүрүн сактаганга жардам берет», - дейт Facebookтун түптөөчүсү социалдык тармактагы билдирүүсүндө. Facebookтун коопсуздук кызматынын жетекчиси Алекс Стамос да колдонуучулар менен журналисттердин шектенүүсүнө жооп берди. Анын айтуусу боюнча, Facebook жасалма интеллект технологиясын колдонууга өтө тыкыр мамиле кылат. Ал мындай технологияны жаман ниеттер үчүн колдонгондор дайыма болот, ошондуктан коомчулук бүгүндөн тартып анын адамзатка тийгизген оң таасирлерин да эске алуу менен иштөө өлчөмүн чыгарып, чектерин тактап алышы керек деди.

Стамостун билдирүүсү SpaceX менен Teslaнын жетекчиси Илон Масктын кезектеги чочулоосуна дал келип калды. Ал өзүнүн Твиттеринде жасалма интеллект менен робототехниканы бир эрежеге келтирүү зарылдыгын билдирген. Бизнесмендин айтуусу боюнча, мамлекет автоунааларды, авиакурулуштарды, фармацевтика тармагын жана азык-түлүктү көзөмөлдөгөндөй эле жасалма интеллектти да көзөмөлдөп турушу керек. «Коомдук коркунуч коомдук көзөмөлдү талап кылат» деп бышыктайт миллиардер өз сөзүн.

Ангелина Кречетова

http://www.forbes.ru/tehnologii/353495-facebook-na...