Адабият/Тарых

Тозокко карай кеткен жол

30 ноября 2017 г. 15:24 1023

Илимдеги жогорку сыйлыкты “миңдеген адамдарды кырган кылмышкер алып жатат” деген баш сөз менен көптөгөн-гезит журналдар Фриц Габерге 1920-жылдын 1-июнунда Нобель сыйлыгын тапшыруу учурунда чоң ызы-чуу чыгарышкан. Илимдин жогорку сыйлыгына татыктуу деп саналган окумуштуу ажалдын куралын ойлоп тапты, бирок, ошону менен кошо миллиондогон адамдарды ачкачылыктан сактап калды. Габер абадан азотту алуунун жолун таап, бул ачылыш синтезделген жер семирткичти колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Миллиондогон адамдарды ачкачылыктан сактап калды да, ошол эле учурда ажал куралын колдонууга негиз болуп, миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болду. Нобель сыйлыгынын тарыхында мындай карама-каршы пикирлер болгон эмес. Коомдо биринчи жолу илимий этиканын принциптери жөнүндө кенен талкуулар башталды.

Фриц Габер 1868-жылдын 9-декабрында Бреслау шаарында төрөлгөн. Анын бул дүйнөгө жаралышы атасы үчүн каргаша болду. Себеби ал төрөлгөндөн кийин бир нече күн өтүп энеси каза болуп калды. Герр Габер иши өргө жүргөн соодагер эле, анын сүйүктүү аялынын өлүмүнө себепчи болгон наристесине аргасыздан жек көрүү сезими пайда болгондуктан, эне мээримин көбөгөн Фриц Габер бала чагынан эле катаал турмушту башынан кечирген. Бул жашоонун тузун татып көргөн Фриц өзүн-өзү тарбиялап, эркин бекемдеп, бир максатты көздөп, кайраттуу болуп чоңойду. Баарынан да ал өз атасына, анын талантына ишенбеген мугалимдерине, Германияга жана дүйнө жүзүнө илимий эмгектерди жаратууга жөндөмдүү экенин далилдегиси келди.

1886-жылдан 1891-жылга чейин Фриц Габер Гейдельберг университетинде, кийинчерээк Берлин жогорку окуу жайына которулуп, андан кийин Шарлоттенбург Техникалык колледжинде окуган. 1894-жылы Карлсруэ университетине чакырылат. Ал жактан Клара Иммервар менен таанышып, 1901-жылы баш кошушат. “Сүйүктүүм Клара! Сен дайым мени менен болдуң. Экөөбүз үйлөнгөн күн эсиңдеби? Биз аябай кедей элек, ошондуктан чиркөөгө жөө барганбыз. Ошол күнү экөөбүз “ажал жетип күн бүткөнчө бирге болобуз” – деп Кудайга ант бергенбиз...”, - деген каты бар. Клара абдан акылдуу аял болгон. Бреслаудагы жогорку окуу жайды аяктап, химия боюнча докторлук диссертациясын жактаган. Ал учурда аял-киши үчүн бул жогорку деңгээлдеги жетишкендик эле. Клара дайыма күйөөсүнүн колуна кол, бутуна бут болду. Жадакалса, күйөсүнүн “Газдарды өндүрүүдөгү термодинамикалык реакциялар” деген китебин англис тилине которгон. Бул эмгеги 1905-жылы басууга берилип, “Менин кымбаттуу өмүрлүк жарым, илимдин доктору Клара Имерварга арналат” деген баш сөз менен басылып чыккан.

Кургуйга кулаткан атаң-даңк

Бардыгы эле ойдогудай болуп жаткансыйт. Бирок бир нерсе жетишпей турду. Атак-даңкка умтулган Габерге келечекте улуу илимий жаңылык алып келе турган эмгек зарыл эле. Ошентип ал өз максатынын учугун тапты. 1903-жылы бир тууган Маргулистер жаш окумуштууга азот алууга каражат жактан көмөк көрсөтүүнү сунуш кылышты. Азот жардыргыч заттарды алууда, дары-дармектерде жана эң башкысы жер семирткичтерди пайдаланууда кеңири колдонулчу. Бул чынында эле абдан кызыктуу жана маанилүү иш боло турган. Алгач анын иш оңунан чыкпады. Бул иште “тез эле ийгиликке жетебиз” деп ойлогон Маргулистердин үмүтү үзүлүп, каржылоону токтотуп коюшту. Бирок Габер баштаган ишин токтоткусу келген жок. Ар кандай басымдарды, температураны, катализаторлорду тажрыйбадан өткөрүп жатып, ал издеген нерсесин тапты. Суюк аммиякты алып, андан кийин синтезделген селитра - биринчи синтезделген жер семирткич болду. Лабораториялык жазмаларга караганда, бул ачылыш 1909-жылдын 3-августуна туура келет. Жер семирткичти колдонуу менен Европа “ачкачылык” деген сөздү унутту. Бирок бул ачылыштын дагы бир пайдалуу жагы бар эле, селитра - азот кислотасын жана жардыргыч заттарды: проксилин, нитроглицерин, тротиллди алуу үчүн керек болгон. Эффективдүүлүгү жогору болгон жадыргыч заттар Үчтүктөр союзуна жана анын мүчөсү Германия үчүн абдан маанилүү болчу. Германиянын заводдору массалык түрдө жер семирткич менен жардыргычтарды чыгарып жатышты. Азык-түлүгү жетиштүү, жогорку сапаттагы жардыргычтары, курал-жарагы бар Германия согушка даяр болду.

Атак-даңкты сүйгөн Фриц Габер өз максатына жетти. Анын аты гезиттердин биринчи беттерине чыгып, “Фриц Габер абадан нан жасады” деген баш сөздөр менен миллиондогон гезиттер-журналдар басылып чыгып жатты. Бул ийгиликти Фриц ага ар дайым колдоо көрсөткөн аялы Клара менен тең бөлүштү.

1911-жылы Фриц Берлиндеги “Вильгельм” атындагы физика-химиялык институтун жетектеп калды. Темпераменттүү, таланттуу, бир максатты көздөгөн, жагымдуу, кээде орой, эсепчил, ошону менен бирге илимге жана Германияга берилген инсан, өлкөнүн эң мыкты деген окумуштууларын өз институтуна тартты. Анын сегиз кызматкери Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Альберт Эйнштейн Фрицтин кесиптеши гана эмес, досу да болгон.

Миллиондордун башын жуткан форген

1914-жылдын август айы Германия үчүн деңиз блокадасы менен башталды. “Антанта” союзу селитраны өндүрүү үчүн колдонулган чийки заттарды ташып келүү жолдорун тосо баштаган. Бирок муну менен Германияда курал-жарактын кору азайып калган эмес. Габердин ачылышы Германияны көз каранды кылган жок. Габер: “Тынч заманда окумуштуу адамзат үчүн, ал эми согуш учурунда өз мамлекети үчүн иштөөсү зарыл” деп айткан. Ал согуш учурунда өз мамлекети үчүн тынымсыз эмгек кылган. Окумуштууга жаңы күчтүү химиялык куралдын үстүндө иштөөнү сунушташканда ал ойлонбой туруп макул болгон. Аялынын бул куралды ойлоп табууга каршы экендигин жакшы билген Габер, массалык кыйратуучу куралды аялынан жашыруун изилдеди. Бирок 1914-жылы декабрь айында Кларанын көз алдында лаборатория жарылып, бир кызматкер каза болот. Жашырган нерсенин баары ачыка чыкты. Клара күйөөсүнөн массалык кыйратуучу куралдын үстүндө иштебөөсүн жалынып-жалбарып суранат. Бирок “Мен ок менен хлордун эч кандай айырымасын көрбөй турам. Өлүм баарына бирдей”, - деген сөзүнөн Габер кайтпай коёт. 1915-жылы 22-апрелде Габер чыгарган хлор булуту британ аскерлерин уулантып, өлүмгө дуушар кылган. Бир нече күн өткөндөн кийин Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн гезит-журналдарында ойго келгис сүрөттөр пайда болгон. Ал басылмаларда газдан ууланып өлгөн британ аскерлеринин тири шумдук сүрөттөрү тартылган.

Германия үчүн химиялык курал кызматын аябай жакшы аткарып жатты. Ошентип, “иприт”, “Габердин химиялык уулу газы” деген жаңы термин пайда болду. Ал эми Клара бул каргашага күйөөсүнүн да катышы бар экенин жакшы түшүндү. Ал Фрицтин бул ишти таштабай турганын да жакшы билген. 1915-жылы 15-майда Габерге капитан чини тапшырылгандан кийин Клара өзүн-өзү атып өлтүргөн. Ошол түнү Габер Фриц өлгөн аялына мындай деп кат жазат. “Клара, согушту сен жек көргөндөй эле, мен да ошончолук жек көрөм. Бирок менин ачылышым Германияга пайда алып келет деп ойлойм. Жок, сен мени сындаба! Мен Германиянын алдында өз милдетимди аткарып жатам. Бул кандуу согушту токтотуунун мындан башка жолу жок. Хлорду колдонуу аркылуу миңдеген кишини тобокелге салганың менен миллиондогон кишини сактап калууга да болот. Сүйүктүүм менин, бул согуш жакында бүтөт, ошондо сен эч качан мени кылмышкерди карагандай карабайсың” деп жазат. Эртеси Габер Варшавага жөнөп кетти. Ал жерден жаңы химиялык куралды орус аскерлерине сынап көрмөкчү болушту. Ал курал – форген уулу заты эле. Бул курал ойлоп көрбөгөндөй коркунуч алып келди. Коркунуч аскерлердин да, тынч жашоочулардын да жүрөгүндө так болуп калды.

1916-жылы Фриц Габер жаңы куралдардын үстүнөн иштеп баштады. Ошондон тартып ойго келгис сандар айтылып жатты. Химиялык куралдан 1.5 млн киши жабыр тартып, алардын ичинен 100 миң киши ошол замат мүрт кетти. Бирок, ошого карабай 1919-жылы Фриц Габер Нобель сыйлыгын алган. Натыйжада, миңдеген каттар Нобель комитетине келип жатты. “Кантип кылмышкерге жогорку сыйлык берилсин” деген нааразычылык каттардын аягы көрүнчүдөй эмес. Нобель комитети: “Айтканыңар чын. Бирок Габер миңдеген кишини муунтканы менин миллиондогондорду сактап калды”, - деген аргументтерди айтып жатышты. Ал эми Габер ошол эле убакта: “Менин кылганым туура эле. Хлорду колдонуу абдан жаман көрүнүш болгону менен, бул көптөгөн кишинин жашоосун сактап калды. Кээде жаңы, эң коркунучтуу курал да бүтпөс согушка чекит коёт”, - деген.

Нацисттиктин запкысы

1917-жылы ал өзүнүн кесиптеши Шарлотта Натанга үйлөнөт. Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүүгө учураган Германиянын казынасы куру жалак калат. 1920-жылы Габер өз мамлекетине жардам берүүнү көздөп, деңиз суусунан алтын алууга болот деген гипотезаны айтат. 6 жылга созулган тажрыйбалар эч кандай жыйынтык бербей, кылган ишинин баары текке кеткен. Мунун кесепетинен үй-бүлөсү бузулуп, 1927-жылы аялы менен ажырашат.

Ошол жылдары Германия менен СССР достук мамиледе эле. СССР химиялык курал жасоо үчүн Германиядан жардам сурайт. Мындай курал жасоодо Фриц Габердин орду чоң болуп, химиялык уулу заттарды өндүрүүгө кошкон салымы үчүн СССРдин Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү наамын алган. 1932-жылы бийликке нацисттер келгенден кийин анын жашоосу бүтүндөй өзгөрдү. Башында анын жөөт экенине да көз жумушту да, калган жөөттөр кызматтарынан кол жууй башташты.

1933-жылдын 7-апрелинде институтта 8 Нобель сыйлыгын алып Германияны бүткүл дүйнөгө дүңгүрөткөн окумуштуулардын иштери маанилүү болбой калды. Эми алардын арий эместиги гана маанилүү эле. Өмүрүн Германияга арнаган Фриц Габердин эми мамлекет үчүн кереги жок болуп калды. 1933-жылы 30-апрелде Габер элден четтетилди. Кызы Еванын айтуусу боюнча ошол кездерде Фриц Габер өзүнүн институтуна да кире албай калган. “Институтка арийлер гана кире алат деп жазып коюшуптур” деп эскерет ал. Натыйжада Габер үчүн Германияда орун табылбай калгандыктан, Англияга кетүүнү туура көрөт. Анын оюнда ал Кембриджде ишин улантмак, бирок британдыктар анын химиялык уулу затын алигиче унута элек экен. Нобель сыйлыгынын лауреаты, атом физикасынын атасы болгон Эрнест Резефорд Габер менен жолукканда саламына алик албай коёт. Фриц Габер болгон нерсесинин баарынан кол жууп, эмне кыларын билбей калат. Ошол кезде Израилдин келечектеги президенти, Габердин кесиптеши, химия илиминин доктору Хаим Вейцман Палестинадагы Даниэл Зифа аттуу институтта иштеп туруусун сунуш кылат. Бирок Палестинага баруу Габерге буюрбаптыр. Ал 1934-жылы 29-январда 65 жашында дүйнөдөн кайтат.

Дарылар ууга айланганда

Габер өмүр бою өзү ишенген нерсе үчүн күрөшүп келгенине карабай, көзгө бир көрүнүп жок болгон элестей дайынсыз жоголду. Ал өлгөндөн кийин жакшы сөз айтар көп деле киши табылган жок. Бирок улуу окумуштуу, аристократ, арий болсо да еврейлерди сактап калууда чоң роль ойногон, физика илими боюнча Нобел сыйлыгынын ээси Макс фон Лауэ Габер жөнүндө 1934-жылы “Naturwissenschaften” журналына: “Анын жүрөгү Германия үчүн сокту. Германиянын балдарын ажалдын колуна карматпай, ачкачылыктан сактап калды” деп жазган.

Бирок ушуну менен эле Габердин өмүр баяны бүткөн жок. Ал өлгөндөн жети жыл өткөндөн кийин дүйнө анын дагы бир ачылышы жөнүндө билди. Ошол учурда элдин көбү жугуштуу оорудан боо-боо түшүп кырылып жаткан. Бул кеселдин таратуучулары чымын-чиркейлер, биттер, бүргөлөр эле. Көрсө раматылык Габер ушул көйгөйдү жок кылуу үчүн 1922-жылы “Циклон Б” дарысын ойлоп таап коюптур. Анын курамына синил кислотасы, ароматизатор, стабилизатор жана абсорбент пайдаланылган. Бул ачылыштан кийин ич келте, улуу тумоо азайды. Бирок, кайра эле бул ооруга каршы күрөшүүчү зат кийинчерээк миңдеген кишинин өлүмүнө себепкер болду. Гитлердин химиктери 1000 адамды өлтүрүү үчүн болгону 4 кг “Циклон Б” керектелерин эсептеп чыгышты. Биринчи жолу “Циклон Б” 1941-жылы 3-сентябрда Освенциум концлагеринде Карла Фринчтин башкаруусунун алдында 600 колго түшкөн совет аскери менен 250 оорукчан полякка каршы колдонулган. 1941-жылдын 10-декабрында башка концлагерлерде да “Циклон Б” менен ууландырып өлтүрүлсүн” деген буйрук чыгат. 1941-жылдын июнь айында “Циклон Бны” колдонуу менен Освенциумда жөөттөрдү массалык түрдө кырууга буйрук берилген.

“Циклон Б” дарысы киши өлтүрүүгө колдонулуп жатканын жана ушул дарыдан концлагерлерде анын жөөт туугандарынын өлгөнүн билбей калганы Фриц Габердин бактысы болду.

Фриц Габер кылмышкерби, же куткаруучубу?

Фриц Габер деген ким? Миңдеген кишинин өлүмүнө себепкер болгон кылмышкерби, же миллиондогон кишини ажал оозунан сактап калган куткаруучубу?

“Эч качан зыяндуу нерсе пайда алып келбейт” деген сөз дайыма эле туура боло бербейт чыгар. Окумуштуу ачылышынын келечектеги тагдырын айтып берүүгө жөндөмдүүбү? Мисалы “сен кылмышкерсин” дегенсип Габердин саламына алик албай койгон Резерфорт, кийин өзүнүн атомдун ядросу жөнүндөгү изилдөөлөрү атомдук жардыргычты жасоого колдонулаарын ойлобосо да керек. Албетте, илимдин өнүгүүсүн токтотуп коюуга болбойт, бирок ошол илимдеги жетишкендиктердин оң жактарын гана пайдалансак адам баласынын өлүмүнө эмес, гүлдөөсүнө алып келет эмеспи. Мына, азыркы учурда Фриц Габердин ачылышынан улам күчтүү синтезделген жер семирткичтер алынып, ачкачылык көйгөйү жоюлуп жатат. Демек, баары өзүбүздүн колубузда!

Арууке Адылбек кызы