Саясат

Этникалык капитал. Кытай диаспоралары дүйнө мамлекеттеринин экономикасын колго алууда

30 ноября 2017 г. 14:41 621

Колониалдык доордо кытай иммиграциясы кабыл алган өлкөлөрдүн экономикалык жана индустриалдык өсүшүнө түрткү болгон. Учурда кытайлык диаспоралар дүйнө боюнча күчтүү бизнес желесин түптөдү

Көптөгөн чакан мамлекеттер өздөрүнүн диаспорасын эл аралык мамилелерде колдонуп келет. Алар тиешелүү маселелерде саясий лоббичилик кылуу менен бирге өз мекенинин экономикалык коопсуздугуна да салым кошот. Дүйнө саясатында бул сыяктуу мамиледе классикалык мисал катары жөөт жана армян диаспоралары айтылып келет. Дүйнөлүк державалардын арасына кирген Кытай да башка мамлекеттердеги өз диаспораларын ушундай курал катары колдоно баштады.

Кээ бир мамлекеттердеги миллиондогон кытай диаспоралары барган жеринин да, Пекиндин да керегине жарап келет.

Колониалдык доордо кытайлык иммигранттар жумушчу күчү жетишпей калган мамлекеттердин экономикалык жана индустриалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Эмгекчилдик менен ишкердик сапаты миллиондогон жакыр, сабатсыз кытайларга бара-бара ири бизнестерди калыптап кеткенге шарт түзүп берди.

Учурда кытай өкмөтү кытай диаспоралары менен көп тараптуу, түрдүү деңгээлдеги байланыштарды түзүү саясатына өттү. Кытай сыртка ачылып баштаганда дүйнөдөгү диаспоралдык желесин көбүнчөсүн инвестицияларды тартууга колдонгон. Азыр болсо материалдык ресурстарды эмес, инсандык капиталды тартуу биринчи орунга чыкты.

Адам иштетиш үчүн барган сайын көбүрөөк маяна төлөгөнгө мажбур болгон кытайлар, көп жумушчу иштеткен өндүрүш тармагынан билим экономикасына багыт алды.

Ички талаптарга жана эл аралык кырдаалга карап туруп, Пекин кытай жамааттары менен ишин эки багытка ажыратты.

Диаспоралар менен иштөө Кытайдын тышкы иштер башкармалыгына жүктөлгөн. Негизги максат – этникалык кытайлар көп болгон мамлекеттерде кытайга ыктаган өзөктүк топторду калыптоо. Бул топтогу этникалык кытайлар жашап жаткан мамлекеттин коомдук-саясий жана экономикалык тармактарына сиңип, керектүү учурларда Кытайдын кызыкчылыгына лоббилик кылуусу керек. Дагы бир олуттуу мамлекеттик орган – Репатрианттардын буткүл кытайлык федерациясы. Булар сырттагы кытай жамааттарынан өлкөгө муктаж болгон кесипкөйлөрдү караштырат. Расмий бийлик болсо этникалык кытайлар иштеткен бизнес-долбоорлорго жана кытай улутуна таандык инвестицияларга артыкчылык берүү сыяктуу ыкмаларды колдонот.

Учурда сыртта жашап, чет өлкөлүк университеттерди бүтүрүп, кайра Кытайга кайтып келген кытайлыктар барган сайын көбөйүүдө. Булар жаңы илим, тажрыйба жана эл аралык байланыштарга байып келишет. Пекин жогорку технологиялык тармактарда иштеп, чоң кошумча нарктуу товар өндүргөн кандаштарын өзгөчө баалайт.

Бийлик күчтүү кесипкөйдүн кайтып келүүсүнө болгон шарттарды түзүп келет. Алар өз кезегинде элинин дүйнөлүк атаандаштыкта алдыга чыгуусу үчүн негизги ролду жүктөндү.

Мындан сырткары Кытайдын билим берүү системасында эл аралык ТОР-10го кирген университеттерди бүтүргөндөр барган сайын көбөйүүдө. Учурда Кытай университеттеринин президенттеринин 21%ы, илим докторлорунун 54%ы жана Кытай илимдер академиясынын 35%ы чет өлкөлүк күчтүү ЖОЖду бүтүргөндөр.

Пекин Тынч океандагы Чыгыш-Азия өлкөлөрүнө да өзгөчө көңүл буруп келет. Анткени алар дүйнө экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бирине айланып бара жатат. Кытай болсо жаңы экономикаларды ачып, АКШ жана Европадан көз-карандылыгын азайтууга мажбур. Ошондуктан Таиланд, Индонезия жана Филиппиндеги диаспоралар менен иштөөгө мамлекеттин ири ресурстары жумшала баштады. Пекин кытай жамааттарынын макамын арттыруу аркылуу бул кеңири аймактын соода-экономикалык турмушунда кытайлыктардын артыкчылыгын камсыздоого өттү.

Түштүк-Чыгыш Азияда кытайлар этникалык азчылыкка киргени менен башка улуттарга караганда ири бизнес-активдерге ээ. Малайзияда кытайлар калктын 26%ын түзөт, бирок фонддук базарда ири компаниялардын акцияларынын негизги ээлери. Индонезияда 4% болгон кытайлар жеке менчик сектордун 70%ын көзөмөлдөйт. Акыркы статистикалык маалыматтарга караганда, Таиланд, Индонезия, Малайзия жана Сингапурдун ири байларынын ондон сегизи кытай болуп чыккан.

Учурда Кытай “өз элине чет жактан кызмат кылуу” саясатына басымдуулук кыла баштаган чагы. Себеби инвестиция алган мамлекеттен, башка өлкөлөргө инвестиция кылган өлкөгө айлана баштады. Ошондуктан Пекин учурда элүү миллиондук чет элдик диаспорасынын улуттук аң-сезимин сактап, бекемдөөгө киришти. Бул келечекте Кытайдын глобалдык саясий-экономикалык артыкчылыгын камсыздамакчы.

Арег Галстян, Forbes contributor