Жорум

Кылмыш болуш үчүн жапакечтин арызы да болушу керек, же Чубак ажы эки аял алганынан ким жапа чекти?

29 ноября 2017 г. 16:08 896

Раматылык Манас Бердибековдун бир анегдоту бар эле. Тойдо бир аз кызып алган киши карап туруп эң жоошуна асыла баштайт деген. Азыр «Кылым Шамы», анан анын артынан эле жылт этип жана калчу Айтман дегендин иш-аракетин карап туруп ошол мастын кылыгы эске келет. Чынында мен алардын кай бир пикирлерин деле сыйлайм. Дайыма эле адаша берет деп айткыдай өзүм периште эмесмин. Бирок, азыркы кылыгы так ошол ичип алганда кимге асылаарын билбей, анан тыптынч отурган кишини карап, ошого алым жетет дегендей керсеңдей баштаган кишиге окшошуп калды. Болбосо, айланасын жакшылап караса 2 эмес 3 аял, 3 эмес 4 аял алган бизнесмендер, атка минерлер, күч органдары, депутаттар толуп атат. Ал тургай кай бирөө ачык эле айтат, менин баланча аялым бар деп. Жок, ошонун баарына көз жумуш керек дагы, келип эле Чубак ажыга асылыш керек экен. Момун-мусулмандар сабырдуу калк, канча тепкилесең да чыдай берет деп атышабы, же кычыгына тийип чукулай берсек бир күнү болбосо бир күнү жарылат, анан ошондо даана элейбиз деп атышабы? Кыскасы, артындагы ниети белгисиз.

Эми, алардын айтуусу боюнча, Чубак ажыбыз менин эки аялым бар деп айтып, айтканда да жөн айтпай тасмага тартып чыгарып ийген имиш. Күнөөсү ошол экен. Бирок, мыйзамда бир күнөөнү жасаган соң, аны жашырып жүрө берген көбүрөөк айыптуу болобу, же «Ооба, мен ошондой кылдым эле. Бирок аны жасап атканда ниетим мындай болчу» деп ачыкка чыккан киши көбүрөөк айыптуу болобу? Эки аял алуу андай эле кылмыш болсо (кылмыш экени да белгисиз да), анда ошол кылмышты кылып коюп, тымпыйып отургандарды да кармап чыгып, жоопко тартпайсызбы? Аларды кармаш андай деле оор эмес. Айтып атам го, айланаңыздан эле табылат. Камаганга түрмө таппай, сарай-марай издеп каласыз эгер баштап алсаңыз. Мына, анан акча жаайт күн батыштан...

Дагы бир кызыгы, бул кылмыштын (эгер бул кылмыш болсо да) кылмыш экенин кантип далилдейсиз? Себеби, эки аял алганын далилдеш үчүн нике күбөлүгү керек да. А нике күбөлүгү жок болгон соң, демек алар жөн эле дос катары жашап аткандыр. Балким, жөн эле жарандык никеде тургандыр. Же балким алар экөө тең ошону каалайттыр. Сиз алардын укугун бузуп, жеке жашоосуна аралашкандай укугуңуз барбы? Деги биз качан демократиялык өлкөдө жашап атканыбызды сезебиз. Керек болсо ушул демократия деп кыйкырымыш болуп жүргөндөр да сезбей койду го муну. Кимдир бирөө «Мен геймин» деп гейлигин ачык жарыялап чакырык таштап жүрсө ал демократия болот экен дагы, «Мен эки аял менен жашайм» десе мыйзам бузуу болот экен. Бул эмне деген башаламандык?

Жапа чеккендин арызы керек дешет

Негизи, кээде укмуштай окуяларга туш болосуң. «Баландай аферисттер элди алдап, ушундай-ушундай кылмыштарды кылып атат» деп милицияга барсаң алар каадаланып туруп «Жапа чеккен киши арыз жазмайын карай албайбыз» деп калат. Ошондо күйбөгөн жериң күл болот, Азиза эже. Эми ушундан улам дагы бир суроо жаралат да. Бу Чубак ажы эки аял алгандан ким жапа чекти болду экен? Сиз жапа чегип атасызбы, же Айтман жапа чегип атабы? Кыйналса биринчи аялы кыйналгандыр, бирок ал деле кыйкырып чыкпай эле, ал деле эч кимге арыз жазбай эле отурат го. Кыргызда бирөөнүн үй бүлөлүк ишине аралашпа, аралашсаң өзүң эле ит болосуң деп коюшат. Эрди катын чабышат, эртеси кайра табышат дешет. Сиз да ошондой болуп калбайсызбы? Эртең эле ошол сиз чырылдап укугун коргомуш болуп аткан байбичеси бетиңизге түкүрүп койоорун ойлодуңузбу? Себеби, Чубак ажы баары бир анын күйөөсү, балдарынын атасы. Ал бүгүн-эртең таарынганы менен кайра табышып алат. А кокус сиз анын күйөөсүнүн шермендесин чыгарып, каматам десеңиз, сизге каргыштан башка алкыш айтпайт. Эсиңиз болсо аралашпай эле коюңуз.

Тескери чакырык, же мамлекетке каршы кадам болдубу?

Байкашымча Чубак ажы эки аял эмес, жети аял алса дагы кылмышын катып, жарыялабай жүрө берсе кылмыш болмок эмес экен. Ооба, бул Азиза эже менен Айтмандын пикири. Көрсө, кептин баары ошол тасмада жатыптыр. Чубак ажы эки аял алгам деген тасмасы менен элге чакырык таштап, бийликке кыр көрсөтүптүр. Ушундан улам дагы бир икая эске келет...

Илгери бир мамлекетте падыша эл иши менен жүргөн атка минерлерге эки аял алууга тыюу салат. Ал тургай бул ишти көзөмөлдөш үчүн бир канча кишиден турган көзөмөлчү топ да түзөт. Алар эл ичинде жүрүп, кайсы атка минер канча аял алганын текшерчү экен. Бир күнү эле аларга кайсы бир айылдын башкармасы эки аял алыптыр деген кабар келет. Натыйжада тигилер жетип барып суракка ала баштайт. «Эй сени эки аял алган деп атышат го?» десе башкарма: «Мени эмне кыласыңар. Тиги акимди карагылачы, ал үч аял алды» деп бурк этет. Муну уккан көзөмөлчүлөр оозунан кеби түшүп, акимди көздөй жөнөйт. «Эй аким, сен үч аял алган турбайсыңбы? Э кокуй, сен ушунтип атсаң анан катардагы айыл башкармалары кайда барат?» деп ызылдайт тигилер жетип эле. Анда аким: «Ой мен үч аял алганым чын. Бирок азыр бир эле аялым бар. Биринчиси өлүп калганда экинчисин алгам, анан ал да өлүп калганда үчүнчүсүн алгам» дейт. Муну уккан көзөмөлчүлөр кайра башкармага барып, акимдин эки аялы өлүп калгандыктан үчүнчү аял алган тура дешет. Анда башкарма кебелбей туруп: «А меники өлбөй атса эмне кылайын?» дейт имиш.

Эми бул калпы-чыны белгисиз бир икая. Бирок, икая дегениң да бекер жерден айтылбайт да. Кокус Айтманга окшогондор муну окуса «Булар биринчи аялын өлтүргүсү келет экен» деп чыгышы да мүмкүн. Бирок, маселе анда деле эмес. Маселе, атка минерлер биринчи үлгү болушу керектигинде болуп атпайбы. Болгондо да жөнөкөй атка минерге караганда жогорудагы атка минер көбүрөөк жооптуу болуп атат. Ошон үчүн башкарма «акимди карагылачы» десе тигилер дароо акимге кетип атат. А бизде кандай? Бизде бир эмес 3-4 аял алган президенттерибиз да болгон. Бир эмес, эки-үч аял алган депутаттарыбыз да бар. Губернатор, мэр, министрлерибиз да бар. Анан эле мыйзамды алар эмес, катардагы жаран бузуп, катардагы жаран мамлекетке каршы чыккан болуп калат экен. Себеби, мамлекетте «ажы», же «экс ажы» деген расмий даражалар болбогон соң, Чубак ажы катардагы эле жаран саналат эмеспи.

Токолду тренд кылсак маселе чечилчүдөй

Бүгүнкү күнү батышты туураган шумдук бир көрүнүштөр башталды. Орус эмне айтса ошону так ошондой которуп колдонмой, батыш эмне кылса ошону туурамай деген нерселер жашообузга сиңип калган. Мисалы, илгери кароолчу деген кесип бар эле. Көбүнчө абышка-кемпирлер, майыптар иштечү. А бүгүн ошол кесипти СБ деп атап койдук да бакыйган жигиттерди, болгондо да анча-мынча алдуу-күчтүүлөрүн, сымбаттууларын тандап туруп иштетип койчу болдук. Натыйжада бечара пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер (Бул деле батыштын туурама сөзү. Алар өз коомун «Майыптар коому» деп эле атап жүрөт) жумушсуз отурат. Болбосо ошол СБ дегендин милдетин буту жоктор, колу жоктор, дудуктар, дүлөйлөр деле аткарып коймок. Алар да өзүн толук кандуу жаран катары сезип, бирөөнүн көзүн карабай өз жандарын өзү бакмак. Эми бул башка маселе...

Өзүбүздүн эки аялдуулук темасына келсек деле бул жерде ошол көйгөй жаткандай. Мисалы, бүгүн экинчи аял десе эле кыз-келиндер «токол болуп каламбы» деп чалкасынан түшөт. Балким тымызын ойнош болуп жүргөндөн уялбайт, бирок «токол болот» дегенден көрө өлүп калууну артык көрөт. Менимче маселе ушул эле сөздө. Ушул сөздүн айтылышында эле. Эгер бул сөздү «токол» дебей «любимая жена» деп, же «сүйүктүү жар», «моя прелесть» деп алмаштырып көрүңүзчү, биринчи аял болуп тийе турган кыз таппай каласыз. Баары тең жөнөкөй аялы, колуктусу дегенден көрө «моя прелесть» деп аталышын каалап калмак. Батышта маселелер ушундай чечилет эмеспи, Азиза эже. Ойношчулук дебейт, жарандык нике дейт. Алып сатар дебейт, бизнезмен дейт. Компьютер уурусу дебейт, хаккер дейт. Катын эркек дебейт, гей дейт дегендей. Туурабы, Айтман?

Демек, мындан чочулаштын деле кереги жок. Жөн гана аталышын алмаштырып туруп, тренд кылып койсо, эртең укук коргоочулар кантип ошолордун укугун коргоп атканын да байкабай калат. Албетте, бул тамаша. Бирок, чындыкка жараша...