Коом

Ысык-Көл тургундарынын президентке кайрылуусу

28 ноября 2017 г. 17:45 650

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Өлкөбүздү, өзгөчө сүйүктүү көлүбүз Ысык-Көлдүн аймагын каптап келаткан экологиялык алааматка көңүл буруп, өтө чукул чара көрүшүңүздү сизден өтүнөбүз. Бул алааматтын эң негизи себептери – биологиялык ресурстардын түгөнүп баратышы, кай бир фауна жана флора түрлөрүнүн жоюлуп баратканы, көлдүн, деги эле мамлекеттин бардык аймагынын укмуштай чоң көлөмдөгү полиэтилен таштандылары менен булганышы болуп турат.

Көлдөгү балык кармоонун кескин төмөндөп кетишинин негизги себеби – бул браконьердик, адамзаттын табияттагы тең салмактуулукка тийгизген ченемсиз кесепети. Чындыгы такталган расмий эмес маалыматтар боюнча кармалган балыктын 90 пайызы сол чөнтөккө солонот. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 413 браконьерлик катталат жана бул бир гана расмий маалымат. Атайын милдеттендирилген адистер чабак өстүрүп, көлмөлөргө кое бергени менен, мыйзамсыз аңчылар алардын көбөйүп өсүшүнө үлгүртпөй келет. Эксперттердин айтуусу боюнча, балыктын көлөмү жылдан-жылга керектүү өлчөмгө жетпей калат. Андан дагы өлкөбүздө мыйзамсыз жол менен суудан алынган биоресурстарды калкка жеткирүүдө санитардык эрежелер сакталбайт, мисалы унаанын багажында базарга жеткирилет. Ошону менен бирге браконьердик жол менен кармалган биоресуртарга эч кандай ветеринардык күбөлүк да алынбайт.

Эч кандай көзөмөлсүз, салыктан тышкаркы жол менен суу биобайлыктарын түгөтүү бир эсе мамлекеттин өндүрүш коопсуздугуна доо кетирсе, бир эсе балык чарбачылыгын экономикалык жактан пайдасыздыкка алып келет. Мамлекеттик айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин жаратылыш байлыктарын коргоо жана өлчөмдүү пайдалануу департаментинен билдиришкендей, 2017-жылдын 3 кварталында эле жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү уруксатсыз жок кылган 281 учур катталган. Анткени менен табиятты бүлдүрүүдөгү көптөгөн кылмыштуу иштер ачылбаган бойдон калууда. Анан калса мыйзамдын браконьерлерди кармоо жана жазалоо бөлүгүндө да көп кемчиликтер болгондуктан, бүлдүргүчтөр аны жакшы пайдаланышат. Кыргызстанда дээрлик бардык табиятка зыян келтирүү менен кармалгандар шарттуу гана жаза алышат, же аз өлчөмдөгү айыппул менен кутулушат. 2016-жылы өлкө боюнча 12 гана киши браконьерлик менен жоопко тартылса, ошонун баары тең шарттуу жаза менен бошотулган. Маал-маалы менен жөн гана расмий отчет үчүн жана ЖМКларга чагылдырып коюу үчүн көзөмөлдөөчү органдар тарабынан текшерүүлөр жүрүп, браконьерлер менен күрөшүмүш болушат.Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында, Ысык-Көл областы боюнча өткөн үч күндүк рейдде инспекторлор 8 километрден ашык узундуктагы балык торун жок кылып, 7 браконьер кармашкан жана алар тек гана административдик айып пулга жыгылары күтүлүүдө. Негизи чакырымдарга созулган торлорду кармоо адаттагы көрүнүштөрдөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы канчалаган жылдардан бери браконьерликти жеңе албай келгенин карап туруп, балык коргоо (рыбоохрана) жааты коррупциялашкан жана ички-сырткы (Казакстан) базарлар менен иштеген уюмдашкан браконьерлердин көзөмөлүндө шугулданат го деген жыйынтыкка айла жок келесиң. Мыйзамсыз бүлдүргүчтөр балык кармоодо кытайдан өндүрүлгөн бир нече километрге созулган торлорду колдонушат. Бул торлор көптөгөн агын суулардын, көлмөлөрдүн агымына жайгашылып, тирүү жандыктын баарын чырмап калат. Мына ушул куралдын арзандыгы жана оңой табыла тургандыгы эң курч көйгөйлөрдөн. Дээрлик ар бир балыкчы дүкөнүнөн жана базарлардан ар кандай чоңдуктагы көздөрү бар, ар кандай узундуктагы торлорду сатып алууга болот. Биздин көлдөр менен агын суулар балык коруна оңбогондой зыян келтире турган синтетикадан жасалган кытай торлоруна жана электр кайрымактарына толуп кетти.

Мына ушул биологиялык ресурстардын жоголуп баратканы менен бирге, биздин сууларыбыз менен табиятыбыз үрөй учурарлык көлөмдөгү полиэтилен пакеттерине жана пластикалык идиштерге толуп барат. Чынында адамзаттын эң зыяндуу 15 табылгасынын бирөө ушул полиэтилен. Ал азыр бүткүл жер бетиндеги сууларды булгай турган эң негизги булакка айланды. Пластикалык идиштер менен полиэтилен пакеттери азыр Ысык-Көлдүн да, Кыргызстандагы башка агын суулардын да, тоолордун да туруктуу «жашоочусу» болуп калды. Илим изилдөөчүлөр учурда дүйнө жүзү боюнча 83 пайыз суутүтүктөрүнөн чыккан сууда пластиканын бөлүкчөлөрү бар экенин далилдешти. Пластик идиштеги суу толугу менен зыянсыз эмес деген маалымат бар экенине карабай, жалпы жер бети боюнча бөтөлкөлөнгөн суу колдонуу артууда. Полиэтилен буюмдары өлкөбүзгө баштан-аяк орношуп бүттү. Желим баштыктарды колдонуу жылдан-жылга көбөйүп гана барат. Такталган маалыматтар боюнча, бир гана Бишкекте бир күндө 1000 куб таштанды чыгарылса, анын 40 пайызы полиэтилен буюмдарынан турат. Орточо чоңдуктагы супермаркеттен сураганыбызда, жай айларында бир күндө болжол менен 1700 пластик бөтөлкөдөгү суусундук сатылат. Эми борбор калаабызда 100дөн ашык супермаркет бар десе, анда шаар тургундары 170 000ден ашык пластик бөтөлкө ыргытып аткан болуп атпайбы. А буларга жөнөкөй дүкөндөрдөн жана базарлардан чыккан желим бөтөлкөлөрдү кошсок, жогорудагы сан эселеп көтөрүлүп кетээри турган иш.

Деги мынча көлөмдөгү полиэтилен баштыктарын, желим бөтөлкөлөрдү жана башка колдонуудан чыккан идиштерди кайда жоготобуз? Көмсөк да, сууга же көлгө ыргытсак да, өрттөсөк да айлана-чөйрөгө зыян келтиребиз. Негизи өнүккөн өлкөлөрдө буларды кайрадан иштетүү маселеси жолго коюлган. Ал эми 40 мамлекет акырын-акырындан, же толугу менен полиэтилен буюмдарын ташып келүүгө жана колдонууга тыюу салып койду.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Жогоруда айтылган көйгөйлөрдөн улам, Ысык-Көл областынын жашоочуларынын атынан табигый суу ресурстарын жоготуп албоо жана Ысык-Көлүбүздү булгап албоо максатында сизден төмөнкүлөрдү суранабыз:

  • Суу байлыктарына аңчылык кылуучу торлордун бардык түрүн жана ар кандай электрлештирилген куралдарды (электр кайрымак) алып кирүүгө, жайылтууга жана колдонууга тыюу салууну;
  • Табиятты кайра тазалангыс ыпластыкка жеткирүүчү, жыйнап, жок кылбаса болбой турган пластикалык идиштерди алып кирүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салууну;
  • Өлкөбүздө жеткиликтүү чийки заты (кварцтык кум) бар болгондуктан, пластик идиштердин ордун толтуруу үчүн айнек идиштерди өндүрө турган жана жарандарыбыз үчүн да жумуш орду боло турган айнек завод долбоорун карап, бир жыл аралыгында курулушун баштоону суранабыз.

Биз сиздин мекенибиздин өнүгүп, гүлдөшүн камсыздай турган ушул жана мындан башка маселелердин өзөгүн түшүнөт жана сөзсүз чечүү жолдорун табат деп үмүттөнөбүз!