Экономика

Биткоин – бул келечек, «адамзаттын эң чоң табылгаларынын бири»

13 декабря 2017 г. 12:32 851

Бүгүнкү күнү бир биткоин 2450 евро турат. А мындан бир-эки ай эле мурун болгону 1000 евро болчу. Биткоинге кызыгуу бүткүл дүйнө жүзү боюнча күн санап өсүп келет. Ушундан улам ал эмнеси менен элдин бүйүрүн кызытат жана кандай иштейт деген суроо туулбай койбойт.

Биткоин криптовалютасы бүткүл жер бетине таралуусун улантууда. Бир канча жыл мурда ал болжол менен бир эле долларга барабар болсо, бүгүнкү күнү 2800 долларга жетип калды. (Бул 2017-жылдын август айындагы макала. Азыр 8000 долларга жетти. Караңыз: http://saresep.kg/article/1276/)

Мындан жети жыл мурун бир программист 25 долларлык эки питсаны 10 000 биткоинге сатып алган экен деген айтылуу уламыш бар. А азыр 10 000 биткоин 28 миллион доллар турат.

«Кейий бериштин кереги жок» дейт IT-консультант Матс Хенриксон (Mats Henricson). Ал өзүнүн алгачкы биткоиндерин жети жыл мурун сатып алган.

«Мен биткоиндеримди туш келди таратып, кофе-пофе, туз-пуз сатып ала берчүмүн. Эгер биткоини барлардын баары чогулуп алып, жабышып отура бергенде анын баасы эч качан өсмөк эмес» - дейт ал.

Александр Боттема (Alexander Bottema) — биткоин колдонуучу жана анын энтузиасты. Ал бул акча бирдигинин эч кайда жоголбой турганын байкаган соң чындап көңүл бура баштаган.

«Мен бир жолу биткоин катуу кыйроодон кийин кайра бутуна туруп кетти деген макаланы кокустан эле окуп калдым. Ошондон тартып биткоиндин артында турган технологияга тереңден үңүлө баштадым», - дейт ал.

Александр бул акча бирдигинин технологиясын жакшылап түшүнгөн соң, анын адамзат тарыхындагы интернет менен тең катар турган улуу ачылыш экенин түшүнгөн.

Биткоин деген эмне?

Биткоин криптовалютасын 2009-жылы мурда аты-жыты деле билине бербеген Satoshi Nakamoto аттуу программист, же ошондой аталыштагы прогаммисттердин тобу түзүп чыккан.

Бул акча бирдиги 2008-жылкы финансылык кризистен улам табылган. Жаңы табылган пикирдин негизги маңызы – эч кандай банк таасир бере албаган, өзүн-өзү көзөмөлдөгөн акча бирдигин түптөө болчу. Ошону менен биткоин дүйнөдөгү эң алгачкы борборлоштурулбаган валюта болуп калды.

Өз алдынча жашай берген жана эч ким эч кандай таасир бере албаган системаны түзүп чыгуу кандай укмуш! Системадагы акчаны эч кандай бийлик алып койо албайт. Эч кимди кимдир бирөөгө гана ишенүүгө мажбурлабайт. Бир гана системага ишенгениң жетиштүү.

А система дегени канчалык ишенимдүү?

Матс дагы, Александр дагы система 100 пайыз ишенимдүү деп ишендирет. Керек болсо биткоин колдонуучунун баары бир убакта өлүп калса да буга эч кандай таасир бере албайт. Биткоин кала берет жана ишин токтотпойт. Бирок, ар бир жекеликтин киберкоопсуздугу тууралуу кеп башка.

«Эл өзүнүн биткоиндерин мисалы телефонуна, же компьютерине жүктөлгөн санарип капчыгына сактайт. Албетте система ишенимдүү, бирок сиздин сыр сөзүңүздү уурдап кете турган компьютердик вирус дайыма эле чыгып калышы мүмкүн» - дейт Матс.

Анткени менен биткоиндин жасалмасын эч ким жасай албайт. Демек, сиз кокус биткоиндериңизди жоготуп алсаңыз, анда бүттү, аны эч ким колдоно албайт.

«Биткоин – бул коопсуздук куру менен жаздыгы жок автоунаага окшош. Демек, сиз капчыгыңызды сактоонун жолдорун иликтеп чыгууга даяр эмес болсоңуз, анда биткоин сатып албай эле койгонуңуз оң», - деп кеңеш берет Матс.

Биткоин кандай колдонулат?

Ар бир кишинин жеке коду болот. Системанын шарты боюнча, 21 миллиондон ашык биткоин жасалбайт. Азыркы убакта 16,5 миллион биткоин гана бар. Жана система өзү гана жаңы биткоин жасай алат.

Система блокчейн деп аталган блоктордон турган чынжырчанын негизинде курулган. Бул чынжырча системадагы бардык транзакцияларды ирети менен көзөмөлдөйт.

Блок деген эмне?

Блок транзакциялардын тизмесинен турат. Ар бир транзакция өзүнчө баланча даректен түкүнчө дарекке биткоин которулду деген маалымат сакталган файлды камтыйт.

Ар бир биткоин өзү качандыр бир кезде катышкан бардык транзакциялар тууралуу маалыматтарды алып жүрөт. Ушундан улам система таптакыр эле жашыруун (анонимдүү) дегенге болбойт. Анткени кайсы бир биткоин кайсы бир убактарда кайсы дарекке катталганын ким болбосун билип алууга болот.

Мына ушундан улам уурдалган биткоиндерди деле катып коюу өтө оор. Мисалы, бир канча сандагы биткоин төлөөнү талап кылып компьютерлерди бекитип алган WannaCry вирусунун негиздөөчүлөрү шылуундук менен жетишкен биткоиндерин чыныгы акчага айлантам деген күнү өтө чоң маселеге кабылышы мүмкүн.

Биткоиндин атагы эмне үчүн күн санап артып баратат?

Биткоиндин күн санап жайылып баратышынын негизги себеби, бүткүл дүйнөнүн учурдагы туруксуз абалы болсо керек.

«Менимче биткоиндин атагы акча бирдигинин наркы төмөндөп бараткан аймактарда айрыкча көтөрүлүп баратса керек. Мисалы, Венесуэлада. Себеби андай жерлерде биткоин жеке байлыгын сактоонун бир жолу катары өзүнө тартат эмеспи», - дейт Матс.

Матс дагы, Александр дагы биткоинди алтынга салыштырат. Бир гана айрыма - алтын акча сактоонун эң ыңгайсыз ыкмасы болсо, биткоин өтө ыңгайлуусу. Анткени ал виртуалдуу байлык жана аны бир жактан бир жакка которуу өтө оңой.

«Мен мисалы биткоиндеримди Япониядан сатып алганымда он секунд өтүп-өтпөй алар менин капчыгыма түшүп калды. Болбосо акчаны банк аркылуу которуу деген тим эле аягы жок маселе эмеспи», - дейт Матс.

Бул базарга бутуна туруп калгандар гана келет

Биткоин акча сактоонун эң эффективдүү ыкмасы экенин жеке адамдар эле байкаган жок. Бул акча бирдигинин наркы ушунча тез көтөрүлгөнүнүн дагы бир себеби, фонддор менен ишканалар да өздөрүнө биткоин ачтыра баштаганында.

«Алар биткоин акча сактоонун башка жолдорундай эмес экенин байкашты. Мисалы, биткоиндин наркы акциянын, кыймылсыз мүлктүн, баалуу кагаздардын, алтындын же күмүштүн баасы өзгөргөн сайын өзгөрө бербейт», - дейт Матс.

Андан сырткары кай бир өтө бардар жашаган кишилер да байлыгынын 10 пайызын биткоинге өткөргөнүн ачык эле жарыялашты. Мисал катары миллиардер Майк Новогратсты (Mike Novogratz) айтсак болот. Ал эми биткоинге талап күчөгөн сайын, анын баасы да көтөрүлөөрү турган кеп.

Япония өкмөтү биткоинди расмий түрдө төлөөчү каражат катары кабыл алды. Александрдын ою боюнча, бул биткоинге ишенимди ого бетер арттырды. Жана бул окуя анын наркынын өсүшүнө да таасир этти деп ойлойт ал.

Келечек криптовалютанын колундабы?

Негизи биткоинден башка деле виртуалдык акчалар бар.

«Эч кандай жаңылык киргизбей турган көптөгөн көчүрмөлөр деле бар. Андан сырткары атаандаштар да бар. Бирок, алардын көпчүлүгүндө кандайдыр бир өзүнө гана ишенүүнү талап кылган негиздөөчү турат. Биткоиндин уникалдуулугу мына ушул жагында», - дейт Александр.

Системага дагы жаңы жаңылоолор киргизилген соң биткоин башка атаандаштарынан чукул арада суурулуп чыгат деп эсептешет эксперттер.

«Жакында биткоинди нары-бери которуу алда канча оңой, алда канча эффективдүү болуп калат. Биткоинди дүйнө жүзүнө жеткирген төлөм каражаты кыла турган микротөлөмдөрдү жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болот», - дейт Александр.

Кофе сатып алуунун кереги жок

Бүгүнкү күнү бир акча которуу үчүн 3 доллардай керек. Мындай шарт менен кофе сатып алгың келбеси турган иш. Себеби транзакциянын акысы эле ошол кофенин кунуна тете болуп кетет. Транзакциянын баасы канча акча жибергениңе карабай өзгөрүүсүз турат.

«Мен келечек биткоиндики экенине аябай ишенем. Мына керек болсо биткоинди кадимкидей төлөм каражаты катары кабыл алган жер азыр да бар. Эми микротөлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлсө мындай жерлер дагы көбөйөт деп ойлойм», - деп пикирин билдирди Матс.

Сиз биткоиндүү болгуңуз келеби?

Эми сиз биткоиндин келечеги кең экенине ишенген соң, өзүңүз дагы бул оюнга кошулууну каалайт болушуңуз керек. Андай болсо, жакшы билишиңиз керек болгон бир канча нерсе бар.

«Алгач болжолдуу түрдө 100 евролук биткоин эле сатып алыңыз. Андан кийин капчыгыңызды бэкаптап, анан аны өчүрүп, анан кайра жүктөгөн соң биткоиндериңизди бэкаптын жардамы менен кайтарып алыңыз. Эгер буларды ийгиликтүү аткара алсаңыз, анда биткоинге ээлик кылуу сиздин колуңуздан келет», - дейт Матс.

Анткени менен бардык байлыгыңызды биткоинге которуп салуунун кереги жок. Бул өтө опурталдуу. Кокус жоготуп алсаңыз кыйналып калбагыдай эле көлөмдө кармаганыңыз оң.

Себеби, биткоин бир кездерде өзүнүн терс жактарын да көргөзүп койгон. Июль айынын орто ченинде анын наркы 500 долларга чейин түшүп кеткен эле. Бирок, азыр (2017-жыл, август) ушул макала жазылып аткан учурда эле ал 1910 долларлык наркынан 2800 долларга чейин көтөрүлдү.

Негизи биткоиндин наркын ушул жерден байкап турсаңыз болот.

Биткоиндин наркы буга чейин 3000 доллардан такыр өткөн эмес. Бир жолу гана 12-июнда кыска убакка көтөрүлүп, кайра тез эле түшкөн. Эми болсо анын наркы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп эле баратат.

Төлөмдү биткоин менен алыңыз

Кокус атайылап биткоин сатып алгыңыз келбесе, анда ага жетүүнүн дагы бир жолу бар.

«Мындайда мен биткоин менен төлөгүдөй кылып кандайдыр бир кызмат көрсөтүп, же бир нерсе сатып баштамакмын. Менимче бул биткоинге жетүүнүн эң жөнөкөй жолу», - дейт Александр.

Анын айтуусу боюнча, эгер элдин баары каражатын биткоин менен сактап, алтындан баш тарта баштаса, анда анын наркы укмуштай көтөрүлөт. Азыркы учурда дүйнөдөгү бардык алтын казынасынын жалпы баасы болжол менен 2 000 миллиард, же 2 триллион евро турат.
Демек, ошол 2 триллион еврону бир убактарда базарга чыга турган 21 миллион биткоинге бөлсөңүз, анда бир биткоиндин баасы 95 000 евродон өйдө турат.

Эми сиз келечек биткоиндики экенине ишенесизби?

Макс Рантакангас (Max Rantakangas)

http://inosmi.ru/economic/20170803/239971107.html