Экономика

Биткоин: жасалма дүрбөлөңбү же технологиялык төңкөрүшпү?

13 декабря 2017 г. 12:30 884

Биткоиндин наркы тынымсыз өсүп келет. 21-ноябрда ал 8000 долларлык символдуу чегин жырып өттү. Ушундан улам Лоран Гайяр бул технологиялык төңкөрүштү жана анын профессионалдык чөйрө менен катардагы калкка тийгизе турган таасирлерин анализдеп чыккан.

Биткоиндин акылга сыйбачудай өсүшү токтоюн дегидей эмес. Аталган аты эле биржа менен ЖМКларда чуру-чуу салган виртуалдык акчанын наркы 21-ноябрда 8000 долларлык тарыхий чегин жырып өттү. Болбосо кечээки июнь айында эле 3000 долларды көргөзүп турган. Эгер 2010-жылы бир биткоиндин баасы болгону бир доллар турса, анда анын бүгүнкү баасы чынында таң калаарлык. Бирок 2011-2013-жылдардагы кескин төмөндөп, андан кийин да бир канча жолу теңселип турганын да унутууга болбос. Бирок, а-бу дегенибиз менен, 2017-жылдын башынан тартып көтөрүлө баштаган таңкалаарлык өсүшүнүн 8000 долларлык символикалык чегин ашышы санарипчиликке ишенгендердин ишеничин ого бетер бекемдеп, буюрса миллионер болобуз деген үмүтүн ого бетер чыңап таштады. А башкалар болсо тескерисинче, адаттагыдай эле жасалма көптүрүлгөн ишеним жарылат деп, же мунун баары биткоин курсунун ылдый-өйдө термелип турушун көзөмөлдөгөн 70 чактыдай инвестициялык фонддон турган топтун жеке каалоосу деп келишет.

А чындыгында, азыркы абал 1990-жылдары интернет өнүгө баштаган кездеги дүрбөлөңдөн анча деле айрымаланбайт. Экөөнү тең караганыбызда биз ары жаңы, ары баш адаштырып бүдөмүктөнгөн, бирок ошол эле маалда адамдын айласын кетирип кызыктырган жыргал келечекти, «жасалма жол менен алдаган шылуундардын күнү бүттү» деген ишенимди тартуулаган технологияны көрөбүз. «Интернет-көбүк» биринчи жолу 2000-жылы март айларында жарылганда түбү какшыган акырдын айланасына көптөгөн инвесторду таштап кеткен. Алардын бир аз гана бөлүгү кыска убактын ичинде дээрлик абага эле тургузуп алган абалын сактап кала алды. 1995-жылдан 2000-жылга чейинки кирешенин жалпы суммасы 145 миллиард доллар болсо, 2000-2001-жылдардагы катталган чыгашалардын суммасы 148 млрд долларды чапчыган. Кызыл кулактыктын жасалма атак-даңкы алоолонуп күйүп, жеңил баюунун кыялын ары-бери учуруп, социалдык тармактар, смартфондор, ар кайсы интернеттеги көрөпай-шөрөпайлар (жакшылыкка да, жамандыкка да жорула турган...) башында турган технологиялык төңкөрүшкө орун бошотуп берди.

Чынында мугалимден баштап жеке ишкерге, ал тургай үйүндөгү муздаткычка чейин интернетке улагысы келген мектеп окуучуларынын «планшеттердин төңкөрүшү» тууралуу айтпаганда да, акыркы эки 10 жылдыкта бир катар негизги инновациялык технологиялар күнүмдүк жашообузга чыккыс болуп отурукташып, коомчулуктан ордун таап алды. Мына ушундай эле технологиялык секирик күн сайын атагы катуулап келаткан биткоинден, кадимки турмушта жана экономикалык чөйрөдө колдонула турган «блокчейн» принциптеринин чытырман токоюн койнуна катып келаткан виртуалдык дарактан да күтүлүүдө. Деги ушул көпчүлүк анча түшүнө бербеген, биржалык жашоону дүрбөлөң түшүрүп, санаага салган криптовалюта дегендин артында эмне жатат? Жообу өтө жөнөкөй. Анын артында алгоритм бар. Бирок түшүндүрө келгенде кыйла татаал экени ортого чыгат.

2008-жылдын октябрь айында Сатоси Накамото аттуу бирөө metzdow.com сайтына өзү биткоин (bitcoin — англис тилинен алынган. Coin «тыйын» дегенди билдирсе, bit (бит) дегени машина кодундагы 0 менен 1ден турган бинардык эсептөөнүн эң төмөнкү бирдигин билдирет) деп атап алган виртуалдык валютанын принциптерин чечмелеген макала чыгарат. Атынан эле көрүнүп тургандай, биткоин дегени үчүнчү бирөө аралашпаган р2р системасы менен жүзөгө ашчу виртуалдык акча. Р2Р системасы биткоин менен жүргүзүлчү операцияларга кереги деле жок, анткени анын ордун, күнүн, убактысын жана суммасын криптографиялык түрдө каттап турган «блокчейн» аттуу математикалык алгоритмалар аткарат. Эч кандай мамлекеттик түзүмдүн, банктардын жана башка кошумча меселелердин да кереги жок. Биткоиндин негизги принциби ушундай. Эгер сиз бир ишти биткоин аркылуу интернет тармагында ишке ашырсаңыз, анда бул алыш-бериш системасы алармандын да, сатармандын да кимдиги жашыруун бойдон калаарын жүз пайыз кепилдикке алат. Блокчейн принцибин колдонгон биткоинден башка да криптовалюталар бар. Мисалы, Ether, Litecoin, Dash, Zerocoin жана Monero. Coinmarketcap.com сайтындагы 2017-жылкы көрсөтмө боюнча мындай акча бирдиктеринин саны 900гө жеткен. Көптөгөн жылдар бою санарип акча бирдиктери интернеттин тумандаган булуң-бурчтары катары, же атактуу Tor кейпиндеги жашыруун тармак катары сезилип келген. Кыскасы, кандай болгон күндө да, биткоиндин айланасында жүргөн бүгүнкү биржалык дүрбөлөң жаңы төлөмдөр менен которуулардын мурункудан да көлөмдүү жана мурункудан да башкача жүзүн көрсөтүп турат.

Анан калса блокчейн принциби бир гана интернет операциялары менен чектелбейт. Париж шаарында 7-декабрда өтө турган Blockchain Agora форумунун уюштуруучуларынын айтуусу боюнча, «блокчейн борборлоштурулбаган жана бири-бири менен тыгыз байланышкан олчойгон бухгалтердик китептерден турган операциялардын тээ башталган учурунан берки тарыхын тааныбай турган система». Бул илим изилдөө иштерине жана эсептерине да тиешелүү. Инновациялык иликтөө иштерине таандык нерсенин баары, авторлор менен окумуштуулардын кылган эмгектери мамлекеттик болобу, же жеке инсандардан турган топтор болобу, айтор ниети жаман арамтамактар уурдап кетпөөсү үчүн блокчейн системасы менен сакталып, шифрленет.

Бүгүнкү күнү биткоин «майнинг» боюнча кытайлыктар алдыда келатат. Тагыраак айтканда, бүткүл дүйнөлүк биткоин-тармагын күн-түн дебей эсептечү өтө кубаттуу «фермаларды» түзүп, жүздөгөн, миңдеген биткоиндерди айлантып жатат. Европалыктар дагы куру кол отурбай, бул көрүнүштүн потенциалдуу технологиялык жыйынтыгын өтө кылдат көзөмөлдөп турган кези.

Парижде 7-декабрда өтө турган Blockchain Agora форумунун максаты да так ушунда турат. Анда санарип экономиканын дуулдап өсүп бараткан тармагынын жеке жана расмий өкүлдөрүнүн баары чогулуп, блокчейн инновациясын профессионалдык чөйрөгө жана карапайым жарандарга тааныштыруу каралмакчы. Себеби так ушул катмардагылар жаңы технологиянын жардамы менен интернет аркылуу жеке жашоосуна аралашып кетчүлөрдөн кутулуу жолун таап, жеке маалыматтарын жана санарип инсандыгын өзү гана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот дейт уюштуруучулар.

Лоран Гайяр (Laurent Gayard)

http://inosmi.ru/economic/20171123/240828721.html