Экономика

СТРАТЕГИЯ-2040. ӨЛКӨГӨ МЫНДАЙ ДОКУМЕНТ КЕРЕКПИ? - 2

27 ноября 2017 г. 13:19 731

Мамлекет – белгилүү бир экономикалык аймакта жашаган адамдардын саясий уюму. Аны өлкөнүн өкмөтү башкарып, аймагында инсан, товар жана акчалар эркин айланып турат.

Турмушта болсо, мамлекет үстөмдүк кылган социалдык топтун (катмар, корпорация) кызыкчылыгын ишке ашырат. Эгер мындай топтор бир нече болсо,өкмөт алардын арасындагы компромиссти сактайт.

Мамлекеттин саясий стратегиясы тарыхий өнүгүүнүн белгилүү бир убагында социалдык катмарлардын балансынын өзгөрүү багытын аныктайт. Стратегиялык максаттарга жараша мамлекет коомдук тартипти сактап, жарандардын кыймылын тескеп, жеке демилгенин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Мындан сырткары коопсуздукту, мыйзамдуу эркиндикти жана жеке мүлктү коргоого алып, коомдо тигил же бул адеп-ахлактык багыттардын өнүгүүсүн кубаттайт.

Эгер мамлекеттин стратегиясы анын дүйнөдөгү позициясын бекемдесе, аны улуттук дейбиз. Тескерисинче андай болбосо, улутка каршы деп эсептелет.

Мамлекеттин экономикалык стратегиясы анын саясий стратегиясын ишке ашыруу үчүн мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүнүн артыкчылыктары менен куралдарын аныктайт. Ал мамлекеттин иш-аракеттеринин багытын жана аларды ишке ашыруу принциптерин узак мөөнөттө, эң жалпы көрүнүштө мүнөздөйт.

Мамлекеттин стратегиялык максаттарын ишке ашыруу үчүн учурдагы мөөнөттө экономикага кийлигишүүсүн экономикалык саясат аныктайт. Ал төмөнкү бири-бирине байланыштуу багыттарда ишке ашат:

- сырткы экономикалык саясат – товар жана кызматтарды экспорттоо-импорттоо, чет өлкөлүк капиталды тартуу жана капиталды сыртка чыгарып кетүүгө тиешелүү;

- институционалдык саясат – экономиканы өзгөртүүгө багытталган жаңы экономикалык, социалдык жана каржы институттарын түзүү же эскилерин жокко чыгарууга, алардын вазыйпалары менен байланыштарын өзгөртүүгө тиешелүү;

- структуралык саясат – акыркы керектөөлөр менен жалпы казынага, мамлекеттин кирешеси менен чыгашасына, экспорт менен импортко, тармактык жана регионалдык экономикалык структуралардын макроэкономикалык чен-өлчөм жаатындагы өзгөрүүлөргө тиешелүү;

- социалдык саясат – социалдык кызматтардын өнүгүүсүнө, социалдык катмарлардын кирешесин жиктөөгө, тигил же бул ишмердүүлүктү кубаттоого тиешелүү;

- инвестициялык саясат – инвестициялардын чен өлчөмүн тактоого, алардын булагына жана иштетүү булактарын аныктоого тиешелүү;

- баа бычуу саясаты – керектөө базары менен өндүрүүчүлөрдүн бааларын тескөө жаатына тиешелүү;

- каржы саясаты – мамлекеттин каржы ресурстарын калыптоого жана колдонууга, мамлекеттик бюджеттин максаттуу колдонуусун көзөмөлдөөгө тиешелүү;

- каражат-каржы саясаты – акча жүгүртүү менен насыяга тиешелүү;

- регионалдык саясат – региондордун экономикалык интеграциясына жана социалдык катмарлашуусуна тиешелүү;

- аймактык саясат – коңшу мамлекеттер менен экономикалык кызматташууга тиешелүү.

Мамлекеттин экономикалык саясаттагы багыттары бул тизмедеги тарыхий өнүгүү баскычына жараша өзгөрүп турат.

Кандай болбосун аракет максатка жеткирүүчү мерчемди же убакыт жана мейкиндиктеги аракеттердин ырааттуулугун талап кылат. Экономикалык ишмердүүлүктө мерчем ырыскы жана кирешени өндүрүү (ресурстар) жана бөлүштүрүүнүн (колдонуу) тең салмактыгын камсыздап, мамлекеттин стратегиясын ишке ашыруунун негизги куралы болуп эсептелет. Чыгаша менен кирешени байланыштырып турган мамлекеттик бюджет ушундай мерчемдин бири. Мындай пландоо байыркы мамлекеттерде да колдонулган.

Елена Ведута, Мамлекеттин стратегиясы жана экономикалык саясаты