Жорум

Эсиңе кел, айдоочу!!! МАИ КӨРБӨЙ КАЛСА ДА, ЖАН АЛГЫЧ ПЕРИШТЕ БАЙКАБАЙ КАЛБАЙТ!!!!

27 ноября 2017 г. 13:16 3906

Бийлик да, ар бир атуул да бир силкинип эсине келбесе болбой калды. Жолго чыккандан корко турган абалга келип калдык. Сен жолдо эреже сактап келе жатсаң да маңдайыңдагы, же артыңдагы, же капталыңдагы бирөө “өлүмдүн өкүлүндөй” болуп келатканына эч ким кепилдик бере албайт.

Өлкөбүздө күн сайын бир эмес, бир нече авария болуп жатканын кабарлардан тынбай угуп, көрүп келебиз. Ошого болбой эле эсибизге келе албай койдук. Ылдамдыкты азайтууну, коопсуздук курун тагынууну жөн гана МАИлер үчүн кылабыз. Ошонун баары сенин жана башкалардын коопсуздугу үчүн жасалаарын тажрыйба көрсөткөнүн да унуткандайбыз. А бирок МАИлер көрбөй калса да, жан алгыч периште байкабай калбайт!!!!
Эч ким сабак албай турган абалга келдик. Бирибиз бийликти, бирибиз права саткан айдоочу мектептерди, дагы бирөөбүз эреже сактабаган шалаакы айдоочуларды, дагы бирөөбүз болсо МАИлерди күнөөлөйбүз. Башка бирөөнүн өлүмүнө себеп болгонду мыйзам менен аяп келебиз. Эмне үчүн башка бирөөнү өлтүргөн, же майып кылган күнөөкөр айдоочуну эң аз дегенде 5-10 жыл айдоочулук укуктан ажыратпайбыз? Өз ара бири-бирин кечиришсин, чыгымдарын төлөп берсин, жаап-жашырып өз ара бүтүрүшсүн, сотко жеткирбесин, а бирок бейкүнөө жандын өлүмүн, же майып болгонун эч ким жашыра албайт эмеспи. Ошондуктан күнөөкөр айдоочуну кошумча эч өзгөрбөй турган берене менен 5-10 жыл айдоочулук укуктан ажыратыш керек. Бир же бир канча кишинин жанын, же ден соолугун алган кылмышкердин айдоочулук укугун 5-10 жылга алып койгондон жер астын-үстүн болуп кетпейт.
Чынын айтайын, жолго чыккандан корко турган абалга келип калдык. А шаар аралык таксилерге отурбай калганыма канча болду....

Тынчсызданган бир тууганыңар Толкунбек Арсен уулу...
(Нарын шаары)