Экономика

Казахстан жана Кыргызстан. Экономикадагы айрымалар

26 ноября 2017 г. 12:21 2413

Борбор Азиянын эки мамлекети – Кыргызстан менен Казакстандын – жакында башталган пикир келишпестиги чынында өтө олуттуу маселеде жатканы сырттан караган байкоочуга даана билинет. Бул жерде көйгөй экөөнүн ортосундагы экономикалык ажырымда жана ага байланышкан саясий системанын айрымасында жатат.

Чү дегенде эле кепти бул өлкөлөрдүн айрымасы салыштырууга болбой турганчалык чоң экенинен баштасак. Казакстандын калкы Кыргызстандын калкынан дээрлик 3 эсе көп болсо, аянты 13 эсе чоңдук кылат. Ал эми өлкөнүн экономикалык индикатору деп эсептелген Ички дүң өндүрүмдөгү (ИДӨ) айрыма асман менен жердей.

Казакстандын ИДӨсү Кыргызстандын ИДӨсүнөн 30 эсе жогору. Анан калса, бул айрыма тээ СССР кулаган кезде эле чоң болчу. Жаңыдан эгемендүүлүк алган жылдары эле эки өлкөнүн ортосунда 12 эселик (ошол кездин баасы менен) айрыма бар эле. Муну ким болбосун салыштырып карай алат. Алыска барбай эле Дүйнөлүк банк чогулткан World Development Indicatorsтун (WDI) маалымат казынасын карасак.

WDI - миңдеген түрдүү көрсөткүчтөрдү жандуу чагылдырган маалыматтардын олчойгон жыйындысы. Анын негизги өзгөчөлүгү, бардык өлкөлөр үчүн бирдей иштеген программа менен жыйналуусунда. Мына ушунусу менен ал ар кайсы мамлекеттердин ортосундагы айрыманы салыштырып көрүүгө өтө жакшы шарт түзүп берет. Натыйжада биз өзүбүздүн анализ үчүн анча чоң эмес, бирок өтө айкын көрсөтүлгөн жана өзүбүздү да кызыктыра турган индикаторлорду карадык.

Элдик соода жана чийки заттын дөөсү

Бул эки кошуна өлкө таптакыр өзгөчөлөнгөн экономикалык структурада калыптанган.

Кыргызстанда реалдуу экономиканын аграрлаштырылган секторунун өндүрүмүндөгү кошумча нарк үлүшү Казакстандын реалдуу экономикасына салыштырмалуу кыйла жогору.

Бирок табигый кен байлыктар басымдуулук кылган индустрия секторунда кыргыз мамлекети кыйла төмөн. Так ушул сектор көлөмдүү мамлекеттердин катарына чыккысы келген бүгүнкү казак экономикасына кеңири таасир берип келет. Чийки өндүрүмдүн эң маанилүү сыпаты – тар чөйрөдөгү кишилердин өндүрүмдүн кирешесин каалашынча бөлүштүрүп, каалаган сценарийи менен иштөөсүнө шарт түзөт.

Кыргызстанды кыймылдаткан күч болсо – соода. Өлкөнүн ИДӨсүнө кошкон салымы жагынан бул сектор Казакстандын ушул эле секторунан аябай эле жогору болуп, казак экономикасындагы индустриянын ордун басчудай даражада турат. Бул тармактын басымдуу бөлүгүн товар импорту менен кызмат көрсөтүү ээлейт. Статистикалык маалымат боюнча, бул импорт өлкөнүн ички талабын канааттандырууга багытталган. Буга мамлекеттин учурдагы төлөм эсебиндеги сальдонун минуста турушу да мисал боло алат. Бирок, Кыргызстандагы турмуштун чыныгы жүзүн караганыбызда, импорттолгон товарлар кайра эле бейрасмий жолдор менен сырткы өлкөлөргө чыгып турушу мүмкүн.

Муну ошол эле төлөм балансындагы жандуулук көргөзүп турат. Ал Орус экономикасындагы конъюнктуранын абалына аябай төп келишип калган. Сырттан которулган олчойгон суммалар КРнын өлкө тышында иштеген жарандарынын (көпчүлүгү РФда) тапкан-ташыганы эле эмес, так ошол ачык көрсөтүлбөгөн жолдор менен кеткен товарлардын акысы да болушу мүмкүн.

Бул статистика Кыргызстанда соода көмүскө багытта өнүккөнүнө карабай, өлкөдөгү базар экономикасынын «элдик мүнөзүн» көрсөтөт. Кыргызстан бүгүнкү күнү европадагы порттук шаар-хабдарына теңтайлашкан «жибек жолундагы» архипелаг сыяктуу. Мына ушунусу менен ал калктын көпчүлүк катмарына пайдасын тийгизбей иштеп, экспорттогу рыноктун олчойгон үлүшүн ээлеп келген өтө чоң инвестициялык долбоорлордон турган казак соодасынан айрымаланып турат.

Мындан сырткары Кыргызстанга агып кирген тышкы инвестициянын жандуулугу да кызыктуу. Эгемендүүлүктүн биринчи он жылындагы анын көрсөткүчү (ИДӨгө кошкон пайызы боюнча) Казакстандын статистикасында көрсөтүлгөн килейген суммалардын жанында түккө турбай калчу. Бирок, бул көрүнүш акыркы жылдары таптакыр өзгөрүп, жогорку көрсөткүч жагынан Кыргызстан алдыга озуп кеткен.

Сан жагынан алганда бул көрсөткүчтөр албетте салыштырылгыстай көрүнөт. Бирок, бул жерде баса белгилей кетчү нерсе, эч кандай деңизге чыга албаган жана ички колдонуучу базары андай деле чоң эмес өлкөнүн инвестиция тарта ала тургандай базар экономикасын түзө алышы мактоого татыйт. Ал эмес Кыргызстанды Кытайдан Евразияны карай созулган жаңы континенталдык соода багытынын чыныгы бенефициары десек да аша чапкандык болбос.

Импорттук төлөм жана чийки зат кирешеси

Эки өлкөнүн экономикалык структурасындагы өзгөчөлүгү анын бюджетине түшкөн кирешенин структурасынан көрүнүп, экөөсүнүн тең табиятын эң сонун чагылдырат.

Кыргыз өкмөтүнүн эң негизги булагы – товар менен кызмат көрсөтүүдөн түшкөн салык. Булар өлкө бюджетинин жалпы салык жыйымынын 40%нан ашыгын түзөт. Казакстанда болсо бул көрсөткүч 18%да эле. Казак мамлекетинин тышкы соодадан келген мамлекеттик кирешеси жалпы мамлекеттик кирешенин 19 пайызын түзөт. Кыргызстанда болсо бул көрсөткүч үч эсе төмөн жана анын жаратылышы башкача түзүлгөн.

Кыргызстандын бюджетине кирген негизги берене – импорттук төлөм жана дагы башка ар кандай жыйындар. Бул Кыргыз мамлекетинин салык кирешесинин 13 пайызын түзөт. Казакстанда болсо импорт төлөмүнүн жалпы мамлекеттик кирешесиндеги үлүшү болбогон бир 5 пайыз. Бул өкмөттүн сырттан товар киргизүүнү каалабаганынан эмес, аны жасай албаганынан. Себеби, импорт улуттук талаптын структурасында өзгөчө роль ойнойт жана мындагы ар кандай өзгөрүү коомчулукка тийгизген натыйжалары менен коркунучтуу. Ушундан улам Казакстандын бул үлүшү акыркы эки 10 жылдыктагы маалымат казынасына түшкөн бардык статистикалык байкоолор боюнча өзгөрүүсүз тура берген (90-жылдардагы статистика жок). Анткени менен өтө таң калычтуу бир өзгөрүү гана бар. 2011-жылы импорттон түшкөн жалпы кирешенин үлүшү эселеп көбөйүп, 16%га чейин жеткен да, кайра эле тез арада ылдыйлап, мурунку абалына түшкөн.

Казактсан бюджетин толтуруу үчүн сырткы сооданын экспорттук каналын колдонот. Экспорттук төлөм жалпы мамлекеттин кирешесинин дээрлик чейрек бөлүгүн түзөт. Сыртка сатылган товарлар жалаң эле чийки заттар десе да болот. Демек, экспорттон алынган төлөм жөн гана табияттан казылган элдик байлыкты колдонуу аркылуу табылган киреше. Бул киреше бюджетке консолидацияланган соң, анан кайра ар кандай коомдук жана саясий топторго таратылат.

Казактанга мындай ыкма салыштырмалуу жакынкы эле жылдары кирди. 2004-жылы мамлекеттик киреше структурасындагы экспорттук кирешенин үлүшү болгону 1%ды түзүп турган. Анан эле бир канча жыл маалымат жок болуп туруп (катардагы эле көрүнүш), 2010-жылы «экспорттук салыктын» үлүшү 17% болуп жатып калды. Экспорттук «рента» албетте Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери уланып келатат, бирок белгилүү бир убакка чейин ал бюджетке консолидацияланчу эмес, тек гана кредиттик система аркылуу таратылчу.

Кыргызстан болсо экспорттук төлөм деген эмне экенин деле билбейт. Сырткы соодадан түшкөн кирешенин көзгө көрүнөөрлүк бөлүгү анын транзиттик табиятынан улам бюджетке консолидацияланбайт. Анан калса, мамлекеттик кирешенин структурасындагы салыктын үлүшү Казакстандагыга караганда кыйла жогорку. Натыйжада бул консолидациялык рентага эмес, экономикалык транзакциядагы экономикалык системага чоң багыт алуу болуп саналат.

Киши капиталы жана өлкөнүн келечеги

Кыргызстандын экономикалык системасы көбүнчө киши капиталын эксплуатациялоого багытталып, анын абалына катуу байланып калган. Айлык акылар менен ушул сыяктуу жумушчуларга төлөмдөр экономикадагы жалпы чыгашанын 41 пайызын түзөт. Пайыздык салыштыруу менен караганда Казакстанга салыштырмалуу бул дээрлик 6 эсе жогору. Анткени менен бул жакта товар менен кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгашанын үлүшү да чоң.

Кызматкерлердин квалификациялык деңгээлин болсо эл аралык сертификаттарга ээ болгон фирмалардын үлүшүн көзөмөлдөгөн метрика өтө сонун көрсөтүп турат. 2002-жылы казак бизнеси бул боюнча кыргызстандык кесиптештерин ашып келген болсо, азыр абал таптакыр өзгөргөн. Азыр эл аралык сертификат алган бизнестердин үлүшү Казакстандагыга караганда Кыргыз мамлекетинде 2 эсе көп.

Киши капиталы боюнча айтсак, Кыргызстанда заманбап экономиканын шартына жараша маанилүү атаандаштык сапатка ээ болгон бир өзгөчөлүгү бар. Бул алардагы шаардыктардын дээрлик 40 пайызы Бишкек шаарында турганында. Негизи эле бул өлкө жалпы экономикасына тыгыз байланышкан бир эле мегаполистен турат.

Геополитика аралашкан энергетика

Кыргызстандын эң негизги активи – суу. Ал баарынан мурун энергиянын булагы катары маанилүү. Өлкө боюнча өндүрүлгөн электроэнергиянын 90%ы гидроэлектростанциялардан алынат.

Энергетика соодада да, саясий дипломатияда да ишке жарачу аспап болуп турган азыркы учурда Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы аны башкалар менен тең тайлаштырчу негизги күч. Ал эле эмес, суудан алынган кубат аркылуу бул өлкө электроэнергиянын нетто-экспортчусуна айланса да болот. Бирок бул азырынча жөн гана колдо турган мүмкүнчүлүк. Бул тармактагы ар бир өз алдынча кабыл алынган чечим сууну жалпы региондун байлыгы санаган кошуна мамлекеттер менен конфликтке алып келиши мүмкүн. Мына ушул жагынан алганда Кыргызстандын колундагы эң негизги куралы ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөн коркунучтуу көйгөйгө айланып калат.

Мына ушул геополитикалык коркунучтан сырткары, гидроэнергетиканы өнүктүрүү жаатында Кыргыз мамлекети түшүнүксүз инвестициялык перспективада турат. Электр кубатынын тарифи өлкө ичинде кыйла саясатташып, бийликти колдон чыгарчу күчкө айланган. Мамлекеттин ичиндеги ар кандай багыттагы саясий күчтөрдүн көптүгү да бул сооданы өтө чыңалган абалда кармап турат. Тарифтер болсо региондогу эң төмөнкү баада. Ал эмес жакынкы убактарда эле кымбаттаган баасы Казакстандыкынан 2-4 эсе төмөн. (Казакстандыкы болсо Орусияныкынан кыйла арзан).

Анткени менен өлкөдөгү абал ички түйүндөрдөгү электроэнергиянын өтө чоң көлөмдө жоголуусунан улам катаалданып барат. Адатта мындай жоготууну тармактагы тейлөө сапатынын төмөндүгүнө байланыштырып келишкени менен башка себептери да жок дегенге болбойт. (Кеп жеке чарбалар менен ишкерликке тымызын кошулуп алгандар тууралуу айтылууда). Жоготуудагы өсүш да ушуну айтып тургандай. 90-жылдардагы 16%дан башталган жоготуу, 2000-жылдардын башында 37%га жетсе, кийин кайра 24%га түшкөн.

Кыскасы мүмкүнчүлүк бар болгону менен соодалап жиберүү инициативасы жок болгону Кыргыз энергетика тармагындагы стратегиялык диллема бойдон калууда. Ички саясий фактор менен геосаясий конъюнктура инвестициялык кызыкчылыктардан жогору чыгып кетүүдө. Так ушунун айынан 2012-жылы Орусия менен биргелешип бир канча ГЭС куруу үчүн түзүлгөн долбоор үзгүлтүккө учурады. Орусиялык өкүлчүлүктөр болсо орус компаниялары учураган чыгымдарды соттошуу жолу менен өндүрүп алууну көздөп турган учуру.

Жакынкы күндөргө чейин эле совет мезгилинде курулган электрожеле структурасы Кыргызстанга өз алдынча электр менен камсыздоого жол бербей келген. Мисалы, түндүккө барчу электр энергиясы сөзсүз Казакстан аркылуу өтчү. 2015-жылы жаңы ЛЭПтердин курулушу менен Кыргыз мамлекети бул маселени чечип алды. Натыйжада, Кыргызстандан кубаттуулуктун өтө чоң жетишпестигине карабай, нарк келишпестигинин айынан Казакстандан электр алуудан баш тартты.

Эми Кыргызстан электр энергиясын бул тармакта эң кубаттуу өлкөгө айланган Тажикистандан алууну мерчемдеп турат. Бул региондогу суу байлыктарын айыл-чарба багытында иштетүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн электроэнергия багытында иштетүүнү көздөгөн мамлекеттердин ортосундагы каршылыкка алып келет.

Ал эми Казакстандын түшкөн жолу такыр башкача. Бул өлкөдө өндүрүлгөн электр кубатынын 70 пайызы көмүр жагуу аркылуу алынат. Бул структура СССР убагында эле түзүлүп, арадан ондогон жылдар өткөнүнө карабай анча маанилүү өзгөрүүгө деле учурай элек. Ал тургай анын мындан нары да өсө берүү мүмкүнчүлүгү чексиз. Албетте, аны казак өлкөсүнө ылайыктуу баада сатып ала турган кошуналары болсо.

Региондо гидроэнергетикага байланыштуу кандай инвестпроект болбосун, ал Казакстандын көмүр иштетүүсүнө зыянын тийгизгендиктен, аны көгөргөн көк бет каршылашка айлантып келет. Ушундан улам суу менен энергия көйгөйүн биргелешип чечүү маселеси Казакстан менен Кыргызстандын учурдагы иштешүүсүндөй эле тумандап турат.

Алексей Тихонов, kz.exspert