Адабият/Тарых

Эл аралык сот мусулмандарды өлтүргөн 75 жаштагы генералды өмүр бою эркинен ажыратты

26 ноября 2017 г. 11:49 1874

Мурунку Югославия боюнча эл аралык трибунал (МЮАТ) 22-ноябрда сербиялык генерал Ратко Младичке өмүр бою капаста жатуу өкүмүн чыгарды. Ага геноцид, адамзатка каршы кылмыш жана согуштук мыйзам жана салттарды бузган деген айып тагылды

Гаагадагы эл аралык сот генерал Сребренница шаарын замбирек менен аткылоону жеке өзү башкаргандыктан согуш кылмыштарына бир топ эле аралашкан деп тапкан.

МЮАТ Младичти геноцид, адамзатка каршы кылмыш, согуштук мыйзам жана салттарды бузуу жана карапайым калкка каршы торрор уюштуруу деген айыптар менен айыптады. Соттук кароодо 1995-жылы Сребренницада 8000 мусулмандын өлтүрүлүшү, 44 айга созулган Сараево курчоосунда каза тапкан миңдеген кишилер, туткундар лагериндеги мазактоолор, хорват жана мусулман тургундарына каршы террорчулук жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аскерлерин барымтага алуу тууралуу айтылган.

Жоопко тартылган төбөлдөр

1992-1995-жылдары Босния-Герцоговинадагы жарандык согушта Ратко Младич босниялык сербдердин куралдуу күчтөрүн башкарган. Ал эл аралык соттон качып жүрүп, 2011-жылы Сербияда кармалды.

МЮАТ Сребреницадагы кылмыштарга карата 20 кишиге айып такса, буга чейин алардын 15и айыпка жыгылып, бирөө акталган. Сербиянын экс-президенти Слободан Милошевич 2006-жылы Гаагада алдын-ала камакка алуу капасында өлгөн.

Младич менен бирге босниялык сербдердин мурунку лидери Родован Караджичке айып тагылып, ал 2016-жылы Гаагада 40 жыл эркинен ажыратылды. Анын берген аппеляциясы азыр сотто каралып жатат.

2010-жылы Сребренницада мусулмандарды кырууга тикелей катышкан Вуядин Попович менен Любиша Беара өмүр бою эркинен ажыратылган. Сот Попович менен Беара мусулмандарды өлтүрүү үчүн атайын тандалган сербиялык солдаттарды тескеген деген.

2009-жылы Европарламент 11-июлду “Сребреницанын курмандыктарын эскерүү күнү” деп жарыялаган. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң коркунучтуу кыргын деп табылган.

Сребренницада эмне болгон?

1993-жылдын мартынан 1995-жылдын июль айына чейин Сребренницаны Серб Республикасынын аскерлери курчап алган. 1993-жылдын апрель айында БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сребренницаны “коопсуз аймак” деп жарыялап, жеңил куралданган 600 голланд аскерин киргизген.

1995-жылы июлдун башында серб аскерлери чабуулга өтүп, “коопсуз аймакты” толугу менен ээлешкен. 8-июлда БУУ койгон голланд аскерлеринин автоунаасына ок жаадырылган. 10-июлда голланддар сербдердин башынан өйдө ок атып, аларды токтотконго аракет кылган. Акыры голланддар согуштан баш тарткан. НАТОнун учактары серб танкаларын бомбалап киргенде, сербдер голланддарды кырып салабыз деп, НАТОнун учактарын учуртпай койгон.

11-июль күнү БУУнун аскерлери жайгашкан аскердик базанын жанына 20-25 миңдей босниялык мусулман коргологон. Бир нече миңи базанын ичине кире качкан. БУУнун жана качкындардын кайрылуусунан кийин аялдардын, майда балдардын жана кары-картаңдардын Сребренницадан Тузлага чыгып кетүүсүнө уруксат берилген. Түнкү саат 10дордо 5 миң чамалуу аскери бар, 15 миңге жакын эркек мусулмандар да колоннага тизилип, Тузланы көздөй жолго чыккан.

Бирок,12-июль күнү кечке маал бул колоннага кол салынган. Мусулман аскерлер атышып, карапайым калк туш-тарапка качкан. Сребренницанын ар кайсы жеринде 10дон 65 жашка чейинки мусулман эркектер топ-тобу менен серб аскерлеринин жана полистеринин колунан өлтүрүлө баштаган.

Ал тургай куралсыз мусулмандарды кырууну серб аскерлеринен бирөө видеого тартып алган. Бул тасманы серб укук коргоочусу Наташа Кандич 2005-жылы жарыялап, натыйжада анысы Эл аралык соттун кыргын тууралуу негизги далилдеринин арасына кирген.

Кийин кыргынга кабылгандар трактор менен казылган аңдарга көмүлгөн. 2007-жылы 616 боснак мусулман көмүлгөн өтө чоң аңдар табылган. Ар кандай баамдоолор боюнча Сребренницанын айланасында 8220дан 10700гө чейин мусулман шейит болгон.

Босниядагы жарандык согушта 90%ы мусулмандардан турган 250 миң киши курман болуп, 50 миңден ашык мусулман кыз-келин зордукталып, 18 миңге жакын киши дайынсыз жоголгон. Миллиондон ашык киши өз журтунан качууга мажбур болгон. http://www.ansar.ru/analytics/nepriznannyj-genocid...

“Геноцид” дегенге БУУда Орусия каршы чыккан

2007-жылы МЮЭТ муну “геноцид кылмышы” деп аныктаган. Бирок сербиялык бир да жетекчи бул окуяны геноцид дебей, “аскердик кылмыш” деп келет.

Евробиримдиктин катуу кысыман кийин гана 2008 жана 2011-жылы Босниядагы серб республикасынын экс-президенти Радован Караджич менен Радко Младич камакка алынган.

2008-жылга чейин Караджич жасалма документ алып, Белградда ачык эле жашап жүргөн. Генерал Младичти Сербиянын түндүгүндөгү бир айылдан колго түшүрүшкөн. Экөө тең буга чейин сербдердин коопсуздук кызматы тарабынан колдоо алып келишкен. Караджич менен Младич кармалганда өлкөнүн улутчулдары катуу каршы чыгып, бир топ чаң-тополоң чыккан. Учурда серб коому бул маселеде биримдикке келе элек. Бирок 1995-жылы өлтүрүлгөн босниялык мусулмандарды 11-июль сайын эскерип туралы деген сербдер жок эмес.

МЮЭТ жана Гаагадагы Эл аралык сот Сребренницадагы кыргынды геноцид деп аныктаган. Бул окуянын 20 жылдыгында, 2015-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши геноцид катары тааныйлы деген. Британия киргизген Резолюцияда “Сребренницадагы кайгылуу окуяларды геноцид катары таануу эки тараптын элдешүүсүнө жол ачат” деп, геноцидди моюндабагандарды айыптоону сунуштаган. Башкача айтканда айыптуу тараптын тообо кылуусу биримдикке алып барып, тообо кылбагандар уялсын деген маселе коюлган. Резолюцияга каршы Орусия вето укугун колдонуп, бул документ өтпөй калган. Москва аталган резолюцияны бир тараптуу жана элдешүүгө алып барбайт деп баалаган.

Босниядагы согуш жана Сребренница кыргыны дүйнө саясаты менен мусулман башкаруучуларынын бетиндеги кара так. Бул согуш менен кыргын бүтүндөй дүйнөнүн жана жалпы мусулмандардын көз алдында болду. Кыргын узак мөөнөткө созулганы менен токтотуу иш чаралары өтө кечиккен жана жетишсиз бойдон калган.