Коом

ЭРДОГАН РЕЖИМИ ДЕҢИЗГЕ ЧӨКТҮРГӨН ҮЙ-БҮЛӨ

22 ноября 2017 г. 18:16 987

Түркиядан Грециянын Мидилли аралына өтүп, башпаанек кылам деп Эге деңизине чөгүп кеткен үй-бүлөнүн үч баласынын жансыз денеси деңиз жээгинен табылды. Мугалим ата-эне жана жаш балдарынын деңизге чөгүшү Түркияда дүйнөгө белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүленге жакын делген окуу жайларга жасалып жаткан массалык зулумдуктун бир көрүнүшү

Түркиянын Кастамону облусунда жашаган Хүсейин Маден өзү 40 жашка таяп калган физика мугалими, аялы Нур Маден болсо 36 жаштарда, башталгыч класстын мугалими болуп иштечү. Бул үй-бүлөнүн 13 жашар Надире, 10 жашар Нур аттуу эки кызы жана 7 жашар Феридун аттуу уулу бар эле.

Мамлекеттик мектепте иштеген Хүсейин Маден 2016-жылдагы 15-июль төңкөрүш аракетинен кийин чыгарылган декреттин негизинде мугалимдик кесибинен четтетилген.

Хүсейиндин да, Нур Мадендин да Фетхуллах Гүленге тиешеси бар делип, “террордук топтун мүчөсү” деген күнөө менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада экөө тең камалып, балдар жалгыз калуу коркунучу пайда болгондуктан бул үй-бүлө полициядан качып жүргөн.

Ар кайсы жерде бир жылга жакын жашынып жашаган үй-бүлөнүн үйүнө полиция бир канча жолу тинтүү жүргүзгөн. Хүсейин бул учурда кара жумушта иштеп, үй-бүлөсүн 1000 түрк лирасы (250$) менен эптеп бакканга аракет кылды. (Түркияда мындай акча 5 киши үчүн өтө аздык кылат).

Бирок, полициянын Фетхуллах Гүленге жакын мекемелерде эмгектенген ыктыярчыларына карата ырайымсыз мамилеси күн өткөн сайын күчөгөндүктөн, Хүсейин Маден колундагы акыркы акчасын колдонуп чет өлкөгө чыгып кетүүнү чечет.

Ал жумушунан четтетилгени аз келгенсип, бардык мал-мүлкү конфискация болуп, эч нерсеси калган эмес. Туугандары берген маалыматка караганда Хүсейин Маден айласыздан адам аткезчилиги менен шугулданган кишилерге байланышат. Бирок, 5 кишилик үй-бүлөсү үчүн талап кылынган сумманы табышы мүмкүн болбогондуктан досторунан карыздап тапкан акчасына өзүнүн акыркы акчасын кошуп, кайык сатып алат. Натыйжада, кайык саткан кишилерден маалымат алып, үй-бүлөсү менен Грециянын Мидилли аралына өтүп, ал жактан башпаанек суроону мерчемдейт.

ДОСУ АКЫРКЫ ТҮНДҮ АЙТЫП БЕРДИ

Карыз берген досу Хүсейин Маден менен коштошкон түндү төмөнкүдөй айтып берди:

“Багымдат намазына чейин уктабай, сүйлөшүп отурдук. Кийин чогуу намазга туруп, ал имамдык кылды. Анан уктап калганбыз. Эртең менен мени ойготту. Кийип жүргөн жынсы шымы менен көйнөгүн 10 лирага сатып алганын айткан болчу. “Такыр кетким келбейт. Бирок башка чарам да калбады. Же ал жакта таанышым болсочу. Туңгуюкка кетип жатабыз” деп кейиди. Канча акчасы бар экенин сурасам “5-6 миң лира бар. Кудайым бар” деди. Мен жашык деле киши эмесмин. Бирок эөөбүз коштошуп жатканда көз жашымды кармай алганым жок. “Акым болсо кеч” деп суранды. Бири-бирибиздин акыбызды кечтик. Кайгылуу коштоштук досум менен”.

САПАР КҮНҮ

40 жашар физика мугалими Хүсейин Маден, күз айларында тынчы кетип, толкуну күчөгөн Эге деңизине үй-бүлөсү менен сапарга аттанды.

Сапарга чыккандан кийинки туугандарына жиберген акыркы СМСи: “Жарыкты көрдүк, аралга жакындап баратабыз” деген кабар экен.

Ал СМСтен кийин 20 күн өткөн. Туугандары Хүсейин Маденди үй-бүлөсү менен качкындардын лагеринде кармалып жатса керек деп ойлошкон. Телефондору да жооп бербей жаткан эле.

Бирок, 20-ноябрь күнү Мидилли аралынын Лесвос пляжынан үч баланын жансыз денеси табылат. Бул эки кыз, бир уландын денеси болчу. Грек полициясынын берген маалыматы Маден үй-бүлөсүнүн 3 баласынын маалыматтарына дал келди. Качкындар лагеринде да Маден үй-бүлөсүнүн изи жок эле.

Балдардын денелери сууда көп жаткандыктан ДНК үлгүлөрү гана алынып, өздөрү жерге берилгени маалым болду. Туугандары Грецияга барганга аракет кылганы менен виза тоскоолдугунан али барыша элек.

ИЙГИЛИКТҮҮ МУГАЛИМ

Түркиянын Билим берүү министрлигинин раcмий сайтында Хүсейин Мадендин Түркиянын билим жана технологиялык изилдөө мекемеси (TÜBİTAK) менен алып барган долбоорлору тууралуу маалымат бар. Физика жаатында сөзгө алаарлык долбоорлор менен иштечү.

ЭМНЕГЕ ЧЕТ ӨЛКӨ?

Хүсейин Мадендин жоро-жолдошторунун берген маалыматына боюнча, кыркка эми чыкканына карабай ден-соолугу оорлошуп кеткен. Бөйрөк, боор жана көк боорунан бир канча жолу операция болгон. Эгерде полицияга кармалып темир тор артына түшсө, башка мугалим жолдошторундай эле түрмөдөгү шарттардан ден-соолугу ого бетер начарлап, өмүрү коркунучка кабылаарынан тынчсызданган. Айрыкча, аялына карата да кармоо санкция бар экенин эске алганда, 3 баласы ата-энесиз калуу ыктымалы чоң болчу.

Хүсейин Мадендин жумушсуз калышы жана мал-мүлкүнүн конфискацияланышы үй-бүлөнүн экономикалык абалын ого бетер начарлаткан. Үй-бүлөсү жашынууга аргасыз болгондуктан балдардын билим алууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ушул себептердин натыйжасында Түркияда социалдык өлүмгө дуушар болгон Мадендин үй-бүлөсү башпаанек алуу үчүн чет өлкөгө (Грецияга) жол алган...

Булак: http://aktifhaber.com/iskence/erdogan-rejiminden-kacarken-bogulan-maden-ailesinin-hikayesi-h107844.html