Коом

Нарынды өнүктүрсө болот

22 ноября 2017 г. 11:39 2497

Жакынкы эле күндөрү фейсбуук өңдүү соц тармактарда «Семетей Талас уулу Нарын облусуна губернатор болот экен» деген өңдүү имиштер тарап кетти. Ушундан улам бүгүнкү маегибизди кыргыздын жалындуу жаштарынын бири, убагында атактуу «Агым» гезитинде иштеген Семетей Талас уулу менен өткөрүүнү туура көрдүк.

- Семетей байке, соц тармактарда сизди Нарынга губернатор болот экен деген кеп жүрүп кетти. Бул кайдан чыккан сөз?

- Азыркы акчалуулар депутат болуп, акчалуулар губернатор болуп аткан учурда менин губернатор болушум баягы Сооронбай Жээнбековдун «Менин президент болуп калышым үч уктасам да түшүмө кирмек эмес» дегенине окшош. Азыр кимдин акчасы болсо ошол кызматка отуруп, депутат болуп атат. Ушул жагынан алганда менин губернатор болушум мүмкүн эместей.

- Жок, азыр жаштарды колдойбуз деген иштер болуп атпайбы. Ушул жагынан болушу мүмкүндөй көрүнүп турат...

-Ооба, бул жагынан азыр чоң чөйрөдө «Ушул баланы кызматка койсок иштеп берчүдөй, өзү түз жүргөн бала, иштечү дымагы да бар экен» деген кеп болуптур. Мына ошондон улам бул кеп тарап кетип атпайбы. Болбосо чындыгында өзүм эч кандай чуркаган жокмун. Себеби, мен Алла Тааладан «Эгер мамлекеттик кызматка барып, элдин акысына кирбей, мамлекеттин мүлкүн жебей, жооп бере алгыдай ыйман деңгээлим бар болсо анда мамлекеттик кызматты насип кыл. А эгер аркы дүйнөдө жооп бере албай калгыдай болсом, анда мага буюрбай эле кой» деп суранып келем. Мен үчүн кызмат баш оору эмес. Себеби андай кызматка барсам деле баары бир айлыкка иштейм. Айлыктан башка мамлекеттин каражатын жебей, башкаларга да жедирбегенге аракет кылмакмын.

- Бул жагын өзүңүз иликтеп көрдүңүзбү? Мисалы азыр сиздин турмушуңуз деле түптөлүп калды го. Демек, ушул абалыңыз менен губернатордун айлык акысына жашаса болобу?

- Нарындын шартында жашаса болгудай. Үй-бүлөгө кичине тирилик кыла тургандай иш ачып берип койсок, анан Нарында да өзүбүздүн менчик үйүбүз бар. Ушул жагынан алганда жашап, иштеп кетсек болчудай.

- Эми негизги суроого келсек. Кокус, Нарынга губернатор болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайт элеңиз?

- Былтыр Нарында кыш суук түшүп, натыйжада көмүр тартыштыгы пайда болду. Кымбат да сатылып атты. Карапайым калктын эсебине электр энергиясы үчүн олчойгон акча келип, төлөй албаса суукка карабай кыркып жатканда досум экөөбүз элдин камын ойлоп митингге чыктык. А быйыл болсо губернатор: «Былтыркыдай көмүр тартыштыгы болбойт, бюджеттик мекемелерге көмүр толук жеткирилди» деп атат. Эми буга ишенип туралы. Бирок азыр эле ЖМКларда «Алдын ала акчасы төлөнгөнүнө карабай мектептерге көмүр жарым эле пайыз жеткирилди» деген кабарлар чыга баштады. Мына бул коңгуроо эмеспи? Азыр Кара-Кечеден көмүр тартып келүү оңой, бирок кар оор түшкөндө ого бетер оорлошо баштайт. Мына эми араң жарымы эле келди деп атса, калган жарымы качан келет?

Негизи эле Нарын Кыргызстандын аймагынын төрттөн бир бөлүгүн ээлеген эң чоң облус. Ошондой эле ал кен байлыктары боюнча да өтө бай. Бирок, облустун 700 млн сомдук бюджетинин жарымынан көбү мамлекеттен дотацияланган эң кедей регион. Арданасың. Казыла элек жер алдындагы кен байлыктардан башка учурда иштеп аткан Нарындагы Кара-Кече көмүр кени Орто Азиядагы эң чоң көмүр кендердин бири. Андан сырткары, Торугарт-Нарын жолунан 70 км, Баетовдон 50 км алыстыкта жайгашкан, баш-аягы 24 гектардан турган, жалпы запасы 536 миң тонна келген Турук күрөң көмүр кени бар. Ал кенде «Сардар» жана «Кенч Строй» аттуу эки фирма көмүр казышат. «Сардар» Камчыбек Жолдошбаевдин койгон кишилеринин фирмасы. Быйыл ушул «Сардар» фирмасы салыктарын жакшы төлөбөгөнү үчүн лицензиясы алынып, кайра аукционго коюлуп атат. Маселе мына ушул жерде. А эмнеге ал кенди мамлекетке алып калбайт? Нарын облусу эмнеге өзүнүн атынан аукционго катыша албайт? Эмнеге эле олигархтар килейген көмүр кендерин басып алып, мамлекетке кичине салык төлөмүш болуп чиригенче байып жата бериши керек? Аукциондун баштапкы суммасы болгону 10 миң доллар экен. А эмнеге ушундай миллиондогон киреше берип аткан кен казынасы болгону 10 миң доллардан башталышы керек? Мисалы, аудиттер ошол жердеги көмүр казган фирмаларды текшерип келгенде көп учурда алардын көмүр жеп келгени далилденип калат. Буга чейин Кара-Кечеде, же дагы башка кендерде 1 млн сомдон баштап, 500 миң долларга чейинки көмүр уурдалган деген фактылар катталып эле келген. Ал эми ошол эле Кара-Кечеде жалпысынан көмүр казган 12 фирма болсо, ошонун бирөө гана мамлекетке карайт. Калган 11и баягы эле олигархтардыкы. Ушул калган 11 фирманын салыкты жаап-жашырып келгендеринин дароо лицензиясын алып, кылмыш ишин козгоп, көмүр кенин мамлекет эле иштетсе болот да!

- Негизи Турук кенинде жылына канча көмүр казылат?

- Азыр Туруктан жылына 10 миң тоннага жетпеген көмүр каздык деп коюшат. А бирок барып текшере келгенде 4-5 эсе көп казганы билинип калат. Бул алардын салыктан качып атканы. Дегеним, аз каздык кылып көрсөтүшсө салыкты дагы аз төлөшөт. Бир эле Туруктун кенинен мамлекет 1 жылда 100 млн сомго чейин пайда көрсө болот. Азыр Нарын облусунун бир жылдык көмүр муктаждыгы 44 миң тоннадан 50 миң тоннага чейин. Анын 16 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге, мектеп, оорукана дегендерге таратылат. Калганы элге сатылат. Эми ушуну мамлекет өзү иштетип, жок дегенде 30 миң тоннаны чыккан жеринен 1200 сомдон эле сатса, облус бюджетине 36 млн сом түшкөн атпайбы. Бул Нарын облусуна сатылган көмүрдөн гана түшө турчу акча. Турук көмүрүнүн Бишкекте, Чүйдө, Көлдө туруктуу кардарлары пайда боло баштады. Аларга 50 миң тонна жеткизип берүү менен көмүр сатылса мамлекет айтканымдай бир эле көмүр кенинен 100 млн сомдон ашык таза пайда көрүп жатпайбы!

Олигархтар 25 жылдан бери биздин кендерди талап-тоноп келди. Эми мамлекет кен-байлыктарды, көмүр кендерин өзүнө алчу кез келди деп ойлойм. Кендерди колго алып, 24 саат иштеген видеокамераларды коюп туруп бир тонна уурдатпай казып иштетсе болот.

- Дүйнөдө курулушту өнүгүүнүн көрсөткүчү деп коюшат. Ушундан улам Нарын шаарында курулушту жандандырса, көп кабаттуу үйлөрдү курса болобу?

- Албетте болот. Менин жиним келгени да ошол болуп атпайбы. Мисалы, азыр жол салганга тендер жарыяланса техникасы жок, бирок «откатты» өкүртө берген эзели асфальт салып көрбөгөндөр тендерди утуп алып жатышат. Нарында биринчи Ленин көчөсүнө асфальт жаңыртылганда анча-мынча бандиттер эшигинин алдына чейин асфальттатып алган. Натыйжада ал сапатсыз салынган жол жарабай калып, кайра экинчи жолу асфальт төшөштү. Бирок, буга эч ким жооп берген жок. Негизи эле тендер жарыялаганда эч бир техникасы жок бир фирма утуп алат да, ортодон жолго кетчү каражаттын 20 пайыз акчасын жеп туруп башка бир кытай фирмасына субподряд кылып берип койот. Анан ал дагы өз кирешесин алат. Ошентип жөндөн-жөн эле жолго кете турган акчанын 40 пайызы жок болуп кетет. Дагы бир кыжырды кайнаткан факты карапайым эл, кичи жана орто ишкерлер салыгын өз убагында төлөп атышат. Электр жарыгына келген эсепти кечиктирбей төлөп атышат. Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү казынага акча түшүп атат. Мына ошол элдин жонунан кайыш тилген сыяктуу чогултулган акчадан жол, мектеп жана башка социалдык обьекттилер курулуп жатат. Бирок аларга жарыяланган тендерлерди, көмүр кендерин баягы эле мэрдин, губернатордун бай тааныштары утуп алып ого бетер байып атышат. Ушул эми адилеттүүлүкпү? Жок дегенде ушул иштин баарын жолду, мектепти, суу чыгарууну, оорукананы мамлекеттик ишкана салып, көмүрдү мамлекеттик ишканалар казышса болот беле?!

Мындан сырткары, Нарында бир кирпич завод жок. Кирпичти Чүйдөн, Бишкектен ташып келүүгө туура келет. Болбосо Нарынга бир кирпич завод куруп койсо канча киши иш менен камсыз болот эле. Айтмакчы, эгерде кирпич заводу салынып, ар бир кирпичти 3 сом 30 тыйындан эле сатса дагы болгон чыгымын жаап, заводдун өзүнө дагы акча түшөт. Мисалы, өткөндө Нарынга муз аянты салынды. Андай аянтка конус түрүндөгү майда шагыл керек экен. Аны Токмоктон алып келип атышты. А негизи жанында килейген Нарын дарыя турат. Андан каалагандай шагыл чыгарсаң болот. Ири шагыл-таштарды майдалап чыгаруучу кичи заводду болгону 70 миң долларга алып келип курса болот. Ал жерден курулушка даяр бетон (готовый раствор) чыгарып берсе болот. Мына, жакын арада «Газпром» ишканасы Нарын шаарына ири спорт комплексин курганы турат. Эми ага кете турган шагыл, даяр бетонду Бишкектен ташыйбызбы?

- Буга чейинки губернаторлордун кимиси жакшы иштеди деп ойлойсуз? Кимисин өрнөк тутат элеңиз

- Буга чейинки губернаторлордон Эмил Узакбаев жакшы иштеди. Негизи Канат Муратбеков жакшы иштеди деп атышат. Бирок ал такыр болбой калган учурда келип калгандыктан косметикалык ремонт кыла коюп, оңдоп-түзөө киргизип, тартипти карап эле көзгө илинип калды. А Эмил Узакбаевдин учурунда Нарынга троллейбус келди, мончо курулду. Ал кишинин убагында Нарын шаарына үйлөр салынды. 1994-жылдары Кыргызстан өтө кыйын кырдаалда турганына карабай ошол киши бир топ көрүнүктүү иштерди кылып кеткен. Анан эми деле аны кылыш керек, муну кылыш керек деп кыйкырып атышпайбы. Кооз сөздөрдү сүйлөшүп, тилдери менен Сингапур курушат. Бирок, анын баарына акча керек да. Ошондуктан эң биринчи каражат маселесин чечип алып, анан билим берүүнү оңдош керек, саламаттыкты сактоо жагын оңдош керек, тигини оңдош керек, муну оңдош керек деп сүйлөсөк болот. Болбосо, анын баарын жасаш кайдан? Болбосо күйүп аткан социалдык көйгөйлөр толтура. Бир эле саламаттык сактоо тармагын карасак, Нарын облусу жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча республикада 1-орунда турат. Бирок сапаттуу жүрөк-кан тамырларды текшерген аппараттар жок. Томографияга түшүш үчүн жол кире коротуп Бишкекке келишет. Облус борборуна бир томография аппаратын сатып алышса элге жеңилдик эле да.

Мына азыр Нарын шаарына 5 кабаттуу, 60 батирлик үй салынып атат. Ага болжол менен 106 млн сом керектелет дейт. Эми мындай акчаны Нарын кайдан табат эле? Ошол эле кендерди мамлекеттин казынасына өткөрүп, анан жылда саткан көмүрүнөн киреше алып турсак, жок дегенде бир жылда бир үй курулмак да.

Дагы кандай ойлоруңуз бар, мисалы туризм жана башка жааттарда?

- Өрүшүбүз күтүрөгөн, мал киндиктүү аймакпыз. Агрардык продукцияларыбыз экологиялык жактан эң таза жана даамдуу. Бал, быштактарыбыз дүйнөлүк айыл-чарба өндүрүм конкурстарынан алдынкы орунду алып жатышат. Бирок тилекке каршы эт жана сүт азыктарыбызды, балыбызды, картошкабызды сыртка сата албай жатабыз. Элдин балдары болсо кыйын экен. Эсеби маселен Грузия дүйнөлүк халал стандарттын талабы менен эт комбинатын, фитосанитардык лабораториясын куруп Сауд Арабиясы баштаган араб өлкөлөрүнө эт жана бал экспорттоп атат. Ошондой эт комбинатын жана лабораторияны Нарын жергесине курууга эмнеге болбосун? Бажы биримдигин эле карап отура беребизби.

Туризм демекчи, региондо туристтерге түзүлгөн ыңгайлуу шарттар жок. Турист эң көп барган Таш-Рабат тарыхый комлексинде оңчулуктуу дарааткана жок. Анан башкасын айтып не кылабыз? Жайында жайлоого чыга турган малчылардын балдарына мектепте англис тилин күчтөп окутуш керек. Ар бир үйдүн өзүнүн котормочусу болсун. Келген туристтер тил жаатынан кыйналбасын.

Азыркы тапта Түндүк Американын, Канаданын суук жерлеринде СИП панелден жылуу үйлөр, коттеждер курулуп жатат. Бул курулуш материалынын сапаты жакшы, жеңил, арзан жана аз убакытта курулат. Маселен, бир кирпичтен салынган коттежди 100 миң долларга 2 айда араң салып бүтүрсөң, ошол эле каражатка СИП панелден 3 коттежди 1 айда толук кандуу бүтүрсө болот. Баса, бул коттеждердин чатыры күн батареясы менен жылыгандай салынса андан бетер жакшы. Мындай СИП панелден мейманкаларды салса болот. Тоо койнунда, Европанын мыкты туристтик курортторундагы коттеждердин моделиндей. Болгон шарты бар, жылуу суу, канализациясы менен. Мобу Бишкектеги Татыр, Чуңкурчак эс алуу комплекстерин жакшынакай шарты менен берип коюшту эле эл кандай агылып келип атат. Эми ошондой шарттарды Нарында деле түзсө болот да. Айтмакчы Нарында туристтер үчүн дагы мыкты мейманканалар жок. Анан шарт түзүп бербесең кардар келбейт да.

Маектешкен: Насыпбек Асанбаев