Экономика

Стратегия-2040. Өлкөгө мындай документ керекпи? - 1

21 ноября 2017 г. 16:14 789

Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн 2040-жылга чейинки стратегиясын сындагандар жана колдогондор болду. Радикалдуу пикирлердин бири: "Бизге 2040-жылга чейин стратегия жазбай эле койсун, ал кеткен соң өзүбүз жазабыз", - деп айтылды. Орто заар пикирди кармагандар: "Стратегия, Атамбаев айткандай, көбүнчөсүн ниет катары жазылган. Анда өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнүн конкреттүү көрсөткүчтөрү кереги жокпу?", - деп сурашты.

Мамлекет башчысы «Эмгек өргүүсүнө чыгып алып 2040-жылга чейинки стратегияны бүтүрөм" деп коюп, кийин эле акыркы жыйында «Стратегияны эксперттер жазды» дегени "Деги 2040-жылга чейинки стратегиянын автору ким?" - деген суроо жаратты.

Президенттин стратегиясы тууралуу талашка түшкөндөрдүн арасында, Кудайга шүгүр, "Стратегиясы жок эле өнүгөбүз" дегендер болгон жок.

Москва мамлекеттик университетинин профессору, стратегия жазуу боюнча адистешкен экономика илиминин доктору Елена Ведута "Мамлекеттин стратегиясы жана экономикалык саясаты" китебин "Баарынан мурун эффективдүү улуттук стратегия менен куралданган мамлекеттер дүйнө экономикасында алдыга суурулуп чыкканына тарых күбө" деген тезис менен баштап, өткөн кылымдын 90-жылдары Советтер Союзунун артта калганынын себеби экономикалык чабалдыктан да мурун, атаандаш өлкөлөрдүн стратегиялык жүрүштөрүн туура баалай албаганы деп айткан.

Бул илимпоз айымдын оюн туура эмес деген кыргыз жок болуш керек. Бирок дал ушу же жеке жашоосунун, же бизнесинин стратегиясын түзө албагандан запкы чеккен элдердин башында кайра эле биз келе жаткансыйбыз.

Мамлекетке карата кыргыздын позициясы өзгөчө. Айыл өкмөтүнөн "Кайдан канча каражат келип, кайсыл жакка коротулуп жатат?" - деп сурабайбыз, дароо эле президент, өкмөт жана Жогорку Кеңештен киребиз.

Мындай ала көөдөндүгүбүз туурабы же туура эмеспи, ал экинчи маселе. Андыктан, калыптанып калган мүнөзгө жараша, президенттин 2040-жылга чейинки стратегиясынан баштай берели. Балким: "Стратегия деген эмне?", "Ал канча жылга түзүлөт?", "Ниетке, же аракетке жакын мерчемби?", "Аны ким жазышы керек?" деген сыяктуу суроолорго жооп издеп жатып, үй-бүлөлүк, ишкердик жана айыл өкмөттүк стратегия түзүүгө да белсенип калабызбы, ким билет...

Өзүңдүн стратегияңды түзөөрдөн мурун коңшу өлкөлөрдүн жана дүйнөнүн күндемине таасир берген мамлекеттердин стратегияларын бир сыйра карап чыгуу өтө маанилүү дейт илимпоздор. Бул өлкөлөр жакынкы 10-15 жылда кандай кадамдарга барышы мүмкүн экенин, кайсыл регионалдык жана глобалдык долбоорлордүн үстүндө иштеп жатканын, кайсы мамлекет, же уюм менен кандай жолдордо кызматташканын билүү абзел. Үлкөн мамлекеттер башкаларга карап жол алып жатканына караганда, бизге окшогон чакан өлкө дүйнөнүн жана региондун стратегиялык жана экономикалык тенденцияларына жараша иш кылганы туура болмок.

  • Дүйнөнүн жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүү мыйзамдары объективдүү, мамлекеттин стратегиясы, артыкчылыктары жана ишке ашыруу механизмдери болсо субъективдүү мүнөзгө ээ, - дейт стратегия жазуу боюнча дасыккан Елена айым. - Ошондуктан стратегия коомдун өнүгүүсүн камсыздайт, же тескерисинче ага тоскоол болот.

Демек, Алмазбек Атамбаевдин стратегия жазып (же жаздырып) жатканы да, ага сын көз менен каралганы да туура экен да. Кимдин болбосун өлкө жана улуттун келечеги үчүн күйүт тартканы чын ыкластан болгону маанилүү.

Стратегия - жазып жаткан кишилердин экономикалык билимине жана учурдагы абалды туура баамдаганына жараша болот экен. Бул эки көрсөткүч канчалык төмөн болсо, өлкө стратегиясынын субъективдүү тарабы да артат. Башкача айтканда, ал өлкө турмушу жана дүйнөлүк реалиядан алыстайт. Андан да жаманы, элдин жана элитанын маалыматы жана тажрыйбасы аз болсо, бул субъективдүү аракеттер кийинки кадамдардын объективдүү пайдубалы катары кабыл алына баштайт экен.

Алдыда 24-ноябрда ажолугун тапшырганы менен бизди 2040ка чейин бактылуу кылам деген Алмазбек Атамбаевдин стратегиясы кандай мүнөздө экенин бирге билебиз. Бул макала сериалын өткөрүп жибербеңиз, окурман.

Бүгүнкү макалабызды 2040-жылга чейинки стратегия боюнча 15-ноябрда резиденттик резиденцияда өткөн жыйындагы эки-үч маселе менен бүтүрөлү.

Алмазбек Атамбаевдин доору Датка-Кемин жана Түндүк-Түштүк стратегиялык жол, бинестин алды бир аз да болсо ачылганы, өлкөнүн дүйнөдө позитивдүү тааныла баштаганы жагынан жаман болгон жок. Бирок бул жыйын президенттин сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигине түздөн-түз акаарат кылуу, керек болсо төңкөрүш болоорун айтуу менен да эсте калды.

Албетте, президент бул сөздөрүн "эгер..." - деген шарт менен айтты. Анткени менен, биздин укук система менен мамлекеттик кызматта арам кекиртектик канчалык даражага жеткенин дүйнө да, биз да жакшы билебиз. Ошондуктан "эгер..." - деп, шарттуу эскертүү берип жаткан киши биринчи кезекте өзү бийлик бутактарын сыйлап, өзүнүн ыйгарым укугунун сыртына чыкпашы керек эле.