Технология/Инновация

Forbes: Москва акылдуу шаарга жана каржы технологиясынын борборуна айланууда

21 ноября 2017 г. 16:03 379

Москванын жетекчилери 2010-жылдан бери акылдуу шаар долбоорун ишке ашырып келет. Бишкекте мындай аракеттер качан башталаары али белгисиз.

Москваны Сан-Франциско, Сиэтл же Лондон сыяктуу дүйнөнүн жогорку технология боюнча ири борбору деп айта албайсың. Бирок бул шаар барган сайын эң алдынкы технологияларды иштетип баштады.

Бул шаарга келгендер үчүн акылдуу технологиялар менен биргелешип кетүү оор эмес. Эл электрондук гаджеттеринен баш көтөрбөйт, киши көп жерлерде, коомдук транспорттордо акысыз Wi-Fi иштейт. Темир жол бекеттери менен аялдамаларда смартфондун батарейкасын толтуруп алса болот. Шаар тургундары жана анда иштеген компаниялар финтек (технологиялар аркылуу жеңилдетилген каржы кызматы) жана криптовалюта (санариптик акчанын түрү) сындуу алдыңкы технологияларды тез өздөштүрүүдө. Мисалы Нью-Йоркто финтек 31% колдонулса, Москва аны 35%га өздөштүргөн.

Криптовалюта да кеңири колдонулуп кирди. Investcoin 24 компаниясы шаар ичинде аларды саткан 100 банкомат орноткон. Москва ушул жылдын декабрында крипто-айдың боюнча конференция уюштуруп жатат. Бул Чыгыш Европа аймагында криптовалюта жаатында быйыл өткөрүлчү эң ири иш-чара.

2011-жылы Москва маалымат технологиялар департаментин түзүп, шаар ичиндеги IT системанын баарын борборлоштурган. Ал ишке киргенден кийин шаар үчүн товар менен кызмат сатып алуу боюнча эффективдүү система коюлган. Анын негизги максаты - жылдар бою топтолгон ири маалыматтарды анализдеп, шаардык көйгөйлөрдү туура түшүнүп, чечим чыгарууда эң акыркы жетишкендиктерди колдонуу.

Москвада мамлекеттик кызмат сунуунун электрондук системасы түзүлүп, автоматташтыруу жигердүү колдонулуп, интернет аркылуу соода кылуу кеңири тарады. Мунун баары акылдуу шаарга өтүүгө жакшы пайдубал болмокчу. 2010-жылдан бери шаардын өкмөтү бул долбоорго жыл сайын 600 млн доллар жумшап келет. Бул программа киргенден бери шаар ишканалар менен туризмден жакшы киреше таба баштады.

Москва балким миллиардер тургундар рейтингинде төмөнгө түштү, бирок магнаттардын жалпы активи 217,6 млрд долларга жетти. Дал ушул чоң капчыктардын технологияларга жумшаган инвестициялары Москваны акылдуу шаарга айлантты.

Москвалыктарды көйгөй чечүүгө тартуу

Москваны акылдуу шаарга айлантууда тургундарын шаардын жашоосуна активдүү катыштыруу үчүн киргизилген интернет платформалар негизги ролду ойногон. Москванын онлайн-порталы шаардын өкмөтү менен тургундарды байланыштырган үч негизги кызматтан турат.

"Наш город" деген онлайн арыздарды кабыл алган порталга интернет же атайын тиркемелер аркылуу кирсе болот. Тургундар өз районунан кандайдыр бир кемчиликтерди көрсө, ушул портал аркылуу арызданат. Мисалы таштандылар убагында тазаланбаса борбор шаардын тургундары "Наш город" аркылуу билдире алат.

Жигердүү жарандар талаптарынын жообун бир жума ичинде алат. Эгер маселе иш жүзүнө ашырылгандай болсо, система аны чечүү үчүн аткарылган чаралар тууралуу кабарлап турат. Азыр "Наш город" кызматынын миллиондон ашык колдонуучусу бар жана ал аркылуу эки миллиондон ашык көйгөй чечилген.

Экинчи платформа "Активный гражданин" деп аталат. Интернет жана тиркеменин жардамы менен москвалыктар коомдук транспорттун маршруттарын, ылдамдык чектөөлөрдү жана жаңы парктар сыяктуу түрдүү жаңылыктардан кабардар болушат. Бул платформаны эки миллиондон ашык киши колдонот. Анын жардамы менен 2600 сурамжылоо жүргүзүлүп, 1500 сунуш ишке ашкан.

Үчүнчү, "Growd" платформасы аркылуу шаарлыктар идеяларын жибере алат. Ага интернет порталдардын же коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу боюнча идеяларды жиберсе болот. Бул платформаны 150 миңден ашык жаран колдонот. Ал аркылуу жалпысынан 84 миң идея келип, алардын 2700ү талкууга алынчу тизмеге киргизилген. Бул платформанын натыйжасында иштелип чыккан 14 долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган.

Жогорудагы үч негизгиден сырткары майда платформаларды колдонуу да жакшы натыйжа берип келет. Мисалы атайын түзүлгөн "Моя улица" кызматы аркылуу ар кандай иш-чаралар үчүн 2,1 млн москвалык добуш берип, 1,6 млрд доллардык долбоорлор ишке ашкан. "Моя улица" программасына кирген 87 иш боюнча көчө жана аянттар элге ылайыкталып, мурункуга караганда бир топ үнөмдүү электр жарытуу системалары коюлган. Учурда ата-энелер "Московская электронная школа" долбоорунун алкагында окуу программасын түзүүгө катышууда. Анын алкагында киберкоопсуздук, блогосфера жана шахмат ойноо сыяктуу кеңири темалар талкууланган.

Акылдуу инфраструктура

Москванын жетекчилиги тургундарынын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүүдөн сырткары шаардын инфраструктурасына зор каражат жумшоодо. Шаарга аябагандай күчтүү интернет жана 4G мобилдик байланышы киргизилген. Москвалыктар шаардын жалпы Wi-Fi системасына кошула алышат. 2011-жылдан баштап эле бейтапкана жана мектеп сыяктуу негизги социалдык мекемелер автоматташтырылган системага киргизилген. Электрондук бюджет жана иш-кагаздар аркылуу бул мекемелердин иши бир топ оңолгон.

Коомдук транспортко да өзгөчө көңүл бурулган. Автобус аялдамалары коомдук транспорттун жадыбалы жана карталарды көрсөткөн сенсордук экрандар менен жабдылган. Коомдук транспорттордун акысын Apple Pay жана Samsung Pay сыяктуу системалар аркылуу төлөсө болот. Ыңгайлуу автобустук жана метрополитен маршруттарын тандоо тиркемеси да ишке кирген.

Шаардык кызматтардын бардык автоунааларынын ылдамдыгы жана күйүүчү майын сарптоосу өлчөнүп турат. Бул система аркылуу айрыкча кыш маалында чыгымдар бир топ азайган.

Москва айлана-чөйрөнү коргоо үчүн жашыл технологияларын колдонуу сунуштарын карап жаткан учуру. "Моя улица" долбоору боюнча коомдук жайларда, ортосунан бөлүнгөн жолдордун араларына жана жөө кишилер жүрчү чакан жолдордун боюна бак-дарак отургузуу каралган. Москванын парктары күн кубаты менен иштеген чырактар менен жабдылган. Кээ бир парктарда Wi-Fi маршрутизаторлору үчүн да күн кубаты колдонулат.

Келечек закымдары

Москва акылдуу шаар технологияларына каражат жумшай бермекчи. Келечекте виртуалдык жана кеңейтилген реалдуулук, жасалма интеллект, баарлашуу программалары сыяктуу алдыңкы жетишкендиктер колдонулмакчы. Муну шаардык өкмөт менен жеке менчик хай-тек компаниялары ишке ашырат.

Саясий эрк жана туура инвестиция аркылуу шаарды XXI кылымдын талаптарына жараша өзгөртсө болоорун Москванын мисалынан көрсө болот. Туура стратегия жүргүзүп, технологияларды ыңгайына жараша колдонуу аркылуу шаардык өкмөт тургундар менен кызматташып, жалпы элдин жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өз жашоочуларын бириктире алды.

Николай Кузнецов, Forbes