Коом

Дүйнө Чемпионатына катышуучу командалар аныкталды

17 ноября 2017 г. 3:52 725

Кечээ Перу-Жаңы Зеландия (2-0) беттешүү аяктаган оюн менен бирге 2018-жылы Орусияда боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катыша турган командалар толугу менен белгилүү болду.

Африка континентинен чемпионатка катышуу укугуна ээ болгон командалар:

Египет, Марокко, Нигерия, Сенегал жана Тунис:

Африкада жана тандап алуу оюндарына 53 мамлекет катышкан жана жалпы 127 матч ойнолгон ошондой эле 315 гол киргизилген. Оюн башына голдун орточо саны 2,5.

Азия тандап алуу оюндарынан кийин чемпионатка бара турган командалар:

Австралия, Иран, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея жана Япония:

Австралия географиялык жактан Азияга тиешелүү болбосо да футболдо Азия мамлекеттери менен бирге ойноп келет. Азияда тандап алуу оюндарына 46 мамлекет катышкан жана өткөн 226 беттеште голдун саны 665ке жеткен. Оюн башына орточо голдун саны 2,9.

Европадан дүйнө биринчилигине жолдомо алган командалар:

Англия, Бельгия, Германия, Дания, Исландия, Испания, Орусия, Польша, Португалия, Сербия, Франция, Хорватия, Швейцария жана Швеция:

Европада тандап алуу оюндарына 54 мамлекет катышкан. Жалпы 278 беттеш өтүп, командалар жалпы 807 гол киргизе алышкан. Оюн башына голдун орточо эсеби 2,9.

Түндүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүнөн Орусияга бара турган өлкөлөр:

Коста-Рика, Мексика жана Панама:

Түндүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүндө болгон тандап алуу оюндарына жалпысынан 35 мамлекет катышып 112 беттеште 319 гол киргизишкен. Оюн башына орточо голдун саны 2,8.

Түштүк Америка өлкөлөрүнөн чемпионатка катышуу укугуна ээ болгон командалар:

Аргентина, Бразилия, Колумбия, Перу жана Уругвай:

Түштүк Америкада тандап алуу оюндарына 10 мамлекет катышып, 90 беттеш өткөрүп 242 гол киргизилген. Оюн башына 2,7 гол киргизилген.

Океания мамлекеттеринин тандап алуу оюндарынан кийин 1 команда Түштүк Америка өлкөлөрүнөн 1 команда менен плей-офф ойнойт жана жеңишке жеткен команда дүйнөлүк чемпионатка катышуу укугуна ээ болот. Жаңы Зеландия плей-офф ойно укугуна ээ болуп Перу менен беттешип, жыйынтыгында Океаниянын өкүлдөрү чемпионатка баруу укугун жоготушкан.

Океания тандап алуу оюндарына 11 мамлекет катышкан жана 35 оюн өткөрүшүп 106 гол киргизүүгө жетишкен. Оюн башына голдун орточо саны - 3.

Омор Кыргыз, Саресептин спорт кабарчысы