Коом

​Перстер жана түрктөр. Эмне үчүн түрк бийлигинин куйругу кууш?

16 ноября 2017 г. 22:29 801

Түрк эли өздөрүнүн “кырк каракчысын” түрдүү шылтоо таап актап келди эле, барган сайын антүүгө болбой бара жатат. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат дегендей, түрк бийлигинин абийири акыры айрандай төгүлгөнү калды.

Бул “жомок” тууралуу окуганда өзубүздүн шылуундарды элестете бериңиздер. Өз өлкөңдө биргелешип жашырган уурулуктар, бир күнү дүйнө назарына былтыйып чыгып калаары ажеп эмес экен. Жакынкы жылдарда ар кандай “бизнес үчүн бейиш” деген жерлерден документтер ортого чыгып, молдосунган кишилердин кылыктары ашкере болуп келет.

Жетекчилеринин арам кекиртектиги 2013-жылдын 17/25-декабрында түрк прокурорлору менен полистери аркылуу далилденгенде түрк коому “уурдаса да укмуштай иштеп жатпайбы” деп актаган. Акыры 4 миңден ашык прокурор камалып, канча миңи жумуштан айдалып, бир тобу чет өлкөгө чыга качып, мусапырга айланды.

Арам кекиртектердин изине чөп салып, миллиондогон доллар/евро пара алып, миллиарддарды ары-бери жолдогонун ийне-жибине чейин далилдеген полистер менен прокурорлор камалганда аларды коргоп чыккан 1500төй адвокатка иш козголуп, 500дөн ашыгы капаска солонгон.

Андан бери далай суу акты дегендей, ар бир акыйкат талашкан кишини куугунтуктап жатып, Түркияда 60 миңдин тегерегиндеги кесипкөй төрт жылда түрмөгө кирди. Алардын 17 миңи кыз-келиндер. 700 бала энеси менен кошо солонсо, анын 400дөйү үч жашка чыга элек бөбөктөр. Түрк түрмөлөрү ашып-ташып батпай калгандыктан, бийлик баш кесерлерди, каракчыларды жана ууру-кескилерди мөөнөтүнөн мурун бошотууга мажбур болуп туру.

“Элдин ырыскысына тийген жок” дебегиле

Азыр Түркияда өкмөткө каяша айткан жалпыга маалымдоо каражаттары жокко эсе. Батышка тиешелүү масс-медиа түрк бийлигинин “сириялык качкындарды силерди көздөй коё берем” дегенинен коркуп, чындыкты ченеп берип калган. Ашкере секуляр журналистикага гана ажылдап үргөнгө уруксат берилген, анткени алар учурдагы динчил бийликтин тегерегине аларга нааразы диндарларды да коргологонго түртөт. Алардын аркасына жашынган бийлик секулярлардын маалыматына тырманып да койбойт.

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат демекчи, мамлекеттин аткаминерлери жапмага басып алган миллиондогон аудиториясы бар телеканалдардан “дааратыбыздан күмөнүбүз жок” деп актанат. Албетте, эмне болуп жатканын калктын баары эле билет. Ошондуктан тууган, дос, коңшу арасында “ооба, жеп атабыз, бирок элдин чөнтөгүнө кол салган жокпуз” деп актанып келет. (Бюджетке жеткизбей сүйрөп кеткен каражатты өзүнө адалдап алган биздин бийликтин эркелеринин шылтоолоруна окшоп турат ээ, окурман!) Түрк калкы “Ии, ошондой эле деп ойлодум эле” деп, көзү барган сайын кызарып бара жаткан бийлигинин назарынан мал-мүлкү менен бала-чакасын нарыраак жашырат.

Бирок иш көрсө андай эмес экен да.

АКШ менен БУУнун эрежелери боюнча Иранга эмбарго коюлган. Мунун себеби, ирандыктар атом бомбасын чыгаруучу технологияга каражат таппай калсын деп алар менен акчалай алака кылууга тыюу салыптыр.

Батыш демократиясы түрктөргө ирандыктар менен соода кылба, алар ачкадан өлсүн дебептир да көрсө. Тескерисинче, "Иран мунайынан түшкөн каражатты түрк банкына чегерип. Иран бийлигине акчалай бербегиле. Ал миллиарддаган долларлар атом бомбасына жумшалабы, башкага ушатылабы, карапайым ирандыкка эч пайдасы жок. Анын ордуна Иран тараптан алынган керектүү өндүрүм жана азык-түлүктүн тизмесине жараша баарын түрк ишкерлерден сатып алып, ирандыктарга жеткирип бергиле. Ошондо түрк ишкерлерине да, ирандык карапайым калкка да пайда болот” дептир.

Түрк бийлиги эмне кылган дебейсизби! Каражаттар банкка солонгон. Андан кийин бийликтин эң чокусунда отургандар жана бир нече министри бала-чакасы менен бирге май-талканды ашап кирген. Ал үчүн Иран тараптан өздөрүнө окшогон шылуундарды таап, банктардагы акчаларга (учурда АКШда 4-5 түрк банкка каршы далил бар) бир нерселер алынып, Иранга жеткирилди деген кагаздарды тууралашкан. Андан кийин түрк төбөлдөрү өз “акысын” омуруп калып, ирандык табакташтарына мүшөктөп алтын жана доллар/евро ташыткан. 2010-жылдын 14-декабрында Москва шаарында орус бажысы Түркиядан учуп келген төрт азери менен бир ирандыктан кармаган 14 млн доллар менен 4 млн евро ошол иран мунайынан түшкөн каражаттын бир кичине эле бөлүгү болгон.

Ошондуктан эч бир бийликтин “элге тийбей эле мобу жактан алып жатабыз” дегенине ишенбеңиз, урматтуу окурман. Сиздин жана урпактарыңыздын чөнтөгүнөн алынат, андан сырткары мамлекеттин аброю беш сомго арзыбай калат.

Эми эсептешүү заманы

Түрк бийлигинин бала-чакасына кап-кап доллар/евро ташып, жубайлары ачкан фонндорго мол жардамды агызган ирандык жигит учурда АКШнын колунда. Ал түрк бийлиги үчүн көптү билген коркунучка айланып, Ирандагы кол-кабышчысы өлүм жазасына тартылганда аргасыздан компроматтарды топтоп алып АКШнын бийлигине багынып берген деген божомол күч.

Анткени америкалык мыйзамдар боюнча адам сот менен кызматташып, ага колунан келишинче жардам берсе, күбө сапатын алып, түрмөгө отурбай калат.

Ошондуктан түрк төбөлдөрү бир АКШга барып ондогон миллиард долларга согуштук учак алып, бир Орусияга жүгүнүп, учак атып түшүргөн S-400 системаларына да миллиарддаган буйрутма берип, алапайын таппай жүргөн чагы.

АКШнын соту буга чейин эле түркиялык министр менен банкирлерге иш ачып, дүйнө боюнча издөө салган. Учурда 3000дин тегерегиндеги аудио-видео жана башка материалдар сот тарабынан далил катары таанылды. Суракка чакырылчу кишилердин тизмеси 100дөн ашты. Алардын арасында Таййип Эрдоган менен анын жубайы Эмине Эрдогандын аттары да байма-бай айтыла баштады.

Кылмышка аралашкан түрк банктары миллиарддаган айып пул төлөгөнү турат. Ал каражатты албетте, түрк бюджети төлөмөкчү. Ошентип “уурдаса да укмуштай иштеп жатат” деген түрк калкы төбөлдөрүнүн арам кекиртегинин айынан чөнтөктөрү бир топ жукарганы калды.

Мындан улам сизге кайрылам, окурман. Адепсиз, кайдыгер берген добушубуздун, элдин уулдары камалып жатканына кайыл болгонубуздун айынан капчыктагы акыркы сомду берчү күн келиши мүмкүн. Андай болбош үчүн айыл өкмөтүнөн баштап, республикалык деңгээлдеги бюджетке түшкөн жана түшпөй калган каражаттар боюнча бийлик менен эсептешүү керек. Эсептешкен жигиттер менен айымдардын аркасында туруп берүү да маанилүү.

PS. Бул материал коюлуп жатканда, АКШ сотунда иши каралып жаткан, Иран жана Түркиянын аткаминерлери менен бирге кылмышка шектелген Реза Зарраб 27-ноябрьда сот алдына шектүү эмес, күбөө катары чыгаарынын ыктымалы 100гө 90 экени айтылды. Демек түрк жарандыгы бар ирандык жаш ишкер түрк төбөлдөрүн АКШнын укуктук системасынын колуна салып берип, өзү кутулмакчы...