Адабият/Тарых

Авторитаризм - Диктатура - Тирандык. 20-кылымдан 20 сабак.

17 ноября 2017 г. 9:25 569

Бул Йель университетинин тарых профессору Тимоти Снайдердин китеби. Тармп бийликке келе элек кезде башталган китеп. Анда профессор Американын бийлиги менен элин эскерткен жана 20 сунушун берген. Трамптын тиранга айлануу ыктымалы каралган китеп 130 беттен турат. Ар бир америкалыктар окуй билиш үчүн мүмкүн болушунча жеңил тилде жазылган.

1. Алдын ала моюн сунуп албаңыз

Элита менен эл бийлигинин көзүн карап, бөрк ал дей электе эле, баш алуу пландарын сунбашы керек.

Демократиянын эки туура эмес жолго түшүп кетүү мүмкүндүгү айтылган: Биринчиси, олигархияга айлануусу. Күчтүү байлардын бийликке келүүсү же өзүнө кызмат кылган бирин эң жогорку макамга отургузуусу. Акыры материалдык мүмкүнчүлүктөр менен элди багыттап, бийликти бир адам же бир топ толугу менен алуусу. Экинчиси, демагогдун, популист лидердин элди бал тилге салып, жеке башкаруусун орнотуусу.

Ошондуктан тарыхчы профессор алдын ала моюн сунуп албагыла дейт. “Ал муну каалайт берели, муну каалабайт жабалы” - дебейсиз.

2. Демократиялык институттарды коргоо

Конституция менен аныкталган мекеме жана уюмдарды коргоо зарыл. Мисалы тиранды Конституциялык палата же. соттор токтото албайт, ошондуктан аларды сиз өз мүлкүңүздөй коруйсуз. Бул мекемедегилер эл аркасында экенин көргөндө гана элден күч алып, күчтүү боло алат.

3. Бир партиялык системадан абайлагыла

Демократияда жыкшыбы-жаманбы башка дагы партиянын болуусу тең салмактуулук үчүн өтө маанилүү. Ал бийлик өзү түзгөн жасалма партия болсо да керек. Албетте оппозициялык партия болгону жакшы. Эгер мындай партия жок болсо, өмүрүңүздө саясат жөнүндө ойлобосоңуз да, сиз партия түзүңүз. Бийликти атаандашсыз калтырбаңыз. Демократия сизге биротоло берилген белек деп ойлоп албаңыз. Балким ушул шайлоо акыркы болуп калышы мүмкүн экенин унутпаңыз.

4. Жоопкерчилик

Ар бир туура же туура эмес сөз жана ишиңиз үчүн күнөөсүз адамдар жабыр тартып, мамлекеттин келечегине балта чабылып калышы мүмкүн экенин унутпаңыз.

5. Кесип адеп-ахлагын эстен чыгарбоо

Тергөөчү, прокурор, адвокат, сот, кандай болбосун мекеменин кызматкери жана журналисттер акыйкатта бекем болушу керек. Ар бири өз кесибинин ахлагынан тайбашы шарт. Кандай болбосун тиран көрсөтмө үчүн болсо бул уюмдарга муктаж. Ал өзүнүн тирандыгын алар менен бирге курат. Ар ким өзүнүн кесиптик адебин бекем карманса, тирандын иши оорлошот.

6. Куралчан топторго көңүл буруу

Жарандар кара-күчкө ыктап, куралданып кирсе, демократиянын саналуу гана күнү калат.

7. Курал алып жүрчү кесиптин ээси болсоңуз “жок” дей алыңыз

Сизге мыйзамсыз иштерди кылуу сунушталса, “жок”деп жооп бергенге алдын ала даяр болуңуз. Тиран үчүн башкаларга каршы күч колдонуу сунушталат.

8. Көпчүлүктөй болбоңуз

Карапайым калк адашат. Аларды дароо ээрчип кетпеңиз. Адамдар үлгүгө муктаж.

9. Өз тилиңизден баш тартпаңыз

Сырттан келген сөз жана ой-пикирлерге каршы туруп, индивидуалдуу болуп, өзүңүз бойдон калыңыз. Бир гана же бир тараптуу гана маалымат булагын колдонбоңуз. Китеп окуп, тарыхтан өрнөк караңыз. Адам тилин унутуп, пропагандалык ураандар менен сүйлөп калбаңыз.

10. Акыйкатка ишенип, ага чыккынчылык кылбоо

Атайын даярдалган жалган маалымат, ушак-айыңга эмес акыйкатка ишениңиз. Сизге жакса да, жакпаса да чындыкты урматтаңыз. Акыйкаттан ажыраган адам, акыры баарынан ажырайт.

11. Изилдеңиз.

Акыйкат сөз жана пикир издеңиз. Узун макала окугандан качпаңыз. Туура маалымат таратып, туура пикир берген масс-медиага абонет болуп, же башка жолдор менен материалдык жактан болсо да аны колдоңуз. Салттуу ЖМКнын көбү тиран тарапка өтүп кетиши мүмкүн Акыйкатты сүйлөп, жалгыз калган медиа же адамга жардамдашыңыз. Акыйкатты издеңиз жана издегендерди колдоңуз.

12. Адамдык мамилелерди күчөтүңүз

Өзүңүзгө же өз тобуңузга бекинип албаңыз. Башка адам жана топтор менен байланыш түзүңүз. Коомду бөлүп-жарууга жол бербеңиз. Тирандын көбү коомду талкалап, топторду бири-бирине каршы салып, жеке бийлигин бекемдегенге өтөт.

13. Тирүү саясат

Ачуу-таттуу, ысык-суукту эл менен бирге сезиңиз. Калк менен бирге болуңуз. Мурун кирбеген жерлерге кире баштаңыз. Эл менен сүйлөшүңүз.

14. Жеке жашооңузду абайлаңыз

Жеке жашооңузга башкаларлын аралашуусунан абайлаңыз. Интернетти жоопкечиликтүү колдонгонду үйрөнүңүз. Тирандар адамдардын кемчилигин, алсыз жактарын колдонот.

15. Жакшы, туура, пайдалуу аракеттерди колдоңуз

Өзүңүз жакшы нерселерди кылышыңыз мүмкүн. Бирок аны менен чектелип калбай, жакшы иш аткарып жаткан адам жана уюмдарга жардам бериңиз. Мындай адам жана курумдар тирандын ишин оорлоштурат. Аларды таасирсиз жана кичине деп бөлбөңүз. Сиздин убактыңыз жана мүмкүнчүлүгүңүз жетпей жаткан жерге алар үлгүрүп, бара алат. Мүмкүнчүлүк болсо, мүчө болуп, убакыт болсо, иштерине катышыңыз.

16. Башка өлкөлөрдөн өрнөк караңыз

Тиранияга моюн сунуп кеткен өлкөлөрдөн сабак алыңыз. Алардын коому жана саясатчылары кантип ушул абалга келип калганын изилдеңиз.

Мисалы тарыхында авторитардык же тирандык башкарууну башынан өткөргөн мамлекеттердин эксперттери АКШда элдин сезимдерине ойногон популист Трамптын жеңээрин алдын ала билишкен. Ошол сыяктуу эле учурда тез авторитарлашып бара жаткан өлкөлөрдөн да өрнөк алса болот.

Бир тиранды кетирүү үчүн коом кандай кадамдарга барышы керек экенин башка өлкөлөрдүн жакынкы же мурунку тарыхынан билсе болот. Тиран өзүнөн өзү токтоп же өзү кетип калбайт. Же позитивдүү аракеттер менен мыйзам чегинде кетиши мүмкүн, же коомго чоң проблема алып келүү ыктымалы бар. Аларды алдын алуу жолдорун да бир сыйра карап коюу керек.

17. Бөлүп жарган сөздөрдөн абайлоо

Тиран элди бөлүп-жарып, өзгөчө топтордун пайда болуусун шарттайт. Эгер коомдун бир тобунун көңүлүн оорутсаңыз, тиранга каршы бириктире албайсыз. Ичтен жана сырттан душман издеген, аларга түрдүү ат койгон сөздөрдөн абайлаңыз.

18. Сезимдерге алдырбай бекем калуу

Тирандык элдин коркоктугуна орногон система. Чыныгы жана ойдон чыгарылган террордук аракеттерге шылтоо кылып, калктын эркиндигин чектегенге маш.

Мындай учурда эрктердин чектелишине дароо макул болбоңуз. Акыларыңыздан баш тартпаңыз, аларды коргоңуз.

Тиран террорчулукту тымызын өзү кылдырбаса да алардын натыйжасын өзүнүн жеке бийлигин орноту үчүн колдонот. Мисалы Германияда Гитлерлин диктатурасы орношуна себеп болгон “Рейхстагдын өрттөлүшү” аталган окуя чын эле болсо да, аны болочок фюрер мамлекеттин күчүн бара-бара өз колуна топтош үчүн жакшы колдонуп кеткен.

Мамлекет жана улут коркунучта деп өзгөчө абал жарыяланса да сезимге алдырбаңыз. Эң жаман сценарийлер ишке ашкан учурда да өзүңүздү жоготпой акыйкатта бекем болуп, фундаменталдуу инсандык акыларыңыздан баш тартпаңыз.

19. Мекенчилдик

Мекенчилдиктин позитивдүү сапаттарын жакшы билиңиз. Чыныгы патриот коррупцияга жол бербейт, салыктан качпайт, мээнеткеч болот. Мекенчилдик сезимин өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон адамдардан мекенин коргойт.

Бир тиранга каршы чыгам деп, өз мекениңизге душмандык кылбаңыз. Тескерисинче бардык абал жана акыбалдарда мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоңуз.

Мекен менен тиран бири-бири менен барабар эмес экенин, тиранга каршы чыгуу мекенге каршы чыгуу эмес экенин башкаларга дайыма эстетип туруңуз.

20. Эр жүрөктүк

Колуңуздан келишинче эр жүрөк болуңуз. Калктын маанилүү бөлүгү коркууга алдырганда, эркиңизди бекемдеп, эр жүрөк адамдар менен бирге болуңуз. Мекениңизге ээ чыгыңыз.

Бул 20 сунушка кыргыз жарандары дагы башка пунктарды кошуусу мүмкүн. Мисалы: Башкалар жөнүндө позитивдүү ойлонуу, келечеги бар иштерге бел байлоо. Болгон мүмкүнчүлүк менен каражатты убактылуу максаттарга коротуп салбай, узун мөөнөткө созулуп кетчү тирандык доорго да даяр болуу. Тегерегиңизден сизге жардам берчү адамдарды издештирүү, алар менен бирге систематикалык иштерди түптөөгө аракеттенүү. Окурман, Тимоти Снайдердин "Тирандык жөнүндө: 20-кылымдан 20 сабак" китебин окуп чыгып, сиз да бул принциптерди уланта аласыз...