Технология/Инновация

Бийликти титиреткен жазуучу

15 ноября 2017 г. 19:42 424

2017-жылдын 14-ноябрында «Пеппи – Узун байпак» менен «Чатырда жашаган Карлсондун» автору 110 жашка чыкмак. Бирок, жазуучу 2002-жылы, 94 жашта бул жалган менен кош айтышкан. Линдгрендин эмгектериндеги күч менен таасир балдардын аң-сезиминен, ой-кыялынан да ашып өтүп, өзү туулуп өскөн Швециянын парламентине чейин жеткен эле.

Астрид Линдгрен ЮНЭСКОнун маалыматы боюнча дүйнөдөгү китеби эң көп басылган алдыңкы 20 автордун ичинен 18-орунду камсыздап келет. Мисалы, ал атактуу Федор Достоевскийден болгону 2 орун артта турса, улуу жомокчу Ганс Христиан Андерсенге 10 орун гана жетпейт. Анткени менен чыгармалары дүйнө жүзү боюнча миллиондогон балдардын жүрөгүнөн орун алган бул жазуучу бир гана адабий чөйрөдө ийгиликке жеткен эмес. Анын атактуулугу Швециядагы коомдук талкууларда салмактуу орун алып тургандыктан, бийлик аны менен эсептешүүгө аргасыз болгон. Карьерасынын акыркы мезгилдеринде ушунчалык таасирдүүлүккө жеткендиктен, журналисттер кандай маселе болбосун, мейли ал катардагы тиш оору болобу, же дүйнө жүзүндөгү кайрымдуулук иштери болобу, биринчи анын пикирин угушчу дейт Линдгрендин чыгармачылыгы менен шугулданып, анын Швеция Улуттук китепканасындагы архивдерин жетектеп келген Лена Торнквист Sweden порталында.

Помперипосса жана Монисмания

Швед мамлекетинин салык мыйзамындагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1976-жылы өз алдынча эмгектенип келген 68 жашар жазуучу Линдгренге 102 пайыз салык төгүшү керек болгон. Линдгрен ошол кездерде бийлик бутагындагы негизги партия болгон социал-демократтардын жигердүү колдоочусу болуп, шведдик бөлүштүрүү системасын колдогонуна карабай, парламенттик шайлоого алты ай калганда Швециядагы эң чоң басылмалардын бири болгон Expressen газетасына «Помперипосса жана Монисмания» аттуу жомогун жарыялаган.

Бул жомоктун мааниси мындай эле: Помперипосса өзүнүн токойлордон, тоолордон, көлдөрдөн, анын жашоочуларынан жана өзү дайыма добуш берип келген акылман жетекчилеринен турган өлкөсүн жакшы көрчү. Себеби бул бийлик 40 жыл бою коомду жакшы жетектеп келгендиктен, Монисманиянын ар бир тургуну жакшы жашоодон өс үлүшүн ала алчу. Помперипосса өзү турмушун балдар үчүн китеп жазуу менен өткөрүп, салыктар 80 пайыз, ал тургай 83 пайызга жетсе да нааразы болчу эмес. Бирок бир күнү эле акылман жетекчилер сарайга чогулуп кеңеш куруп отуруп, аягы өтө жаман бүтө турган чечимге келишет. Эми бул тууралуу тыныгууда чай ууртап жүрүп эле эсептей калышса керек дегенден башка ой келбейт. Натыйжада алардын чечими боюнча, өз тирилигин өзү кылган Помперипосса жылына бардык салыктар жана социалдык төлөмдөрүнөн сырткары 2 млн крон тапса (буга чейин ал өзү канча табаарын да билчү эмес, себеби, жылына канча китеби сатылаарын билбейт да), мындан кийин тапканынан өзүнө 5000 крон калат экен. Иштеп тапкан 150 000 кронунун 108 000 соц-төлөмдөргө берсе, калган 1,85 млн крондун 102 пайызын салык катары бериши керек. Мына ошентип Монисманияда өз алдыңча оокат кылуу анык зыяндуу ишке айланды...

Индустриялык экономиканы изилдөө институтунун шведдик салык төлөмдөрү боюнча адиси Магнус Хенрексон өз макаласында бизнестен түшкөн кирешенин шарттуу социалдык салык көлөмүн келерки жылга чейин аныктоого мүмкүн болбогондуктан «102 пайыз» өлчөмү келип чыккан деп түшүндүргөн. «Натыйжада, бизнестен түшкөн кирешенин дароо өсүп кетиши, кийинки жылы тескерине кирип кеткен салыктын шарт этип көтөрүлүп кетишине себепкер болду», - дейт Хенрексон. Анын айтуусу боюнча, салыктын дароо көтөрүлүп кетишинин анык себебин добуш берүүчүлөрдүн аз гана бөлүгү түшүнгөнү менен, оппозиция тарап Линдгрендин окуясын учурдагы салык төлөө системасындагы адилетсиздиктин көрүнүшү катары колдонуп кеткен.

Астрид Линдгрендин «жомогу» өлкөдө ушунчалык чоң резонанс жараткандыктан, салык мыйзамын кайра кароого туура келген. «Кай бир көзөмөлдөөчүлөрдүн пикири боюнча, Линдгрендин жомогу 44 жыл бою бийликте турган социал-демократтар партиясын кийинки шайлоодо жеңилүүгө дуушар кылган», - деп кошумчалаган Хенрексон.

Эч кандай зомбулук жок

1978-жылы Линдгрен немис китеп сатуучуларынын Тынчтык Премиясын алды. Франкфуртта өткөн сыйлык тапшыруу салтанатындагы сөзүн автор өзү китептерин арнаган кичинекей адамдарга – балдарга арнады.

Линдгрен кайрылуусунда: «Чыныгы тынчтык жер шарынын эч бир жеринде жок жана балким ал эч качан болбогондуктан, ага жетүүнү максат кылууга болбойт», - дейт да, ошол кездеги көптөгөн саясатчылардын куралсыздык тууралуу аягы жок сүйлөшүүлөрүн, ар кайсы өлкөдөн келген саясатчылар «куралсыздык» дегенде өз мамлекетин эмес, башка бир мамлекетти куралсыздандыруу маселесин көтөргөнүн мисал келтирди. Ушунча согуш жылдарынан кийин адамзатты дайыма зордук-зомбулукка түртүп турган тубаса касиет барбы деген суроо коюлушу керек эле дейт жазуучу.

Коомчулукта бир нерсени түп тамырынан бери өзгөртүш үчүн баарын балдардан башташ керек дейт ал. Себеби, так ошолор келечекте өздөрү жашаган коомдо согуш болушун, же болбошун чечет. Эгер аларды зордук-зомбулук чөйрөсүндө чоңойтсоңор, анда алар чоңойгондо да ошол ыкманы колдонот. Баарынан жаманы так ошондой чөйрөдө чоңойгон балдардын бийликке келүүсү кооптуу. Чынында, балдардын ким болуп чыгаарына алардын ата-энеси жооптуу дейт ал. Линдгрен тарбиянын авторитардык ыкмасын жектеп: «Албетте, бала ата-энесин сыйлашы керек, бирок шек-күмөнсүз ата-энелер дагы баласын сыйлоосу зарыл» деген.

Анын бул кайрылуусу Германиянын да, өз мекени болгон Швециянын да көңүлүн буруп, ошол кездердеги жаза катары колдонулган шапалак чабуу ыкмасынын 1979-жылы токтошуна таасир этти дешет. Ал эми анын кайрылуусун окуган Германиядагы балдар үйүндө жашаган эки бала жашаган жеринен качып чыгып, жазуучунун Стокгольмдогу үйүнүн эшигинин алдына чейин барышкан.

Ольга Волкова, Forbes Staff

http://www.forbes.ru/forbes-woman/352731-v-gostyah...