Жорум

Э. Каптагаев: Атамбаевдин акыркы осуяттары

15 ноября 2017 г. 18:48 2062

Бүгүн акыркы аккорддордун бири ойнолууда... Политтехнологдор ошентип болжошсо керек... Ал (Атамбаев - Саресеп) бизге “бейишке алып барчу” ОСУЯТ калтырып жаткансыйт...

Ошондуктан бүгүн кызыктай стратегия боюнча Улуттук Кеңеш жыйналыптыр. Негизи ал легитимдүү болбой калганына көп болгон. Анткени бул Кеңеш башынан эле конституциялык уюм эмес болчу. Бул уюм өлкөнүн парламентиндеги саясий күчтөрдүн макулдугу жана каалоосу менен түзүлгөн. Бир нече убакыт алдыдагы өлкөнүн өнүгүү стратегиясынын бирдиктүү багытын көрүү анын максаты эле.

Кеңешке бийликтегилер менен бирге оппозициядагы партиялар, калктын түрдүү тайпаларынын кызыкчылыгын жактаган жарандык коомдун өкүлдөрү кирет деп болжонгон.

Курамы жана көздөгөн принциптери боюнча аны өлкөнүн жогорку макамындагы кишилер катышкан өкмөттүк эмес уюм десе жарашмак. Бул Кеңештин чечимдери сунуш мүнөзүндө болуп, келечекте Жогорку Кеңеш жана Өкмөттүн мерчемдери менен долбоорлорунда бекитилиши керек эле.

Эми мунун баары учурда эч кимди кызыктырбайт. Тек гана ыңгайы келгенде айтып калайын дедим.

Кептин кызыгы башкада. Стратегия – 2040 долбоорунда өлкөнүн сан жана сапаттык көрсөткүчтөрү берилгенби? Эгер мындай көрсөткүчтөр болсо, алар кайсыл объективдүү маалыматка таянган? Деги бул көрсөткүчтөргө жетүү мүмкүнбү? Же алар кепти кооздош үчүн гана асмандан алынганбы? Атамбаев өзү айткандай, спортчуларды өйдөрөөк секиртиш үчүн машыгуу учурунда көтөрүлгөн планкадайбы? Президент моюндагандай, жогоруда айтылган чектерге жетүү шарт деле эмеспи?

2013-2017-жылдар үчүн Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы боюнча берилген отчёттун жоктугу мени таң калтырып келет. Балким көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча Стратегия аткарылбаганын айтуудан уялып жатышкандыр. Стратегия аткарылган жок, ал кыйрап түштү. Мына ушундай кыска мөөнөттүк долбоор аткарылбай жатканда, 2040-жылга чейинки Стратегия тууралуу кеп кылсак болобу?

Чын-чынына келгенде, ушул жылдын аягында эмне болорун билбейбиз. Ички дүң өндүрүмдүн көрсөткүчтөрү менен бюджет да айрылып, ажырап бара жатат. Же дагы эле апендинин “20 жылда же эмир, же эшек, же мен өлөм” деген акылын колдонуп келебизби?

Балким жөн гана кооз кеп болсун үчүн, “Мына мен ушундай акылдуумун, элиме 2040-жылга чейинки долбоорду даярдап кетем. Эч ким, эч нерсе кылбай эле койсо болот. Мен чийип берген сызык менен түпө-түз кете берсеңер, жетесиңер” деген сыяктуу кеп болуп жүрбөсүн.

Бирок бул акмакчылык да. Бул: “Кайда барсаң анда бар, эмне кылсаң ошо кыл!” деген сыяктуу эле болуп жатат.

Эмилбек Каптагаев, https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=770542...