Коом

Орусияда мусулмандар 4-11-класста дин үйрөтүүнү сунушташты. Буга правословдар эмне дейт?

15 ноября 2017 г. 14:39 360

Орусия Федерациясынын мусулмандарынын диний башкармалыгы (ОФМДБ) мектептерде “Дин маданияты жана светтик этиканын негиздери” сабагын 4-класстан 11-класска чейин киргизүүнү сунуштамакчы. Бул тууралуу ОФМДБнын төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов “Москва” агенттигине билдирген.

Учурда “Дин маданияты жана светтик этиканын негиздери” бир жыл, 4-класста гана берилип келет. Мухетдиновдун айтымында бул сабакты бешинчи класска да узартып, “андан кийин орто мектептин калган класстарын камтып кетүү керек".

Ислам маданиятынын негиздерин бешинчи класста окутуу курсунун концепциясы менен китептерин келечек жылдын аягына чейин даярдап, андан кийин Минобрнаукага сунуш киргизүү мерчемделүүдө.

Мусулман диний башкармалыгы “Дин маданиятынын негиздерин” буга чейин бул предметти 1-ден 11-класска чейин киргизүүнү сунуштаган Орус православ чиркөөсү жана башка конфессиялар менен талкуулоону пландап жатат дейт Мухетдинов. ОФ бийлигине Орусиянын диндер аралык кеңеши уюштурган талкуунун натыйжасы сунушталмакчы.

“Бул маселеде Орус православ чиркөөсүнүн позициясын билүү маанилүү. Алар ушул нукта иштегенди каалайбы же мындан кийин да өз окутуу программасын гана лоббилеп, Минобрнаукага ошол пакет менен чыгабы, маселе ушунда”, - дейт Дамир Мухетдинов.

- Учурдагы окуу программасында 4-класста берилип жаткан “Дин маданияты жана светтик этика” сабагы боюнча ата-эне менен окуучу “Православ маданиятынын негиздери”, “Ислам маданиятынын негиздери”, “Иудей маданиятынын негиздери”, “Буддисттик маданияттын негиздери”, “Дүйнөлүк диндер маданиятынын негиздери”, же “Светтик этиканын негиздери” деген модулдардын бирөөсүн тандай алат.

- 2015-жылдан баштап мектеп программасына “Руханий адептүүлүк маданиятынын негиздери” каралган. Аны Минорбнаука “Дин маданияты жана светтик этиканын негиздери” сабагынын уландысы катары кигизмекчи болгон.

- 2016-жылдын аягында Орус православ чиркөөсү Минобрнаукага 1-11-класска “Диний маданияттын негиздери” курсун киргизүү сунушу менен кайрылганы билинген. Буга окшогон долбоор буга чейин Минобрнаукага киргизилген, бирок Федералдык окуу-усулдук бирикме аны менен макул болбой койгон.

Meduza project