Материалы на русском

​Макао 3:4 Кыргызстан

15 ноября 2017 г. 12:45 753

14-ноябрда футбол боюнча Азия-2019 кубогуна тандоо оюндарынын 5-турунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Макао менен беттешти. Makau Olimpic оюн талаасында болгон оюн кыргызстандыктардын 3-4 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Беттеште Антон Землянухин 2 гол, Виталий Люкс жана Мирлан Мурзаев бирден гол киргизген.

Кыргызстандын курама командасы кирген А тобундагы Индия менен Мьянманын беттешүүсү 2-2 эсебинде аяктаган. Учурда улуттук курама команда А тобунда 2-орунду ээлеп, чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгүн сактап келе жатат. Группадагы алдыңкы 2 орунду ээлеген команда Азия-2019 кубогуна катышат.

Кыргызстан 6-турда 2018-жылы 27-мартта өз талаасында Индия менен беттешмекчи.

А тобундагы упайлар:

1. Индия 13

2. Кыргызстан 7

3. Мьянма 5

4. Макао 0