Технология/Инновация

Швеция эң коопсуз жол даражасына кантип жеткен?

14 ноября 2017 г. 21:06 262

Швеция жылдык жол кырсыгы боюнча нөлдүк көрсөткүчкө аябай жакындап турган кези. 1970-жылдары жол үстүндөгү өлүм укмуштай көп катталганын карап туруп, муну чынында болуп көрбөгөндөй жетишкендик десек болот.

1997-жылы Швеция жол кырсыгынан улам пайда болгон жаракат менен өлүмдү азайтуу үчүн «Vision Zero» аттуу жол кырсыгын нөлдүк көрсөткүчкө жеткирүүчү планын кабыл алган. Ушундан улам 2000-жылдары жолдогу өлүм жарым эсе кыскарган. Жети жашка чейинки 38 өспүрүмдүн жанын алган 1970-жылга салыштырмалуу, 2012-жылы жол кырсыгынан болгону бир бала каза тапкан.

Жыл башында The Economist газетасынын адистери маалыматтарды анализдеп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен: 1970-жылдардан бери жолдогу автоуналардын саны менен алар басып өткөн жолдун узундугу эки эсеге өскөн, бирок ошол эле маалда былтыркы жылы кайтыш болгондордун саны 264 кишиге түшүп, тарыхтагы эң төмөнкү чекке жеткен. Бул Евробиримдиктеги мамлекеттерде 100 миң жанга 5,5 кишилик, ал эми АКШда 11,4 кишилик жоготууга салыштырмалуу, Швецияда (2016-жылдагы жан саны 9,903 млн) 3 киши тиерин көрсөтүп турат.

А мындай ийгиликке Швеция кантип жетишти?

Бул маселеде биз эрежелерди катаалдаштырууга эмес, тескерисинче, аларды сактоого техникалык жактан шарт түзүп берип жатабыз, - деди жол кыймылы боюнча мамлекеттик коопсуздук кызматынын адиси Маттс-Эке Белин CityLabдын навигация-аналитикалык кызматынын өкүлүнө жооп берип жатып.

Швеция ылдамтыкка жана башка критерийлерге доо кеткенине карабай, коопсуздукка басым кылуу үчүн жолдорунун түзүлүшүн кайра карап чыккан. Буга мисал катары «2+1» тибиндеги, бир тарапка эки катар унаа кетсе, каршы тарапка бир катар унаа кеткен, булардын ичинен бир катары жол кыймылынын жыштыгына жараша багытын өзгөртүп турган жол түзүмүн айтсак болот.

The Economistтин маалыматы боюнча, «Vision Zero» программасын ишке ашыруудагы алгачкы 10 жылдыкта жолдордун ушундай катарлашуусу болжол менен 145 кишинин өлүмүнүн алдын алган.

Андан сырткары, Швецияда 12,6 миң коопсуздукту эң мыкты камсыздандырган жөөчөндөр өткөөлү курган. Көпүрөлүү, күйүп өчкөн светофорлуу жана келе жаткан унаанын ылдамдыгын жайлатуучу атайын өңгүл-дөңгүлдүү өткөөлдөр. Адистердин айтуусу боюнча, ушул аракеттин натыйжасында эле жолдон жөө өтүүчү кишилердин өлүмү 5 жылда 2 эсе кыскарган.

Өлкө боюнча шаар курулушу жүргөн аймактарда жана киши көп боло турган жайларда уруксат берилген ылдамдык төмөндөтүлүп, велосипедченди унаадан коргой турган тосмолор салынды. Жолдогу өлүмдүн азайышына алкоголдук ичимдик ичип алып рулга отургандарга берилген жазанын катаалдашы дагы таасирин тийгизген.

Коопсуздуктун шведдик ыкмасы башка мамлекеттерди да кызыктырбай койгон жок. Нью-Йоркто (2017-жылга жан саны 8,406 млн) да жол кырсыгын азайтуу максатында кай бир аймактарда ылдамдыкты чектеп, кай бир аймактарда жол полициялары көзөмөлдөй турган «Vision Zero» программасын ишке киргизишти. Натыйжада шаардын көчө кесилиштериндеги коопсуздук да жогорку деңгээлге жеткен. Жолдон өткөн жөө кишилердин кырсыкка кабылуусу эң төмөнкү чекке жетип, буга чейинкиге салыштырмалуу өтө аз, тактап айтканда, 131 киши өмүрүнөн айрылган.

Эми жол кырсыгынан келип чыккан өлүмдү таптакыр жокко чыгарып, Швециянын да деңгээлин басып өтүүгө болобу деген суроо туулат. Көпчүлүк адистер болсо мындай даражага жетүүгө шоопурсуз автомобилдер жардамга келет деп айтып келишүүдө.

Швециядагы тартиптер жана айып пулдар тууралуу кошумча маалыматтар:

Ылдамдык өлчөмдөрү (Эгер кошумча белги жок болсо)

Автомобиль жана мотоциклдер үчүн:
- Эл жашаган аймактарда - 30-60 км/с
- Эл жашабаган аймактарда - 70-100 км/с
- Автомагистралдарда - 110-120 км/с

Ылдамдык өлчөмдөрү жолдун түрүнө, сапатына жана коопсуздугуна жараша айрымаланат. 130 км/с учурда Европа өлкөлөрүндөгү жеңил унаалар үчүн чектелген эң жогорку ылдамдык.

Алкоголь

Алкоголдун уруксат берилген өлчөмү 0,2 пайыз. Кокус кан курамындагы алкоголь бул чектен өтүп кетсе, анда айдоочу эркинен ажыратылып, айдоочулук күбөлүгү жокко чыгарылышы мүмкүн. (Бул кайра эле алкоголдун кандагы өлчөмүнө жараша). Ал эми жаза пулдун өлчөмү болсо айыпкердин тапкан кирешесине жараша белгиленет.

Жаш балдарды алып жүрүү

15 жашка чыга элек жана бою 135 смдан ашпаган балдар өз салмагына жараша атайын балдар үчүн чыгарылган орундуктарга отургузулушу керек. Бою 135 смдан узун келген балдар кадимки коопсуздук куру менен жүрө алат.

Салмагы 13 кгга жетпеген балдар арт жакты карап отургузулат. Кокус алдыңкы орунга жайгаштырыла турган болсо, анда коопсуздук жаздыкчасын деактивдештирүү керек. Бул шарттар аткарылбаган учурда 600 шведдик крон айыпка жыгыласыз.

Коопсуздук куру

Жүргүнчүлөр алдыда болобу, артта болобу, коопсуздук курун сөзсүз тартынышы керек. Айып пул 600 швед крону.

Телефондо сүйлөшүү

Швецияда унаада баратканда телефондук аппарат колдонууга тыюу салынбайт. Бирок, бул уруксат жол кыймылына терс таасирин тийгизбей турган шартта гана берилет. Болбосо 4000 кронго чейин айыпка жыгып коюшу мүмкүн.

Айып пул

Полиция кызматкерлери айдоочуга айып пулду бекитип гана бере алат. Айып пул чогултуу алардын милдети эмес. Мындай акчалар 2-3 аптанын ичинде банктар аркылуу гана которулушу зарыл.

Ылдамдыкты арттырууга өтө чоң айып салынат. Ылдамдыктын чегин өткөн соң уруксат бериле турган дагы бир чек болбойт. Бул, кокус көрсөтүлгөн өлчөмдөн 1 км/с катуураак айдап койсоң да айыпка жыгыласың деген сөз.

Зейнаб Мадалляль, http://inosmi.ru/world/20150102/225308328.html

(Кошумча маалыматтар башка булактан алынды)