Экономика

Уйга фитнес-треккердин эмне кереги бар?

13 ноября 2017 г. 18:55 712

«Кыргыз эзелтен мал менен жашаган эл», «мал бакканга бизден кыйын эл жок» деп келебиз. Бирок, чын-чынына келгенде мал багуунун эртели-кеч чөп чачып, түшкө маал сууга айдап койгондон башка кандай ыкмаларына жетиштик? Канткенде койдун жүнүн жумшартып, уй сүтүнүн майлуугун көбөйтсө болоорун, же канткенде тоокторду чоңураак жумуртка туудуруп ийүүнүн сырларын таба алдыкпы? Жок. А башкалар мактанбай эле, какшанбай эле укмуштарды кылып атышат. Эмесе, Европа өлкөлөрүнүн жетишкендигинен бир шиңгил назарыңыздарга сунсак...

Браяндар үч муунунан бери уй фермасына ээлик кылып келет. Бирок, саан уйларга кам көрүү буга чейин мынчалык оңой болбоптур. Себеби азыркы учурда чарба ээси өзүнүн смартфону менен уйларынын саламаттыгын, кайсынысы качан туурун фермасына орнотулган инновациялык система аркылуу автоматтык түрдө билип турат. Мындай маалыматтар ага ар бир жандыктын мойнуна бекитилген моюнтуруктагы атайын сенсордон келет.

«Бул моюнтуруктар уйлардын табити начарлаганын, же алардын ар кайсы убактагы кыймылдуулугун чагылдырып берет. Натыйжада бул маалыматтардын кайсынысы болбосун кандайдыр бир кесепеттин, уйдун же ооруга чалдыкканынын, же маанайы түшкөнүнүн белгисин берет. Ал эми бул гаджеттин негизги максаты – мына ошол алдыда боло турган көйгөйдү өтүшүп кете электе эскертүү» дейт фермер Браян Уитерап.

Мал азыктанып жатканда анын моюн булчуңдары кыймылдайт. Моюнтуруктагы датчиктер мына ошону көзөмөлгө алып, маалыматтарды зымсыз байланыш аркырлуу маалыматтык казынага жүктөйт. Моюнтурукту өндүрүүчүлөр бул системаны келечекте ээн-жайкын жайылып жүргөн уйларга да тагууну көздөшүүдө.

Глазгодогу, Стратклайд университетинин байланыш системалары боюнча кафедрасынын изилдөөчүсү Иван Андонович: «Акыркы 10 жылдагы технологиянын эволюциясы маалыматтар менен иштөөнү арзандатып, керектелүүчү кубаттуулукту азайтып, колдонуу ыңгайлуулугун арттырды. Мына ушул критерийлерден караганда эле, технологияны айыл чарбада өтө кеңири колдонууга болорун билдирет» дейт.

Роботтоштурулган саан аппараттар ар бир уйдун сүтүнүн сапатын, көлөмүн өлчөп турат. Фермерлер бул маалыматтарды малынын пайдалуулугун арттырып, асыроосун жакшыртууда колдонсо болот. Бул жана буга окшогон инновациялар Улуу Британиянын 24 чарбасында айыл-чарбанын таасирдүүлүгү менен чыйрактыгын арттырууга багытталган европалык изилдөө долбоорунун алкагында киргизилүүдө.

Айыл-чарбадагы инновациялык борбор долбоорунун менежери Фредди Рид: «Биринчи кадамыбыз - бардык маселелерди аныкташ үчүн чарбалардагы маалыматтарды чогултуп, аларда эмне болуп жатканын, эмне үчүн эффективдүүлүгү төмөн болгонун табуу жана андагы көйгөйлөрдү чечүү» деди.

Браяндын айтуусунда жаңы технологияны киргизгенден 6 айдан кийин сүттүн көлөмү 20 пайызга көбөйүп, уйлардын саламаттыгы жакшырган. Изилдөөчүлөр бардык өндүрүш бутактарындагы ушундай датчиктерден чогулган маалымат стандарттарын түзүп чыгуу аркылуу дагы чоң ийгиликке жетсе болоорун болжошууда.

Иван: «Керектүү эффектке жетип, Браян менен анын кесиптештеринин жашоосун жеңилдетиш үчүн эң алгачкы тоют берүү процессиндеги моюнтуруктардан келип түшкөн маалыматтар менен финалдык чектеги роботтоштурулган аппараттардан алынган маалыматтарды салыштыруу аркылуу жалпы маалымат казынасын түзүүгө аракет кылып жатабыз» дейт.

Денис Локтев, Euronews