Экономика

АКШ фермерлери орус дыйкандарынан жеңилгенин моюнга алды

13 ноября 2017 г. 18:53 1109

Америкалык буудайдын баасы түшүп жатат. АКШнын Буудай ассоциациясы Египеттеги өкүлчүлүгүн жапты. The Wall Street Journal (WSJ) мунун негизги себеби Орусиядагы дан азыгынын түшүмдүүлүгүндө деген.

Америкалык фермерлер “эски атаандашы Орусиядан жеңилүүгө учурады” деп жазган The Wall Street Journal.

Орусиядагы буудайдын быйылкы 83 млн тонна түшүмү “өлкөнүн айыл-чарба державасы катары кайра жаралуусун бекемдеп”, америкалык фермерлерди чегинткен. Себеби алар 2017-жылы “буга чейин болуп көрбөгөндөй” аз аянтка буудай себишкен. Орусияда түшүм жыйналып баштаганда Чикагонун соода биржасындагы баалар 25%га төмөндөп, буудайдын бир бушели (бушель = 35,2 литр) 4,19 доллар болуп калган.

“Ири инвестиция менен күчүн жоготкон рубль буга чейин дүйнөлүк буудай экспорттоочу болгон АКШдан озуп чыгууда Орусияга жардам берди” дейт WSJ. Ошондуктан Америкалык буудай ассоциациясы (U.S. Wheat Associates) буудайды эң көп сатып алган Египеттеги өкүлчүлүгүн жабууга мажбур болду.

Аты аталган уюмдун өкүлү Стив Мерсер: “Биз чындап эле бул базарда буудайдын арзандыгы боюнча Орусия менен атаандаша албай калдык” дейт.

Мындан сырткары быйыл себилген буудайдын түшүмү адаттагыдан чейрек өлчөмгө төмөн күтүлүүдө. Себеби, америкалык буудайдын мекени “Улуу өрөөндү” быйыл кургакчылык да тооруган. АКШнын Айыл-чарба министрлиги америкалык буудай быйыл дүйнө экспортунун 15%ын гана түзөт деген. Салыштырсак, 1970-жылдары анын 50%ын ээлеген болчу.

Акыркы беш жылда Орусияда буудайдын түшүмдүүлүгү 70%га арткан. АКШнын Айыл-чарба министрлиги быйыл орус буудайынын түшүмдүүлүгү АКШга караганда эки эсе жогору болот деп божомолдоп жатат.

Сактоочу жайлардын толуп калганы жана логистика көйгөйлөрү орусиялык базарда бааны төмөндөтөт дейт кээ бир аналитиктер. Ошондуктан орусиялык фермерлердин бул сезону азыраак киреше берет. Бирок азырынча “баары капчыгын толтуруп жатат” дейт орусиялык буудайды соодалаган швейцарлык Solaris Commodities SA фирмасынын директору. “Фермерлер да, соодагерлер да акча таап жатат. Бактылуу күндөр!” деп кудуңдайт ал.

Орусиянын Минсельхозунун 9-ноябрдагы маалыматы боюнча 88 млн тонна түшүм жыйылган. Былтыр гектарынан 27,9 центнер будай жыйылса, быйыл түшүмдүүлүк 32,2 центнер/гектарга чыккан. Сапаты төмөн буудайларды да эске алганда, Орусия ушуга чейин 130 млн тонна түшүм жыйнады.

Павел Козарновский, РБК

PS. Былтыр буудайдан түшкөн каражат Орусияда курал саткандан түшкөн акчага караганда көбүрөөк болгону маалымдалган – Саресеп.